bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 2
Luke 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 3 →
1
Ошол күндөрдө Рим императору Август «Бүт өлкөдө эл каттоо болсун» деген буйрук чыгарды.
2
Бул Кибрений Сирияны башкарып турган убакта болгон биринчи эл каттоо эле.
3
Ошондо каттоодон өтүш үчүн, ар ким өз шаарына барды.
4
Жусуп да Галилеядагы Назарет шаарынан Жүйүт аймагына, Дөөттүн шаары Бейт-Лехемге жөнөдү. Анткени ал Дөөт падышанын тукумунан эле.
5
Ал өзү менен убадалашып койгон кош бойлуу аялы Мариям менен бирге каттоодон өтмөкчү болду.
6
Алар Бейт-Лехемге келишкенде, Мариямдын төрөр маалы келип,
7
тун Уулун төрөдү. Аны ороп, сарайдагы акырга жаткырды, анткени мейманканада аларга орун жок болчу.
8
Ошол жерде түнкүсүн талаада түнөп малын кайтарган койчулар бар эле.
9
Күтүлбөгөн жерден аларга Теңирдин периштеси көрүнүп, Теңирдин даңкы жаркырады. Койчулар аябай коркуп кетишти.
10
Периште аларга: «Коркпогула! Мен силерге бардык адамдарды сүйүнтө турган чоң кубанычты жарыялайм.
11
Бүгүн Дөөттүн шаарында силер үчүн Куткаруучу төрөлдү. Ал – Машайак Теңир.
12
Силер аны бул белги боюнча билесиңер: жалаякка оролуп, акырда жаткан Наристени көрөсүңөр», – деди.
13
Күтүлбөгөн жерден периште менен бирге асман аскерлеринин тобу көрүнүп:
14
«Асмандагы Кудайга даңк! Жер үстүндө, Кудайга жаккан адамдар арасында тынчтык болсун», – деп, Кудайды даңкташты.
15
Периштелер асманга көтөрүлүп кеткенден кийин, койчулар бири-бирине: «Жүргүлө, Бейт-Лехемге баралы да, ал жерде эмне болгонун, Теңирдин бизге эмне жөнүндө жарыялаганын көрөлү», – дешти.
16
Алар шашылыш түрдө келишип, Мариям менен Жусупту, акырда жаткан Наристени көрүштү.
17
Аларды көрүшкөндөн кийин, бул Наристе жөнүндө уккандарын айтып беришти.
18
Ошондо угуп тургандардын бардыгы койчулардын сөздөрүнө таң калышты.
19
Мариям болсо бул сөздөрдүн бардыгын көңүлүнө түйүп, эсине сактады.
20
Койчулар көргөндөрүнүн, уккандарынын баары периштенин айтканындай болгону үчүн Кудайды даңктап, мактап, кайра кайтышты.
21
Сегиз күн болгондо, Наристени сүннөткө отургузууга мезгил жеткенде, Анын ысымын Ыйса деп коюшту. Бул ысым Наристе бойго бүтө электе эле, периште тарабынан коюлган эле.
22
Мусанын мыйзамы боюнча алардын тазалануу убагы бүткөндөн кийин, алар Ыйсаны Теңирдин алдына алып баруу үчүн, Иерусалимге алып келишти.
23
Анткени Теңирдин мыйзамында: «Сүннөткө отургузулган ар бир тун эркек бала Теңирге арналсын», – деп жазылган.
24
Алар Теңирдин мыйзамы боюнча эки бактек же эки жаш көгүчкөндү курмандыкка чалуулары керек эле.
25
Ошол убакта Иерусалимде Шымыйон деген адам жашачу. Ал Ысрайыл элинин сооронор мезгилин күтүп жүргөн, Кудайдан корккон, Ыйык Рухтун жетеги менен жашаган адил адам эле.
26
Ага Ыйык Рух тарабынан: «Теңирдин Машайагын көрмөйүнчө, өлбөйсүң», – деп алдын ала айтылган эле.
27
Ал Ыйык Рухтун жетеги менен ийбадатканага келди. Мыйзамды аткаруу үчүн, ата-энеси Наристе Ыйсаны ийбадатканага алып келишкенде,
28
Шымыйон Аны колуна алып, Кудайды даңктап, мындай деди:
29
«Эгедер Теңирим, эми Өз сөзүң боюнча Өз кулуңду тынчтык менен коё бересиң.
30
Анткени мен Сенин бардык элдердин алдында даярдаган куткарууңду,
31
бутпарастардын көзүн ача турган жарыкты,
32
Ысрайыл элиңдин даңкын көрдүм».
33
Наристе жөнүндө айтылган сөздөргө Жусуп да, Мариям да таң калды.
34
Анан Шымыйон аларга батасын берип, Наристенин энеси Мариямга: «Бул Наристе Ысрайыл жеринде көптөрдүн жыгылуусунун жана көптөрдүн жогору көтөрүлүүсүнүн, талаш-тартыштын себепкери болот. Көптөрдүн жүрөктөгү ойлору ачылат.
35
Ал эми сенин жүрөгүң тилингендей болот», – деди.
36
Ошол жерде Ашыр уруусунан чыккан Пануел кызы Анна деген карыган пайгамбар аял бар эле. Ал күйөөсү менен жети жыл гана жашаган.
37
Сексен төрт жаштагы бул жесир аял орозо кармап, сыйынып, Кудайга күнү-түнү кызмат кылып, ийбадатканадан кетчү эмес.
38
Ошол учурда ал да келип, Теңирди даңктап, Иерусалимдин эркиндикке чыгуусун күтүп жүргөндөрдүн бардыгына Ал жөнүндө айтып берди.
39
Алар Теңирдин мыйзамында көрсөтүлгөндүн бардыгын аткарышкандан кийин, Галилеядагы өздөрүнүн Назарет шаарына кайтып келишти.
40
Бала акылга толуп, руху бекемделип, чоңоё берди. Кудай Ага батасын берип жатты.
41
Жыл сайын Ыйсанын ата-энеси Иерусалимге Пасах майрамына барышчу.
42
Ыйса он эки жашка чыкканда да, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамга барышты.
43
Майрам күндөрү аяктап, үйлөрүнө кайтышканда, өспүрүм Ыйса Иерусалимде калып калды. Муну Жусуп да, Анын энеси да байкаган жок.
44
Аны башкалар менен келе жатат деп ойлошту. Бир күн жол жүрүшкөндөн кийин, алар Аны туугандарынын жана тааныштарынын арасынан издей башташты.
45
Таппай коюшкандан кийин, Аны издеп, кайра Иерусалимге келишти.
46
Үч күндөн кийин Аны ийбадатканадан, устаттардын ортосунда сөз угуп, суроо берип отурган жеринен табышты.
47
Угуп отургандардын бардыгы Анын акылына жана берген жоопторуна таң калышты.
48
Ата-энеси Аны көрүп, таң калды. Энеси Ага: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сарсанаа болуп, Сени издеп жүрөбүз», – деди.
49
Ыйса аларга: «Мени эмнеге издейсиңер? Атамдын үйүндө болушум керек экендигин билген эмес белеңер?» – деди.
50
Бирок алар айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнүшкөн жок.
51
Анан Ыйса ата-энеси менен Назаретке келди. Ал ата-энесине тил алчаак болду. Энеси болсо бул сөздөрдүн баарын көкүрөгүнө түйүп жүрдү.
52
Ыйса жетилип, акыл-эске толду. Ал Кудайдын да, адамдардын да сүймөнчүгү болду.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24