bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 3
Luke 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 4 →
1
Рим падышасы Тиберийдин падышачылыгынын он бешинчи жылы эле. Жүйүт аймагында Понтий Пилат, Галилеяда Ирод Антипас, Итурея жана Трахонит аймактарына Ироддун бир тууганы Филип, Абиленеяда Лусаний акимчилик кылып,
2
Анас менен Кайапа башкы ыйык кызмат кылуучу болуп турганда, ээн талаада Захариянын уулу Жаканга Кудайдан сөз айтылды.
3
Ошондон кийин Жакан Иордан дарыясынын боюндагы бүт аймактарды кыдырып, адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн, тобо кылуу чөмүлдүрүүсүн жар сала баштады.
4
Бул жөнүндө Ышайа пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган: «Теңирге жол даярдагыла, Ал үчүн жолду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган адамдын үнү угулат.
5
Ойдуңдун баары толтурулсун, тоолор менен дөңдөрдүн баары текшиленсин, ийри-буйру жерлер түздөлсүн, өңгүл-дөңгүл жолдор тегизделсин.
6
Ошондо ар бир адам Кудайдын куткаруусун көрөт».
7
Жакан сууга чөмүлдүрүлүү үчүн келген элге: «Жылан тукумдары! Келечек каардан качып кутулууну силерге ким үйрөттү?
8
Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө! “Биздин атабыз – Ыбрайым”, – деп ойлобой эле койгула. Анткени силерге айтып коёюн, Кудай Ыбрайымга ушул таштардан да балдарды жаратып бере алат.
9
Балта дарактардын тамырынын жанына коюлган. Демек, жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат», – деди.
10
Ошондо эл Жакандан: «Анда эмне кылышыбыз керек?» – деп сурады.
11
Ал элге: «Кимдин эки кийими бар болсо, бирин кийими жокко берсин. Кимдин тамак-ашы болсо, ал да ушундай кылсын», – деп жооп берди.
12
Салык жыйноочулар да сууга чөмүлдүрүлүү үчүн келип, андан: «Устат, биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты.
13
Жакан аларга: «Силерге белгиленгенден ашык талап кылбагыла», – деп жооп берди.
14
Аскерлер да андан: «Бизчи, биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Ошондо Жакан аларга: «Эч кимге кысым көрсөтпөгүлө, бирөөгө жалаа жаппагыла, өзүңөрдүн маянаңарга ыраазы болгула», – деп жооп берди.
15
Куткаруучуну күтүп жүргөн эл Жакан жөнүндө: «Бул Машайак эмеспи?» – деп ойлошту.
16
Жакан элдин бардыгына мындай деп жооп берди: «Мен силерди сууга чөмүлдүрөм, бирок менден Күчтүү келет, мен Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.
17
Анын күрөгү Өз колунда, Ал Өзүнүн кырманын тазалап, буудайды кампасына жыйнайт, ал эми саманды өчпөс отко салат».
18
Жакан элге дагы көп нерселер жөнүндө насаат айтып, Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү.
19
Ал башкаруучу Иродду ашкере кылды. Анткени Ирод өзүнүн бир тууганынын аялы Иродияны алып, дагы көптөгөн жаман иштерди жасаган эле.
20
Анысы аз келгенсип, ал Жаканды түрмөгө каматып койду.
21
Бардык эл сууга чөмүлдүрүлүп жатканда, Ыйса да чөмүлдүрүлдү. Ал сыйынып жатканда, асман ачылып,
22
Ыйык Рух дене түрүндө, көгүчкөн сыяктуу Анын үстүнө түштү. Анан асмандан «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын!» деген үн угулду.
23
Ыйса Өзүнүн кызматын баштаганда, отуз жаштын тегерегинде эле. Адамдардын ою боюнча Ал – Жусуптун, Эйлинин,
24
Мататтын, Лебинин, Мелхинин, Жанайдын, Жусуптун,
25
Мататиянын, Амостун, Накумдун, Эслинин, Нагайдын,
26
Мааттын, Мататиянын, Шемейдин, Жусуптун, Жүйүттүн,
27
Жаханандын, Ресанын, Зоробабылдын, Шалтиелдин, Неринин,
28
Мелхинин, Адынын, Косамдын, Элмадамдын, Эрдин,
29
Жосенин, Элиезердин, Жоримдин, Мататтын, Лебинин,
30
Шымыйондун, Жүйүттүн, Жусуптун, Жонамдын, Элийакимдин,
31
Мелеянын, Менанын, Мататанын, Натандын, Дөөттүн,
32
Жышайдын, Обейттин, Бууздун, Салмондун, Нахшондун,
33
Аминадаптын, Рамдын, Хесрондун, Перестин, Жүйүттүн,
34
Жакыптын, Ыскактын, Ыбрайымдын, Терахтын, Нахордун,
35
Серуктун, Рейунун, Пелектин, Эйбердин, Шелахтын,
36
Кайнандын, Арпакшаттын, Шемдин, Нухтун, Лемектин,
37
Матушалдын, Энохтун, Жареттин, Маалалелдин, Кайнандын,
38
Эноштун, Шеттин, Адамдын, Кудайдын Уулу.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24