bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 16
Luke 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 17 →
1
Ыйса Өзүнүн шакирттерине да мындай деди: «Бир бай адамдын чарба иштерин башкаруучусу бар экен. Ага: “Сенин чарба иштериңди башкаруучу мал-мүлкүңдү ыксыз ысырап кылып жатат”, – деп айтып келишет.
2
Ошондо бай аны чакырып алып: “Сен жөнүндө ар кандай сөз угуп жатам. Өзүңдүн башкаруу ишиң боюнча эсеп бер, анткени сен мындан ары чарба иштерин башкара албайсың!” – дейт.
3
Башкаруучу ичинен: “Эми мен эмне кылам? Кожоюнум мени башкаруу ишинен бошотуп жатат. Жер каза албайм, кайыр сурагандан уялам.
4
Бирок мен эмне кылууну таптым, башкаруу ишинен бошотулгандан кийин адамдар мени үйлөрүнө кабыл алышы үчүн, мен мындай кылам”, – деп ойлонот да,
5
кожоюнуна карызы барлардын ар бирин өз-өзүнчө чакырып алып, алардын биринчисинен: “Сен кожоюнума канча карызсың?” – деп сурайт.
6
Ал: “жүз ченем май карызмын”, – дейт. “Тил катыңды ал да, отура калып, элүү ченем деп жаза сал”, – дейт башкаруучу.
7
Андан кийин ал башкасынан: “Сен канча карызсың?” – деп сурайт. Ал: “Жүз ченем буудай”, – деп жооп берет. Башкаруучу ага да: “Тил катыңды ал да, сексен деп жаз”, – дейт.
8
Ошондо кожоюн ишенимсиз башкаруучусун акылдуулук менен иш кылганы үчүн мактаптыр. Бул дүйнөнүн адамдары өзү өңдүүлөр менен мамилелешкенде, жарыктын уулдарына караганда акылдуураак.
9
Мен да силерге айтып коёюн, өтүп кете турган байлык менен өзүңөргө досторду күткүлө! Байлык жок болуп кеткенден кийин, силерди түбөлүк турак-жайларга кабыл алышсын.
10
Аз нерседе ишенимдүү адам көп нерседе да ишенимдүү. Аз нерседе ишенимсиз адам көп нерседе да ишенимсиз.
11
Эгерде силерге өтүп кете турган байлыкты ишенип тапшырууга болбосо, чыныгы байлыкты ким ишенип тапшырат?
12
Эгерде силерге башкалардыкын ишенип тапшырууга болбосо, анда өзүңөрдүкүн ким берет?
13
Эч бир кул эки мырзага кызмат кыла албайт: бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар!»
14
Мунун бардыгын байлыкты сүйгөн фарисейлер да угуп, Ыйсаны мазактап күлүштү.
15
Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер адамдардын алдында өзүңөрдү адил адам катары көрсөтөсүңөр, бирок Кудай силердин жүрөгүңөрдү билет, анткени адамдар жогору баалаган нерсе Кудайдын алдында жийиркеничтүү.
16
“Тоорат” жана “Пайгамбарлар” китептери Жаканга чейин болгон. Ошол убакыттан бери Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабар жарыяланып келе жатат, бул Падышачылыкка ар бир адам күч жумшап кирет.
17
Бирок мыйзамдын бир белгиси жоголгонго караганда, асман менен жер оңой жок болот.
18
Аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот. Күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот.
19
Бир бай адам болуптур. Ал кочкул кызыл кыл торкодон жана зыгыр буласынан кийим кийип, күн сайын укмуштуудай той өткөрчү экен.
20
Анын дарбазасынын алдында бүт денесин жара баскан Лазар деген кайырчы жатчу.
21
Ал бай жеген тамактын калдыгына зар болчу. Иттер келип, анын жараларын жалачу.
22
Бир күнү ошол кайырчы өлүп, периштелер аны Ыбрайымдын кучагына алып барышат. Бай да өлүп, аны көргө коюшат.
23
Өлгөндөр жаткан жайда кыйналып жаткан ошол бай адам башын көтөрүп, алыстан Ыбрайымды жана анын кучагындагы Лазарды көрөт.
24
Ошондо ал болгон күчү менен: “Ыбрайым ата, мага ырайым кылып, Лазарды жиберчи, ал бармагынын учун сууга малып, тилимди сууласын, анткени мен бул жалындаган отто азап тартып жатам”, – деп кыйкырат.
25
Бирок Ыбрайым ага: “Балам, сен өзүңдүн жакшы үлүшүңдү жашооңдо алганыңды, ал эми Лазар албаганын эстечи! Азыр болсо ал бул жерде сооронууда, ал эми сен азап чегүүдөсүң.
26
Анын үстүнө, силер менен биздин ортобузда түпсүздүк бар. Бул жактан силерге, силер жактан бизге өтө алышпайт”, – дейт.
27
Ошондо ал бай: “Ата, андай болсо, сенден суранам, Лазарды атамдын үйүнө жиберчи.
28
Анткени менин беш бир тууганым бар. Алар да бул азаптуу жайга келбеши үчүн, Лазар барып күбөлөндүрсүн”, – деп өтүнөт.
29
Ыбрайым ага: “Аларда Мусанын жана пайгамбарлардын китептери бар, ошолорду угушсун!” – десе, ал:
30
“Жок, Ыбрайым ата! Эгерде өлгөндөрдөн бирөө барса, алар тобо кылышат”, – дейт.
31
Ошондо Ыбрайым ага: “Эгерде Муса менен пайгамбарлардын айтканын угушпаса, анда алар өлгөндөрдөн бирөө тирилип барса да ишенишпейт”, – деп жооп берет».
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 17 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24