bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 5
Luke 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 6 →
1
Ыйса Генисарет көлүнүн жээгинде турган эле. Кудайдын сөзүн угуш үчүн, Анын жанына эл үйүлүп калды. Ал көлдө турган эки кайыкты көрдү.
2
Кайыктан түшкөн балыкчылар болсо торлорун жууп жатышкан.
3
Эки кайыктын бири Шымондуку эле. Ыйса анын кайыгына түшүп, андан жээктен бир аз нарыраак сүзүп баруусун өтүндү. Анан Ал кайыкка отуруп алып, элди окута баштады.
4
Ал сөзүн бүткөндөн кийин, Шымонго: «Көлдүн терең жерине сүзүп барып, торлоруңарды салгыла», – деди.
5
Шымон Ага: «Устат, биз түнү бою эмгектенип, эч нерсе кармай алган жокпуз. Бирок Сен айтып жаткан соң, торду салайын», – деди.
6
Алар торду салып, абдан көп балык кармашты. Балыктын көптүгүнөн тор айрыла баштады.
7
Ошондо алар кол булгап, экинчи кайыктагы жолдошторун жардамга чакырышты. Алар келип, балыктарды салышканда, эки кайык тең толуп калды. Кайыктар чөгө баштады.
8
Муну көргөн Шымон Петир Ыйсанын бутуна жыгылып: «Теңир, менин жанымдан кет. Анткени мен күнөөкөр адаммын», – деди.
9
Анткени ушунча көп балык кармагандарынан улам, аны жана анын жанындагылардын баарын коркунуч басты.
10
Шымондун достору болгон Зебедей уулдары Жакып менен Жакан да коркуп кетишкен эле. Ошондо Ыйса Шымонго: «Коркпо, мындан ары адамдарды кармайсың», – деди.
11
Алар эки кайыкты тең жээкке чыгарышты да, бүт баарын таштап, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү.
12
Ыйса бир шаарда жүргөндө, бүт денеси пес болгон бир адам келди. Ал Ыйсаны көргөндө, Анын бутуна жыгылып: «Теңир, эгерде Сен кааласаң, мени таза кыла аласың», – деп жалынды.
13
Ошондо Ыйса колун сунуп, ага тийгизди да: «Каалайм, таза бол», – деди. Ал ошол замат пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.
14
Ыйса ага: «Эч кимге айтпа, бирок ыйык кызмат кылуучуга барып көрүнүп, өзүңдүн тазаланууң үчүн, Муса буйругандай, курмандык чал. Бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деп буйруду.
15
Бирок Ал жөнүндө барган сайын көп айтыла баштады. Анын сөзүн угуу үчүн жана ооруларынан айыгуу үчүн, эл агылып келип жатты.
16
Ыйса болсо Өзү жалгыз ээн талаага барып сыйынды.
17
Бир күнү Ыйса элди окутуп жатканда, ал жерде Галилеянын бардык айыл-кыштактарынан, Жүйүт аймагынан жана Иерусалимден келген фарисейлер, мыйзам окутуучулар отурушкан. Теңирдин күчү оорулуулардын айыгуусу аркылуу көрүнүп жатты.
18
Ошол учурда бир нече адам бир шал оорулууну төшөнчүсү менен алып келишти. Алар аны Ыйсанын алдына жаткыруу үчүн, үйгө киргизүүгө аракет кылышты.
19
Бирок элдин көптүгүнөн алар аны үйгө киргизе албай, үйдүн төбөсүнө чыгып, чатырды ачышты. Ошол жерден шал оорулуу адамды төшөнчүсү менен ортого, Ыйсанын алдына түшүрүштү.
20
Ыйса алардын ишенимин көрүп, ага: «Адам, сенин күнөөлөрүң кечирилди», – деди.
21
Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер өз ара: «Кудайга акарат келтирген бул ким? Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат?» – дешти.
22
Ыйса болсо алардын оюн билип: «Эмне үчүн минтип ойлоп жатасыңар?
23
Кайсынысын айткан оңой: “Сенин күнөөлөрүң кечирилди” дегенби же “Ордуңан туруп, бас” дегенби?
24
Бирок Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экендигин билишиңер үчүн», – деди да, шал оорулуу адамга: «Сага айтамын, ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар», – деди.
25
Ал ошол замат көпчүлүктүн көз алдында ордунан турду да, төшөгүн алып, Кудайды даңктап, үйүнө жөнөдү.
26
Ошондо баары айран-таң калып, Кудайды даңкташты. Үрөйлөрү учкан алар: «Бүгүн биз кереметтүү иштерди көрдүк», – дешти.
27
Ушундан кийин Ыйса сыртка чыгып, бажыканада отурган салык жыйноочу Лебини көрүп, ага: «Менин артымдан ээрчи», – деди.
28
Ошондо ал бардыгын таштап, ордунан туруп, Аны ээрчип жөнөдү.
29
Леби Ыйсаны үйүнө чакырып, чоң сый көрсөттү. Ыйса менен көптөгөн салык жыйноочулар жана башка кишилер бир дасторкондо отурушту.
30
Ошондо мыйзам окутуучулар менен фарисейлер күңкүлдөп, Ыйсанын шакирттерине: «Эмне үчүн силер салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге ичип-жеп отурасыңар?» – дешти.
31
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек.
32
Мен тобо кылууга адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келгем».
33
Алар болсо Ыйсага: «Жакандын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери бат-бат орозо кармап сыйынышат. Сенин шакирттериң болсо ичип-жей беришет», – дешти.
34
Ыйса аларга: «Күйөө жанында болгондо, үйлөнүү тоюндагыларды орозо кармоого мажбурлай аласыңарбы?
35
Бирок Күйөө алардын жанынан алынып кете турган күндөр келет, орозону алар ошол күндөрү кармашат», – деди.
36
Анан Ыйса аларга үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөдү: «Эч ким жаңы кийимден айрып алып, эски кийимге жамаачы салбайт. Эгерде салса, жаңы кийим бузулат, жаңы кийимден алынган жамаачы эски кийимге жарашпай калат.
37
Эч ким эски чаначка жаңы шарап куйбайт. Эгерде куйса, жаңы шарап чаначты айрып салат. Шарап да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат.
38
Жаңы шарапты жаңы чаначка куюу керек. Ошондо тигиниси да, мунусу да сакталат.
39
Эски шарапты ичкенден кийин, эч ким жаңы шарапты дароо сурабайт. Анткени ал: “Эскиси жакшы”, – дейт».
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24