bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 9
Luke 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 10 →
1
Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга жиндерди кууп чыгууга жана оорулууларды айыктырууга күч жана бийлик берди.
2
Аларды Кудайдын Падышачылыгын жарыялоого жана оорулууларды айыктырууга жиберип жатып,
3
Ал мындай деди: «Жолго эч нерсе албагыла: таяк да, баштык да, нан да, күмүш да, эки кийим да албагыла.
4
Кайсы үйгө кирсеңер, ошол үйдө калгыла жана ошол үйдөн жолго чыккыла.
5
Эгерде силерди кайсы бир шаардын эли кабыл албаса, анда ошол шаардан чыгып бара жатканда, аларга каршы күбөлөндүрүү болушу үчүн, бутуңардагы чаңды күүп койгула».
6
Алар жолго чыгып, айыл-кыштактарды аралап, бардык жерде Жакшы Кабар таратып, оорулууларды айыктырып жүрүштү.
7
Аймактын акими Ирод Ыйсанын кылган иштери жөнүндө угуп таң калды. Анткени бирөөлөр Аны: «Бул – өлүп, кайра тирилген Жакан», – десе,
8
бирөөлөр: «Илияс пайгамбар келиптир», – деп, дагы бирөөлөр: «Байыркы пайгамбарлардын бири тирилип келиптир», – деп жатышкан эле.
9
Ирод болсо: «Жакандын башын алдырдым эле. А бул ким болду экен, Ал жөнүндө ушундай сөздөрдү угуп жатам?» – деп, Аны көрүүгө ашыкты.
10
Элчилер кайтып келип, эмне кылгандарын Ыйсага айтып беришти. Ыйса аларды ээрчитип алып, Бетсайида деген шаардын жанындагы бир обочо жерге кетти.
11
Бирок эл билип калып, Анын артынан жөнөдү. Ыйса аларды тосуп алып, алар менен Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө аңгемелешти, айыктырууну сурангандарды айыктырды.
12
Күн кеч кире баштаганда, он эки шакирти Ыйсанын жанына келип: «Элди тарат, тегеректеги айыл-кыштактарга барып, өздөрүнө түнөк жана тамак табышсын. Анткени бул ээн жер», – дешти.
13
Ошондо Ыйса шакирттерине: «Аларга тамакты силер бергиле», – деди. «Бизде беш нан менен эки балыктан башка эч нерсе жок. Ушунча элге тамак сатып келмек белек?» – дешти алар.
14
Ал жерде беш миңге жакын адам бар эле. Ыйса шакирттерине: «Аларды элүү-элүүдөн, катар-катар кылып отургузгула», – деди.
15
Алар ошондой кылып, бардыгын отургузушту.
16
Ыйса болсо беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларды сындырып, элге таратуу үчүн шакирттерине берди.
17
Бардыгы жеп тоюшту. Артып калгандарын чогултканда, он эки себет болду.
18
Бир жолу Ыйса сыйынуу үчүн, обочо жерге барды. Шакирттери жанында болчу. Ыйса алардан: «Эл мени ким деп эсептейт?» – деп сурады.
19
Алар Ага: «Бирөөлөр: “Чөмүлдүрүүчү Жакан”, – деп, бирөөлөр: “Илияс пайгамбар”, – деп эсептешет, дагы бирөөлөр: “Байыркы пайгамбарлардын бири тирилип келиптир”, – дешет», – деп жооп беришти.
20
Ошондо Ыйса алардан: «Силерчи, силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады. Петир Ага: «Кудайдын Машайагы», – деп жооп берди.
21
Бирок Ыйса аларга: «Бул тууралуу эч кимге айтпагыла, – деп, катуу эскертти да, –
22
Адам Уулу көп азап чегиши, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулар тарабынан четке кагылышы, өлтүрүлүшү жана үчүнчү күнү тирилиши керек», – деди.
23
Ыйса бардыгына кайрылып: «Ким Менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин.
24
Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.
25
Анткени адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанын жоготсо же өзүнө зыян келтирсе, ага андан эмне пайда?
26
Ким Менден жана Менин сөздөрүмдөн уялса, Адам Уулу да Өзүнүн, Атасынын жана ыйык периштелердин даңкы менен келгенде, ошол адамдан уялат.
27
Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде тургандардын кээ бирөөлөрү Кудайдын Падышачылыгын көрмөйүнчө өлүшпөйт», – деди.
28
Бул сөздөрдү айткандан кийин сегиз күндөй өткөн соң, Ыйса Петирди, Жаканды, Жакыпты ээрчитип, сыйынуу үчүн, тоого чыкты.
29
Сыйынып жатканда, Анын жүзү өзгөрүп, кийими аппак болуп, жаркырап калды.
30
Ошол учурда Ыйса менен эки адам сүйлөшүп жатты. Алар Муса менен Илияс эле.
31
Асман даңкы менен келген алар Ыйсанын Иерусалимде аткара турган иши, өлүмү жөнүндө сүйлөшүштү.
32
Петирди жана анын жанындагыларды болсо катуу уйку басты. Бирок алар ойгонуп кетип, Анын даңкын жана Аны менен турган эки адамды көрүштү.
33
Эки адам Ыйсанын жанынан алыстап бара жатканда, Петир Ага: «Устат, бул жерде болуу жакшы экен. Үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди», – деди. Бирок өзүнүн эмне деп жатканын билген жок.
34
Петир сүйлөп жатканда, булут пайда болуп, аларды каптап калды. Булут чулгаганда, алар коркуп кетишти.
35
Ошондо булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум. Аны уккула!» деген үн чыкты.
36
Ушул үн угулгандан кийин, Ыйса жалгыз калды. Шакирттер болсо көргөндөрүн жашырып, ал күндөрү эч кимге эч нерсе айтышкан жок.
37
Эртеси күнү алар тоодон түшкөндө, Ыйсаны көп эл тосуп чыкты.
38
Бир маалда элдин арасынан бирөө мындай деп кыйкырды: «Устат! Суранам, менин уулума назар сала көр, ал менин жалгызым.
39
Жини кармаганда, ал күтүлбөгөн жерден эле кыйкыра баштайт. Жин кыйнаганда, анын оозунан ак көбүк агат. Ал аны аябай кыйнап, андан зорго кетет.
40
Мен Сенин шакирттериңден жинди кууп чыгууну өтүнсөм, кууп чыга албай коюшту».
41
Ошондо Ыйса: «Эй, ишенбес, бузулган муун! Качанга чейин силер менен болом? Качанга чейин силерге чыдайм? Уулуңду бул жерге алып кел», – деди.
42
Бала келе жатканда, жин аны жерге жыгып, калтырата баштады. Ыйса жинге тыюу салып, баланы айыктырды да, атасынын колуна тапшырды.
43
Бардыгы Кудайдын улуу күчүнө таң калып жатышты. Бүт эл Ыйсанын кылган иштерине таң калып турганда, Ал Өзүнүн шакирттерине мындай деди:
44
«Менин бул сөздөрүмдү кунт коюп уккула: “Адам Уулу адамдардын колуна салынып берилет”».
45
Бирок алар бул сөздү түшүнүшкөн жок. Сөздүн мааниси алардан жашыруун болгондуктан, түшүнүшкөн жок. Ал эми бул жөнүндө Андан кайра суроодон коркушту.
46
Шакирттердин арасында «Биздин арабызда ким чоң?» деген ой пайда болду.
47
Алардын ойлорун билген Ыйса бир баланы Өзүнүн алдына тургузду да, аларга мындай деди:
48
«Ким бул баланы Менин ысымым үчүн кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми ким Мени кабыл алса, Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот. Араңарда ким баарыңардан кичине болсо, ошол эң чоң болот».
49
Ошондо Жакан: «Устат, биз Сенин ысымың менен жиндерди кууп чыгарган адамды көрдүк. Ал биз менен бирге жүрбөгөндүктөн, ага тыюу салдык», – деди.
50
Ыйса Жаканга: «Тыюу салбагыла. Ким силерге каршы болбосо, ал силер тарапта», – деди.
51
Өзүнүн асманга алынып кете турган күндөрү жакындаганда, Ыйса Иерусалимге барууну чечти.
52
Ал Өзүнөн мурун кабарчыларды жөнөттү. Алар барып, Ыйсага орун даярдоо үчүн, самариялыктардын бир айылына киришти.
53
Бирок самариялыктар Иерусалимге бара жаткан Ыйсаны кабыл албай коюшту.
54
Анын шакирттери Жакып менен Жакан муну көргөндө: «Теңир! Каалайсыңбы, асмандан от түшүп, аларды кырып жок кылсын деп айталы?» – дешти.
55
Бирок Ыйса аларга бурулуп, тыюу салды да: «Ичиңерде кайсы рух бар экенин билбейсиңер.
56
Анткени Адам Уулу адамдын жанын өлтүрүү үчүн эмес, куткаруу үчүн келген», – деди. Ошентип, алар башка айылга кетишти.
57
Алар жолдо бара жатышканда, бирөө Ыйсага: «Теңир, Сен кайда барсаң да, мен Сенин артыңдан барам», – деди.
58
Ыйса ага: «Түлкүлөрдүн ийини бар, канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалар жайы жок», – деди.
59
Ыйса башка бирөөгө: «Менин артымдан ээрчи!» – деди. Ал болсо: «Теңир, адегенде атамды көргө коюп келейин, уруксат бер», – деди.
60
Ыйса ага: «Өлгөн адамдарын көмүүнү өлүктөрдүн өзүнө кой. Сен болсо барып, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды тарат», – деди.
61
Дагы бирөө мындай деди: «Теңир, мен Сенин артыңдан ээрчийм, бирок адегенде үйдөгүлөрүм менен коштошуп келейин, уруксат бер», – деди.
62
Ыйса болсо ага: «Сокону кармап алып, артына кылчактаган адам Кудайдын Падышачылыгына жараксыз», – деди.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24