bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 12
Luke 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 13 →
1
Ушул арада миңдеген киши жыйналып, кысылыша турушту. Ыйса адегенде Өзүнүн шакирттерине сүйлөй баштады: «Фарисейлердин ачыткысынан, атап айтканда, эки жүздүүлүгүнөн сак болгула!
2
Ачылбай кала турган жашыруун нерсе болбойт, билинбей кала турган сыр болбойт.
3
Ошондуктан караңгыда айтканыңар жарыкта угулат. Үйдүн ичинде кулакка шыбырап айтканыңар үйдүн төбөсүндө жарыяланат.
4
Досторум, силерге айтарым: денени өлтүрүп, андан кийин эч нерсе кыла албай тургандардан коркпогула.
5
Бирок силерге кимден коркушуңар керектигин айтайын: өлтүргөндөн кийин оттуу көлгө түшүрө ала турган Кудайдан корккула! Ооба, силерге айтарым, Ошондон корккула.
6
Беш таранчы эки ассарийге эле сатылат эмеспи. Ошондой болсо да Кудай алардын бирин да унутпайт.
7
Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар.
8
Силерге айтып коёюн, ким Мени адамдардын алдында ачык тааныса, Адам Уулу да аны Кудайдын периштелеринин алдында ачык тааныйт.
9
Ал эми ким адамдардын алдында Менден баш тартса, Кудайдын периштелеринин алдында Мен да андан баш тартам.
10
Ким Адам Уулуна каршы сөз айтса, анын бул күнөөсү кечирилет. Ал эми ким Ыйык Рухка акарат келтирсе, анын бул күнөөсү кечирилбейт.
11
Силерди синагогаларга, башчыларга, бийликтегилерге алып барышканда, “Кантип жооп беребиз?”, “Эмне деп жооп беребиз?”, “Эмнени айтабыз?” – деп тынчсызданбагыла.
12
Анткени Ыйык Рух силерге эмнени айтуу керектигин ошол учурда үйрөтөт».
13
Ошондо эл ичинен бирөө Ыйсадан: «Устат, агама айтчы, ал мурасты мени менен бөлүшсүн», – деп суранды.
14
Ыйса ага: «Эй, адам! Ким Мени силерге сот же мурас бөлүштүрүүчү кылып койду эле?» – деди.
15
Андан кийин аларга: «Байкагыла, дүнүйөкордуктан сак болгула! Анткени адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес», – деди.
16
Анан аларга үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөдү: «Бир бай адам талаасынан мол түшүм алат.
17
Ошондо ал минтип ойлонот: “Түшүмүмдү жыя турган жер жок. Эмне кылсам?
18
Мындай кылайын: кампаларымды бузуп, чоңураак кылып салайын да, бүт түшүмүмдү жана бардык байлыгымды ошол жерге жыйнайын.
19
Анан өзүмө: "Жаным, сенде көп жылдарга жете турган байлык бар. Эс ал, ичипже, көңүл ач", – деп айтайын”, – дейт.
20
Бирок Кудай ага: “Акылсыз, ушул түнү жаның алынат. Ошондо сенин жыйып койгондоруң кимге калат?” – деп айтат.
21
Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот».
22
Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ошондуктан силерге айтып коёюн, “Эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүктөнбөгүлө.
23
Анткени тамакка караганда жан, кийимге караганда дене артык.
24
Каргаларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт. Алардын сактай турган жери, кампасы да жок, бирок Кудай аларды азыктандырат. Силер канаттуулардан канча эсе артыксыңар.
25
Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?
26
Демек, эгерде арзыбаган нерсени жасай албасаңар, анда башка нерселер жөнүндө эмнеге түйшүктөнөсүңөр?
27
Лилия гүлдөрүнүн кандай өсүп турганын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок силерге айтып коёюн, атак-даңктуу Сулайман падыша да булардын бириндей кийинген эмес.
28
Эгерде Кудай бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү ушундай кийиндирсе, анда силерди андан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!
29
Ошондуктан силер: “Эмне жейбиз же эмне ичебиз?” – деп ойлонуп, тынчсызданбагыла.
30
Бул дүйнөнүн адамдары ушунун баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин бул нерселерге муктаж экениңерди Атаңар билет.
31
Кудайдын Падышачылыгын бардыгынан көбүрөөк издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет.
32
Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет.
33
Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр сыяктуу таратып бергиле. Өзүңөргө эскирбес капчык жасагыла, кемибес кенчти ууру жолобос, күбө жебес жерде, асманда жыйнагыла.
34
Анткени байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот.
35
Силердин белиңер курчалуу, чырагыңар күйгүзүлүү болсун.
36
Өзүңөр да эшикти кагары менен ачып берүү үчүн, “Үйлөнүү тойдон качан келет?” – деп, кожоюнун күткөн адамдарга окшош болгула.
37
Кожоюну келгенде, уктабай отурган кулдар бактылуу. Силерге чындыкты айтып коёюн, ал белин курчап алып, кулдарын дасторконго отургузат да, жакын келип, аларга кызмат кылат.
38
Кожоюн экинчи күзөт убагында же үчүнчү күзөт убагында келгенде, уктабай отурган кулдар бактылуу.
39
Үй ээси уурунун кайсы убакта келерин билсе, сак болуп, ууруга үйүнүн түбүн каздыртмак эместигин билесиңер.
40
Силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон убакта келет».
41
Ошондо Петир Андан: «Теңир, бул үлгү-насаат аңгемени бизге эле айтып жатасыңбы же бардыгынабы?» – деп сурады.
42
Теңир мындай деди: «Кулдардын тамагын өз убагында, ченеми менен берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акыл-эстүү башчы ким?
43
Кожоюну келгенде, ошондой кылып жаткан кул бактылуу.
44
Силерге чындыкты айтып коёюн, ал ага өзүнүн бүт мал-мүлкүн башкартып коёт.
45
Эгерде жанагы кул өз ичинен: “Менин кожоюнум жакында келбейт”, – деп, кулдар менен күңдөрдү уруп, өзү ичип-жеп, мас боло баштаса,
46
анда ал күтпөгөн күнү, ойлобогон убакта кожоюну келет да, аны бөлө чаап, ишенимсиздерге тиешелүү жаза менен жазалайт.
47
Кожоюнунун каалоосун билип туруп, даяр болбогон жана анын каалоосу боюнча иштебеген кул көп таяк жейт.
48
Ал эми билбей туруп, жазага татыктуу иш кылган кул аз таяк жейт. Кимге көп берилсе, андан көп талап кылынат; кимге көп ишенип тапшырылса, андан көп суралат.
49
Мен жер бетине от түшүрүү үчүн келдим. Оттун азыр эле тутанышын Мен ушунчалык каалар элем.
50
Мен бир чөмүлүү менен чөмүлдүрүлүшүм керек. Анын аткарылышын күтүп, Мен ушунчалык кыйналып жатам.
51
Силер Мени дүйнө жүзүнө тынчтык берүү үчүн келди деп ойлойсуңарбы? Жок, силерге айтып коёюн, бөлүү үчүн келгем.
52
Анткени мындан ары мындай болот: бир үйдө беш киши болсо, бөлүнүп, үчөө экөөнө, экөө үчөөнө каршы чыгат.
53
Атасы баласына, баласы атасына, энеси кызына, кызы энесине, кайненеси келинине, келини кайненесине каршы чыгат».
54
Ыйса элге да мындай деди: «Силер батыштан булут көтөрүлгөнүн көргөнүңөрдө, дароо: “Жамгыр жаайт”, – деп айтасыңар, анан дал ошондой болот.
55
Түштүктөн шамал соккондо: “Күн ысык болот”, – деп айтасыңар, анан дал ошондой болот.
56
Эй, эки жүздүүлөр! Жер менен асманды карап, аба ырайын аныктай аласыңар да, ошол убакыттын белгилерин эмнеге аныктай албайсыңар?
57
Эмне үчүн силер эмне туура экенин өзүңөр айырмалап биле албайсыңар?
58
Сен каршылашың менен башчыга бара жатканда, жолдо эле андан кутулууга аракет кыл. Болбосо каршылашың сени сотко алып барат, сот күзөтчүгө тапшырат, күзөтчү сени түрмөгө камап салат.
59
Сага айтып коёюн, акыркы тыйыныңды да төлөп бермейинче, ал жактан чыкпайсың».
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24