bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 17
Luke 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 18 →
1
Ыйса Өзүнүн шакирттерине мындай деди: «Азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошол адамга кайгы.
2
Ошондуктан ушул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамдын мойнуна тегирмен ташын илип, аны деңизге таштап жиберишсе, ал үчүн жакшы болмок.
3
Өзүңөргө сак болгула. Эгерде бир тууганың сага каршы күнөө кылса, ага эскертүү бер. Эгерде кечирим сураса, аны кечир.
4
Эгерде ал бир күндүн ичинде сага каршы жети жолу күнөө кылып, сага жети жолу келип: “Күнөөмдү мойнума алам”, – десе, аны кечир».
5
Элчилер Теңирге: «Ишенимибизди арттыр», – дешти.
6
Теңир аларга: «Эгерде силердин сары кычы данындай ишенимиңер болсо, бул тыт дарагына: “Тамырың менен суурулуп, деңиздин ичине отургузул”, – десеңер, ал силерди укмак», – деди.
7
«Бирөөңөрдүн жер айдаган же мал кайтарган кулуңар бар дейли. Ошол кул талаадан келери менен кожоюну ага: “Тез келип, дасторконго отур”, – деп айтабы?
8
Тескерисинче, ага: “Мага кечки тамакты даярда, мен тамактанып бүткөнчө, белиңди бууп, мага кызмат кыл, андан кийин өзүң тамактан”, – деп айтат да.
9
Буйругун аткарганы үчүн, ал кулуна, эмне, алкыш айтабы? Айтат деп ойлобойм.
10
Силер да ошолордой болуп, өзүңөргө тапшырылган ишти аткаргандан кийин: “Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз, аткарышыбыз керек болгон ишти гана аткардык”, – дегиле».
11
Ыйса Иерусалимге бара жатканда, Самария менен Галилеяны бөлгөн чек ара аркылуу өттү.
12
Ал бир айылга киргенде, Аны пес оорулуу он адам тосуп чыкты. Алар алысыраак токтоп:
13
«Ыйса Устат, бизге ырайым кыла көр!» – деп кыйкырышты.
14
Ыйса аларды көргөндө: «Ыйык кызмат кылуучуларга барып, өзүңөрдү көрсөткүлө», – деди. Алар жолдо бара жатышканда, пес оорудан айыгып, таза болуп калышты.
15
Алардын бири өзүнүн айыкканын көрүп, катуу үн менен Кудайды даңктап, артына кайтып келди да,
16
Ыйсанын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Ага ыраазычылык билдирди. Ал адам самариялык эле.
17
Ошондо Ыйса мындай деди: «Он киши таза болуп калбады беле? Калган тогузу кана?
18
Кудайды даңктоо үчүн, бул башка уруунун адамынан бөлөк эч ким кайтып келген жокпу?»
19
Анан Ал ага: «Тур, бара бер. Сени ишенимиң куткарды», – деди.
20
Фарисейлер Кудайдын Падышачылыгы качан келе тургандыгын сураганда, Ыйса мындай деп жооп берди: «Кудайдын Падышачылыгы көзгө көрүнбөй келет.
21
“Мына, ал бул жерде” же “Тигине, ал тиги жерде”, – деп, эч ким айта албайт. Анткени Кудайдын Падышачылыгы силердин ичиңерде».
22
Анан шакирттерине мындай деди: «Адам Уулунун күндөрүнүн бирин болсо да көрсөк деп эңсей турган күндөр келет, бирок көрбөйсүңөр.
23
Силерге: “Мына, Ал бул жерде” же “Тигине, Ал тигил жерде”, – деп айтышат. Бирок барбагыла, аларды ээрчибегиле.
24
Анткени асмандын бир четинен экинчи четине чейин чагылган кандай жаркыраса, Адам Уулу да Өзү келген күнү ошондой болот.
25
Бирок алгач Ал көп азап чегип, бул муун аркылуу четке кагылууга тийиш.
26
Адам Уулу келген убакта да Нух пайгамбардын убагындагыдай болот.
27
Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, аял алышты, күйөөгө чыгышты. Анан топон суу каптап, бардыгы кырылып калды.
28
Лоттун убагында да ошондой болду: адамдар ичип-жеп, соода-сатык жүргүзүп, жер иштетип, үй куруп өмүр сүрүп жатышты.
29
Бирок Лот Содомдон чыккан күнү асмандан от менен күкүрт жаап, бардыгы кырылып калды.
30
Адам Уулу келген күнү да ошондой болот.
31
Ошол күнү ким үйдүн үстүндө болсо, ал үйдүн ичиндеги буюмдарын алыш үчүн түшпөсүн. Ким талаада жүрсө, ал артка кайрылбасын.
32
Лоттун аялын эсиңерге түшүргүлө.
33
Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ким өз жанынан ажыраса, ал тирилет.
34
Силерге айтып коёюн, ошол түнү бир төшөктө жаткан эки кишинин бири алынат, бири калтырылат.
35
Чогуу жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат.
36
Талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат».
37
Ошондо алар Ыйсадан: «Теңир, мунун баары кайсы жерде болот?» – деп сурашты. Ыйса аларга: «Өлүк кайсы жерде болсо, жору-кузгундар ошол жерге чогулат», – деп жооп берди.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24