bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 1
Hosea 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 2 →
1
Жүйүт падышалары Узиянын, Жотамдын, Ахаздын, Хискиянын тушунда жана Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда Бейринин уулу Ошуяга айтылган Теңирдин сөзү.
2
Теңирдин Ошуяга сүйлөгөн сөзүнүн башы. Теңир Ошуяга: «Бар, өзүңө бузулган аялды жана бузуктуктун балдарын ал. Анткени бул жер Теңирден баш тартып, аябай бузуктук кылып жатат», – деди.
3
Ошондо Ошуя барып, Диблайимдин кызы Гомерди алды. Анын боюна бүтүп, ага уул төрөп берди.
4
Анан Теңир ага мындай деди: «Ага Изрейел деген ат кой, анткени бир аз убакыт өткөндөн кийин, Изрейелдин каны үчүн Жейу тукумун жазалайм, ошентип, Мен Ысрайыл падышачылыгын жок кылам.
5
Ошол күнү мындай болот: Мен Изрейел өрөөнүндө Ысрайылдын жаасын сындырам».
6
Гомердин дагы боюна бүтүп, кыз төрөдү. Ошондо Теңир Ошуяга мындай деди: «Ага Ло-Рухам деген ат кой. Анткени Мен мындан ары Ысрайыл тукумуна ырайым кылбайм, аны кечирбейм.
7
Жүйүт тукумуна болсо ырайым кылам, аларды өздөрүнүн Кудай-Теңири аркылуу куткарам. Мен аларды жаа менен, кылыч менен, согуш менен, аттар менен, атчан аскерлер менен куткарбайм».
8
Ло-Рухамды эмчектен чыгаргандан кийин, анын боюна бүтүп, уул төрөдү.
9
Ошондо Теңир мындай деди: «Ага Ло-Ами деген ат кой, анткени силер Менин элим эмессиңер, Мен да силердин Кудайыңар болбойм.
10
Бирок Ысрайыл уулдарынын саны деңиз кумундай өлчөнгүс, саналгыс болот. “Силер Менин элим эмессиңер” деген жерде аларга: “Силер тирүү Кудайдын уулдарысыңар”, – дешет.
11
Ошондо Жүйүт уулдары менен Ысрайыл уулдары чогулуп, өздөрүнө бир башчы коюшат, өздөрү куулуп барган жерден чыгышат. Анткени Изрейелдин күнү улуу болот!
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14