bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 2
Hosea 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 3 →
1
Бир туугандарыңарга “Ами (Менин элим)” деп айткыла, эже-карындаштарыңарга “Рухам (Ырайым кылынган)” деп айткыла.
2
Өзүңөрдүн энеңер менен соттошкула, соттошкула, анткени ал Менин аялым эмес, Мен анын күйөөсү эмесмин.
3
Мен аны энеден туума жылаңач кылып көрсөтүп, чөлгө, какшыган жерге айлантып, суусатып өлтүрбөшүм үчүн, ал жүзүнөн бузуктукту, төшүнөн ойноштукту четтетсин.
4
Анын балдарына ырайым кылбайм, анткени алар – бузуктуктун балдары.
5
Анткени алардын энеси бузуктук кылды. Аларды төрөгөн аял өзүн уят кылды, анткени ал: “Мага нан, суу, жүн, зыгыр, зайтун майын жана ичимдик берип жаткан ойношторумду ээрчийм”, – деген.
6
Ошон үчүн Мен анын жолун тикендер менен тосом, аны тосмо менен курчайм, ошондо ал өз жолун таппай калат.
7
Ойношторунун артынан чуркайт, бирок аларга жетпейт. Аларды издейт, бирок таппайт. Ошондо: “Мен биринчи күйөөмө кайра барайын, анткени мага ошол убакта азыркыга караганда жакшы болчу”, – деп айтат.
8
Бирок ага нанды, шарапты жана зайтун майын Мен бергенимди, анын алтын менен күмүшүн Мен көбөйткөнүмдү ал билген жок. Алар ошол алтын менен күмүштөн Баал бурканын жасашты.
9
Ошон үчүн эгин жыйноо маалы келгенде, Өз нанымды кайра алам, даяр болгондо, Өз шарабымды кайра алам, анын жылаңач этин жапкан Өзүмдүн жүнүм менен зыгырымды кайра тартып алам.
10
Ошентип, азыр Мен анын маскарачылыгын ойношторунун көз алдында ачам, аны Менин колумдан эч ким куткара албайт.
11
Анын бардык кубанычын: майрамдарын, ай жаңыргандагы майрамдарын, ишембилерин, бардык салтанаттуу жыйындарын токтотом.
12
“Бул белектерди мага ойношторум берген”, – деген анын жүзүм сабактары менен анжыр дарактарын кыйратам. Мен аларды токойго айлантам, ошондо аларды талаа жырткычтары жеп салышат.
13
Мен аны жыпар жыттуу зат түтөтүп, Баал буркандарына кызмат кылган күндөрү үчүн жазалайм. Ал сөйкөлөр менен шуруларды тагынып алып, ойношторунун артынан жүрдү, Мени болсо эсинен чыгарып койду, – дейт Теңир.
14
Ошондуктан Мен аны Өзүмө тартып, чөлгө алып барып, жүрөгүнө сүйлөйм.
15
Ошол жерден Мен ага өзүнүн жүзүмзарларын берем, Акор өрөөнүн үмүттүн босогосу кылып берем. Ал ошол жерде өзүнүн жаш күндөрүндөгүдөй, Мисир жеринен чыккан күнүндөгүдөй ырдайт.
16
Ошол күнү, – дейт Теңир, – сен Мени “Иши” деп чакырасың, ошондон кийин Мени “Баали” деп чакырбайсың.
17
Мен анын оозунан Баал буркандарынын ысымдарын алып салам, ошондон кийин алардын ысымдары эскерилбейт.
18
Ошол күнү алар үчүн талаа жырткычтары менен, асмандагы канаттуулар менен, жерде сойлоочу жаныбарлар менен келишим түзөм. Ал жерден жааны да, кылычты да, согушту да жок кылам, аларды коопсуз жашай турган кылам.
19
Мен сени менен түбөлүккө никелешем, Мен сени менен чындык жана адилеттиктин, ырайым жана боорукердиктин негизинде никелешем.
20
Мен сени менен ишенимдүүлүктүн негизинде никелешем, ошондо сен өзүңдүн Теңириңди таанып билесиң.
21
Ошол күнү Мен жооп берем, – дейт Теңир, – Мен асманга жооп берем, асман жерге жооп берет,
22
жер нанга, шарапка жана зайтун майына жооп берет, алар болсо Изрейелге жооп беришет.
23
Мен аны жерге Өзүм үчүн себем. Ло-Рухамды Рухам дейм, Ло-Амини Ами дейм, ал Мага: “Сен Менин Кудайымсың” – дейт».
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14