bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 8
Hosea 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 9 →
1
Сурнайды оозуңа ал! Алар Менин келишимимди бузуп, Менин мыйзамымдын чегинен чыкканы үчүн, душман Теңир үйүнө бүркүттөй болуп кол салат.
2
Алар Мага: “Кудайым! Биз, Ысрайыл, Сени таанып билдик!” – деп кыйкырышат.
3
Ысрайыл жакшы нерсени четке какты, аны душман куугунтукка алат.
4
Алар Менсиз эле падышаларды коюп жатышты. Төрөлөрдү коюп жатышты, бирок Мага билдиришкен жок. Күмүштөрү менен алтындарынан өздөрүнө буркандарды жасашты: алардын өлүмү ошондон болду.
5
Самария, сени өзүңдүн музооң таштады! Аларга Менин каарым жалындады. Качанга чейин алар тазалана алышпайт?
6
Анткени ал да – Ысрайылдын иши. Аны сүрөтчү жасады, ошондуктан ал кудай эмес. Самариянын музоосу сыныкка айланат!
7
Алар шамал себишкендиктен, бороон оруп алышат: алардын эгини дан байлабайт, даны ун бербейт, берсе да, аны башкалар жутат.
8
Ысрайыл жутулду. Азыр алар элдер арасында жараксыз идиштей болуп калышты.
9
Алар жалгыз тентип жүргөн жапайы эшектей болуп, Ашурга жөнөштү. Эпрайым белектер менен жагынды.
10
Алар башка элдерге белек жиберишкенине карабастан, Мен аларды жакында чогултам, ошондо алар төрөлөрдүн падышасынын эзүүсү астында жабыр тарта башташат.
11
Анткени Эпрайым күнөөгө батыш үчүн, курмандык чалынуучу жайларды көбөйттү, ошол курмандык чалынуучу жайлар анын күнөө кылуусуна түрткү болду.
12
Мен аларга Өзүмдүн мыйзамдарымдын негиздерин жазып бердим, бирок алар аны бөтөн мыйзам катары эсептешти.
13
Алар курмандыкка Мага арнап эт алып келишет да, аны жешет. Бирок алардын курмандыктары Теңирге жакпайт. Азыр Ал алардын кылмыштарын эстейт, аларды өздөрүнүн күнөөсү үчүн жазалайт: алар Мисирге кайтышат.
14
Анткени Ысрайыл өз Жаратканын унутту, бутканаларды курду, Жүйүт болсо чептүү шаарларды көбөйттү. Бирок Мен анын шаарларына от жиберем, ал анын падыша сарайларын жалмайт».
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14