bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 9
Hosea 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 10 →
1
Ысрайыл, башка элдерге окшоп кубанба, шаттанба! Анткени сен өз Кудайыңдан алыстап, бузуктук кылып жатасың. Бардык кырмандарда бузуктук тартууларын алганды сүйөсүң.
2
Кырман менен жүзүм сыгылуучу жай аларды бакпайт, алардын жүзүм ширесине болгон үмүтү акталбайт.
3
Алар Теңирдин жеринде жашашпайт: Эпрайым Мисирге кайтат, алар Ашурда таза эмес нерсени жешет.
4
Алар Теңирге арнап шарап куюшпайт, Теңирге алардын курмандыктары жакпайт. Алардын наны аза күткөндөрдүн нанындай болот: аны жегендердин бардыгы булганышат, анткени алардын наны – өздөрүнүн жаны үчүн, ал Теңир үйүнө киргизилбейт.
5
Салтанаттуу жыйын күнү жана Теңирдин майрам күнү эмне кыласыңар?
6
Анткени мына, алар кыйроонун айынан качып кетишет. Мисир аларды жыйнайт, Ноп аларды көмөт. Алардын күмүштөн жасалган асыл буюмдарын чалкан басат, алардын чатырларын тикендүү өсүмдүк каптайт.
7
Жазалоо күндөрү келди, тиешеңерди бере турган күндөр келди: Ысрайыл муну билет. Мыйзамсыздыгыңардын көптүгүнөн, кастыгыңардын зордугунан улам, пайгамбарчылык кылган адамды акылсыз, Кудайдын руху жетелеген адамды акылынан адашкан дейсиңер.
8
Эпрайымдын коргоочусу – пайгамбар менин Кудайымдын жанында, пайгамбардын бардык жолдоруна тузак тартылган. Анын Кудайынын үйүндө да кастык бар.
9
Алар Гиба күндөрүндөгүдөй күнөөгө батышты, абдан бузулушту. Теңир алардын мыйзамсыздыгын эстейт, аларды өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн жазага тартат.
10
«Мен Ысрайылды чөлдөн жүзүм тапкандай таптым. Мен силердин ата-бабаларыңарды көргөндө, анжыр дарагынын биринчи мөмөсүн көргөндөй болдум, бирок алар Баал-Пейорго барып, ыпылас иштерге берилип кетишти, өздөрү да сүйгөндөрүнө окшоп жийиркеничтүү болуп калышты.
11
Эпрайымдыктардын атак-даңкы куш сыяктуу учуп кетет: бала төрөлбөйт, бойго бүтпөйт, түйүлдүк түйүлбөйт.
12
Алар өз балдарын тарбиялап чоңойтушса да, аларды тартып алам. Анткени Мен алардан четтеп кеткенде, алардын башына кайгы түшөт!
13
Мен Эпрайымдын Тирге окшоп эң жакшы жерге отургузулганын көрдүм. Бирок Эпрайым өз балдарын киши өлтүргүчкө чыгарып берет».
14
Теңир, аларга бер, аларга Сен эмне бересиң? Аларга төрөбөс жатын, сүтсүз эмчек бер.
15
«Алардын бардык мыйзамсыздыгы Гилгалда: ошол жерде Мен аларды жек көрүп калдым, Мен аларды жаман иштери үчүн Өз үйүмдөн кууп чыгарам, аларды мындан ары сүйбөйм. Алардын бардык төрөлөрү – козголоңчулдар.
16
Эпрайым кулады, алардын тамыры соолуду, эми алар жемиш беришпейт. Алар төрөсө да, Мен алардын курсагынан чыккан сүйүктүү жемишин өлтүрүп салам».
17
Кудайым аларды четке кагат, анткени алар Ага кулак салышкан жок, ошондуктан алар элдердин арасында тентип жүргөн эл болот.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14