bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 14
Hosea 14
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
1
Самария бүлгүнгө учурайт, анткени өз Кудайына каршы чыкты: алар кылычтан кулашат, алардын наристелери кылыч менен кыя чабылат, кош бойлуу аялдары жара чабылат.
2
Ысрайыл, өзүңдүн Кудай-Теңириңе кайрылып кел, анткени сен өзүңдүн мыйзамсыздыгыңдын айынан мүдүрүлүп жыгылдың.
3
Өзүңөр менен кошо сөздөрдү алып, Теңирге кайрылып келгиле, Ага мындай дегиле: “Бардык мыйзамсыздыгыбызды кечир, бизге жакшылык кыл, ошондо биз Сага ооз курмандыгын чалабыз.
4
Ашур эми бизди куткарбайт. Мындан кийин атка минбейбиз, мындан ары колубуз менен жасаган буюмдарды «биздин кудайларыбыз» деп атабайбыз, анткени жетимдер Сенден гана ырайым табышат”.
5
Алардын баш тартуучулугун дарылайм, аларды Өз каалоом менен сүйөм, анткени Менин каарым алардан бурулду.
6
Мен Ысрайылга шүүдүрүм болом. Ал лилиядай болуп гүлдөйт, Лебанон сыяктуу тамыр жаят.
7
Анын бутактары жайылат, ошондо анын сулуулугу зайтун дарагындай болот, андан Лебанондун жытындай жыпар жыт чыгат.
8
Анын көлөкөсүндө отургандар кайтып келишет, эгин өстүрүшөт, өздөрү жүзүм сабактары сыяктуу гүл ачышат, анын жыты Лебанон шарабындай болот.
9
“Эми буркандар менен эмне ишим бар?” – дейт Эпрайым. Мен аны угам, ага назарымды салам. Мен түбөлүк көгөрүп турган кипаристей болом: сенин жемиштериң Менден болот.
10
Акылдуу адам муну түшүнсүн, даанышман адам муну билсин. Анткени Теңирдин жолдору туура, ал жолдор менен адил адамдар жүрүшөт, ал эми мыйзамсыздар ал жолдордо мүдүрүлүшөт».
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14