bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 11
Hosea 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 12 →
1
Таң атканда Ысрайыл падышасы өлөт! Ысрайылды Мен жаш чагынан сүйдүм, Мен уулумду Мисирден чакырып алдым.
2
Аларды чакырып жатышты, бирок алар улам алыстап жатышты. Алар Баалга арнап курмандык чалып, буркандарга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышты.
3
Мен Өзүм Эпрайымга басканды үйрөткөм, аны Өз колума салып көтөрүп жүргөм, алар болсо өздөрүн айыктырып турган Мен экенимди билишкен жок.
4
Мен аларды адамдык байланыш менен, сүйүү байланышы менен алып жүрдүм, Мен алар үчүн алардын ооздугун алып салган кишидей болдум, эңкейип, аларга тамак берип турдум.
5
Ал Мисирге кайра барбайт, бирок Ашур анын падышасы болот, анткени алар Мага кайрылууну каалашкан жок.
6
Ошон үчүн анын шаарларына кылыч шилтенет, дарбазаларын талкалайт, аларды өздөрүнүн жаман ойлору үчүн жеп жутат.
7
Менин элим Менден баш тартканын койгон жок, аны жогору жакка чакырышса да, анын ичинен эч ким көтөрүлгөн жок.
8
Эпрайым, сени кантип салып берейин? Ысрайыл, сени кантип таштап коёюн? Сага кантип Адамага кылгандай, Себоимге кылгандай кылайын? Менин жүрөгүм өзгөрүлдү, Менин бүт аёом ойгонду.
9
Мен Өзүмдүн катуу каарым боюнча кылбайм, Эпрайымды жок кылбайм, анткени Мен Кудаймын, адам эмесмин. Силердин араңарда Ыйыкмын. Мен жок кылуучу каарым менен келбейм.
10
Алар арстанга окшоп үн салган Теңирдин артынан жөнөшөт, Ал үн салганда, батыштагы уулдар титиреп келишет.
11
Алар Мисирден куштардай болуп, Ашур жеринен көгүчкөндөрдөй болуп талпынып келишет, ошондо Мен аларды үйлөрүнө киргизем, – дейт Теңир.
12
Эпрайым Мени алдамчылык менен, Ысрайыл амалкөйлүк менен курчады. Жүйүт болсо Кудайга, ишенимдүү Ыйыкка, ишенимдүү болгон жок».
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14