bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 7
Hosea 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 8 →
1
Мен Ысрайылды дарылап жатканда, Эпрайымдын күнөөсү, Самариянын жаман иштери ачыкка чыкты. Анткени алар жалган иштерге барып жатышат. Үйлөргө уурулар кирип жатышат, көчөлөрдө каракчылар талап-тоноп жатышат.
2
Алардын жаман иштеринин баары Менин эсимде экенин алар ойлошпойт. Азыр алар өздөрүнүн иштеринин курчоосунда калышты. Алар Менин көз алдымда.
3
Алар өздөрүнүн жаман иштери менен падышаны, жалганчылыктары менен төрөлөрдү кубандырып жатышат.
4
Алар өздөрүнүн бузуктугу менен, жууруган камыры ачыганда от жакканды токтотуп койгон наабайчынын алоолонгон мешиндей болуп жалындап күйүп жатышат.
5
Биздин падышабыздын күнүндө төрөлөр шарапты мас болгончо ичип, ооруп калышты. Ал болсо шылдыңчылдарга колун сунду.
6
Алар буктурмада отуруп алышып, жүрөктөрүн меш сыяктуу даярдап жатышат: алардын наабайчысы түнү бою уктап жатат, ал эми эртең менен меш жалындаган оттой болуп күйөт.
7
Алардын бардыгы мештеги оттой жалындап күйүп, өздөрүнүн башкаруучуларын жалмап жатышат. Алардын падышаларынын бардыгы кулап жатышат, алардын арасында Мени чакырган эч ким жок.
8
Эпрайым элдер менен аралашып калды, Эпрайым оодарылбаган нанга окшоп калды.
9
Анын күч-кубатын башкалар жалмап жатышты, бирок ал байкаган жок. Анын чачын ак басты, бирок ал билген жок.
10
Ысрайылдын текебердиги өзүнө каршы күбөлөндүрүп жатат, ошонун бардыгына карабастан, алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине кайрылышкан жок, Аны издешкен жок.
11
Эпрайым эси жок, акылсыз көгүчкөнгө окшоп калды: мисирликтерди чакырып жатышат, Ашурга бара жатышат.
12
Алар бара жатышканда, Мен алардын үстүнө Өзүмдүн торумду ыргытам. Аларды асман канаттууларына окшотуп жерге кулатып түшүрөм. Аларды өздөрүнүн жамаатына айтылгандай жазалайм.
13
Кайгы аларга! Анткени алар Менден алыстап кетишти. Алаамат аларга! Анткени алар Мага каршы чыгышты. Мен аларды куткарып турдум, алар болсо Мага каршы жалган сүйлөп жатышты.
14
Алар өз төшөгүндө онтоп жатышканда, Мени чын жүрөктөн чакырышкан жок. Алар нан менен шарап үчүн чогулушат, Менден болсо алысташат.
15
Мен аларды акылга салып турдум, алардын билегин чыңдап турдум, бирок алар Мага каршы жамандык ойлоп жатышты.
16
Алар кайрылышты, бирок Бардыгынан Жогору Турганга эмес. Алар алдамчы жаадай болуп калышты. Алардын төрөлөрү өздөрүнүн тилинин заардыгынан кылычтан кулап жатышат. Мисир жеринде алардын үстүнөн болгон шылдың ушул.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14