bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 13
Hosea 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 14 →
1
Эпрайым сүйлөгөндө, бардыгы титиреп турчу. Ал Ысрайылда жогору көтөрүлгөн, бирок Баал аркылуу күнөөгө батып өлдү.
2
Азыр да алар күнөөлөрүнө күнөө кошуп алышты. Алар өздөрүнүн түшүнүгү боюнча өздөрүнүн күмүшүнөн өздөрүнө куйма буркандарды жасашты, алардын баары – толугу менен сүрөтчүнүн колунан чыккан иш. Алар курмандык чалган адамдарга: “Букачарларды өпкүлө!” – деп жатышат.
3
Ошон үчүн алар таңкы булуттай, тез эле жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй, кырмандан шамал учурган топондой, мордон чыккан түтүндөй болушат.
4
Бирок сен Мисир жеринен чыккандан бери Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Ошондуктан сен Менден башка кудайды билбешиң керек, Менден башка Куткаруучу жок.
5
Мен сени чөлдө, какшыган жерде таанып билдим.
6
Жайыты бар алар ток эле. Тойгондуктан алардын жүрөгү текеберденди, ошондо алар Мени эстеринен чыгарып коюшту.
7
Ошон үчүн Мен аларга арстандаймын, кабыланга окшоп жолдо аңдып турам.
8
Мен аларга мамалактарынан ажыраган ургаачы аюудай кол салам, алардын көөдөнүн жарып салам, Мен аларды ошол жерде ургаачы арстандай болуп жеп салам, аларды талаа жырткычтары тытып кетишет.
9
Сен өзүңдү өлтүрдүң, Ысрайыл, анткени сен өзүңдүн таянычың болгон Мага каршы чыктың!
10
Сени куткара турган падышаң азыр кайда? Сенин бардык шаарларыңдагы башчыларың кайда? Сен алар жөнүндө “Мага падыша жана башчыларды бер!” деп айткансың.
11
Ошондо Мен сага каарым менен падыша бердим, анан аны ачуум менен тартып алдым.
12
Эпрайымдын мыйзамсыздыгы түйүнчөккө түйүлүп турат, анын күнөөсү сакталып турат.
13
Ал төрөп жаткан аялдай кыйналат. Ал – акылсыз уул, болбосо ал өзүнүн төрөлүүсүн создуктурмак эмес.
14
Мен аларды өлгөндөр жаткан жайдын бийлигинен кун төлөп куткарам, аларды өлүмдөн куткарам. Өлүм! Сенин уу тишиң кайда? Өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда? Өкүнүү көздөрүмдөн жашыруун.
15
Эпрайым бир туугандарынын арасында жемиштүү болсо да, чыгыш шамалы, чөлдөн көтөрүлгөн Теңир шамалы, келет, ошондо анын булагы соолуйт, башаты какшыйт: ал шамал бардык кымбат баалуу нерселер сакталган казынаны кыйратат.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14