bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 10
Hosea 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 11 →
1
Ысрайыл – жемишти көп берген жүзүм сабагы. Ал өзүнүн жемиши канчалык көбөйгөн сайын, курмандык чалынуучу жайларын ошончолук көбөйттү. Анын жерлери канчалык жакшы болгон сайын, жасалма кудайларын ошончолук кооздоп жатат.
2
Алардын жүрөгү бөлүндү, ошон үчүн алар жазаланышат: алардын курмандык чалынуучу жайлары талкаланат, жасалма кудайлары кыйратылат.
3
Азыр алар: «Биздин падышабыз жок, анткени биз Теңирден корккон эмеспиз! Ал эми падыша бизге эмне кыла алат?» – деп жатышат.
4
Алар курулай сөздөрдү сүйлөп жатышат, жалган ант берип жатышат, келишимдерди түзүп жатышат. Ошон үчүн алардын үстүнөн боло турган сот талаанын бороздоруна чыккан уу чөптөй болуп өсүп чыгат.
5
«Самария тургундары Бейт-Абендеги музоо үчүн титирешет. Анын эли ал үчүн ыйлайт. Ал тууралуу кубанган анын буткана кызматчылары анын атак-даңкы жөнүндө ыйлашат, анткени андан атак-даңк кетет.
6
Ал өзү да Жареп падышага тартуу катары Ашурга жөнөтүлөт. Эпрайым уятка калат, Ысрайыл өз ою үчүн маскара болот.
7
Самариянын падышасы суунун үстүндөгү көбүк сыяктуу жоголот.
8
Ысрайылдын күнөөсү болгон Абен бутканалары талкаланат. Алардын курмандык чалынуучу жайларына тикенек жана төө тикен өсүп чыгат. Алар тоолорго: “Бизди жапкыла!” – дешет, адырларга: “Биздин үстүбүзгө кулагыла!” – дешет.
9
Ысрайыл, сен Гиба күндөрүнөн бери күнөө кылып келе жатасың. Алар күнөө кылууну токтотушкан жок. Мыйзамсыздыктын уулдарына каршы Гибада болгон согуш бизге жетпейт деп ойлошобу?
10
Мен аларды Өзүмдүн каалоом боюнча жазалайм, аларга каршы элдер чогулат, алар өздөрүнүн эки кылмышы үчүн байлоого алынышат.
11
Эпрайым – үйрөтүлгөн, дан бастырууну жакшы көргөн кунажын, анын жоон мойнуна моюнтурукту Мен Өзүм салам. Эпрайымды минишет, Жүйүт жер айдайт, Жакып малалайт.
12
Адилеттикти сепкиле, ырайымдуулукту оруп аласынар. Дың жериңерди айдагыла, ошондо Ал келип, үстүңөргө адилдикти жамгырдай төгөт, анткени Теңирди издей турган убакыт келди.
13
Силер жамандыкты эккенсиңер, ошондуктан мыйзамсыздыкты оруп алып жатасыңар, жалганчылыктын жемишин жеп жатасыңар, анткени сен өз жолуңа жана жоокерлериңдин көптүгүнө үмүттөнгөнсүң.
14
Ошон үчүн сенин элиңдин ичинде дүрбөлөң болот, согуш күнү Шалман Бейт-Арбелди кыйраткандай, сенин бардык сепилдүү шаарларың кыйрайт: ошол согушта энеси балдары менен кошо өлтүрүлгөн.
15
Силердин чектен чыккан жаман иштериңер үчүн, Бейтел силерге мына ушуну кылат.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14