bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 5
Hosea 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 6 →
1
Ыйык кызмат кылуучулар, муну уккула, Ысрайыл тукуму, кулак салгыла, падыша үйү, кулак төшөгүлө, себеби силердин үстүңөрдөн сот болот, анткени силер Миспада сыйыртмак, Табордо жайылган тор болдуңар.
2
Алар бузуктукка батып кетишти, бирок Мен алардын бардыгын жазалайм.
3
Мен Эпрайымды билем, Ысрайыл да Менден жашыруун эмес, анткени сен, Эпрайым, бузуктук кылып жатасың, Ысрайыл булганды.
4
Алардын иштери өз Кудайына кайрылууга жол бербейт, анткени алардын ичинде бузуктук руху бар, алар Теңирди билишпейт.
5
Ысрайылдын текебердиги өзүнө каршы күбөлөндүрүп жатат. Ысрайыл менен Эпрайым өздөрүнүн мыйзамсыздыгы үчүн мүдүрүлүшөт, алар менен бирге Жүйүт да мүдүрүлөт.
6
Алар өздөрүнүн койлору жана өгүздөрү менен Теңирди издегени чыгышат, бирок Аны табышпайт. Теңир алардан алыстап кеткен.
7
Алар Теңирге бейопалык кылышты, анткени алардан чоочун балдар төрөлдү. Эми душман аларды жаңырган айда мал-мүлкү менен кошо жеп жутат.
8
Гибада мүйүз тарткыла, Рамада сурнай тарткыла. “Бенжемин, артыңда душман!” деп, Бейт-Абенде кыйкыргыла.
9
Жазалоо күнү Эпрайым жери ээн калат. Муну Ысрайыл урууларынын арасында Мен кабарладым.
10
Жүйүттүн жол башчылары чек араларды бузуучуларга окшоп калышты: Мен аларга Өз каарымды суудай төгөм.
11
Эпрайым эзилди, жазаланып талкаланды, анткени ал жалган кудайлардын артынан жүргүсү келген.
12
Мен Эпрайым үчүн күбөдөй болом, Жүйүт үчүн курттай болом.
13
Эпрайым өз дартын, Жүйүт өз жараатын көрдү. Эпрайым Ашурга жөнөдү, Жареп падышасына чабарман жөнөттү. Бирок ал силерди сакайта албайт, силердин жараатыңарды айыктыра албайт.
14
Анткени Мен Эпрайым үчүн арстандай, Жүйүт үчүн жаш арстандай болом. Мен, Мен тыткылап туруп, кетип калам; алып кетем, эч ким куткара албайт.
15
Алар өздөрүнүн күнөөкөр экенин мойнуна алып, Менин жүзүмдү издегенге чейин, кетем, Мен Өз ордума кайтам.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14