bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 6
Hosea 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 7 →
1
Алар кайгы тартып жатканда, таң азандан Мени издеп, “Жүргүлө, Теңирге кайра баралы! Анткени бизди Ал тыткылады, бизди Өзү айыктырат; бизди Ал жаралады, биздин жараатыбызды Өзү таңат.
2
Бизди эки күндөн кийин тирилтет, үчүнчү күнү бизди тургузат, ошондо биз Анын алдында жашайбыз.
3
Ошондуктан таанып билели, Теңирди таанып билүүгө умтулалы. Анын келиши таңкы жарыктай, Ал бизге жамгыр сыяктуу келет, кеч жааган жамгыр сыяктуу жерди сугарат”, – дешет.
4
Эпрайым, сага эмне кылайын? Жүйүт, сага эмне кылайын? Силердин адилдигиңер таңкы булуттай, эрте жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй.
5
Ошондуктан Мен аларды пайгамбарлар аркылуу жонуп жылмаладым, оозумдан чыккан сөздөр менен өлтүрдүм, Менин акыйкаттыгым таңкы жарыктай.
6
Анткени Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка караганда Кудайды таанып билүүнү артык көрөм.
7
Адамга окшоп алар келишимди бузушту, ошол жерде Мага бейопалык кылышты.
8
Гилат – мыйзамсыздардын канга булганган шаары.
9
Адамды аңдыган каракчыларга окшоп, ыйык кызмат кылуучулар Шекемге бара жаткан жолдо киши өлтүрүп жатышат, жийиркеничтүү иштерди кылып жатышат.
10
Мен Ысрайылдан үрөйдү учурган нерсени көрүп турам: ал жерде Эпрайым бузуктук кылып жатат, Ысрайыл булганды.
11
Жүйүт, сен үчүн да оруу-жыюу күнү белгиленген, ал Мен элимди туткундан кайра алып келген мезгилге белгиленген.
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14