bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hosea 12
Hosea 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 13 →
1
Эпрайым шамалды кайтарып жүрөт, чыгыш шамалынын артынан кууп жүрөт, күн сайын жалганчылыкты жана талап-тоноону көбөйтүп жатат. Алар Ашур менен келишим түзүп жатышат, Мисирге зайтун майы жеткирилип жатат.
2
Бирок Теңир Жүйүт менен да соттошот, Ал Жакыпты жолдоруна жараша жазалайт, ага иштерине жараша тиешесин берет.
3
Ал энесинин курсагында жатканда эле бир тууганын тепкен, ал эми эр жеткенде Кудай менен кармашты.
4
Ал периште менен кармашты, аны жеңип чыкты, ыйлап, ага жалынып-жалбарды. Бейтелде Ал бизди таап, ошол жерде биз менен сүйлөштү.
5
Теңир болсо – Себайот Кудай. Жахаба – Анын ысымы.
6
Сен да өз Кудайыңа кайрыл, ырайымдуулукту, акыйкаттыкты сакта жана ар дайым Кудайыңа таян.
7
«Канаандык адамдын колунда туура эмес тараза бар. Ал жеп калганды жакшы көрөт.
8
Эпрайым: “Мен байыдым. Өзүмө мал-мүлк жыйнап алдым, менин бардык эмгектеримден күнөө болуп эсептелген мыйзамсыз бир да нерсе таба алышпайт”, – деп айтып жатат.
9
Мен болсо сен Мисир жеринен чыккандан бери сенин Кудай-Теңириңмин, сени майрам күндөрүндөгүдөй, кайрадан алачыктарга отурукташтырам.
10
Мен пайгамбарларга сүйлөдүм, аяндарды көбөйттүм жана пайгамбарлар аркылуу үлгү-насаат аңгемелерди колдондум.
11
Эгерде Гилат жараксыз нерсе болуп калса, анда анын тургундары да болбогон нерсе болуп калышты, Гилгалда букачарларды курмандыкка чалышты, алардын курмандык чалынуучу жайлары талаалардын чектеринде турган үймөк таштардай.
12
Жакып Сирия талаасына качып кетти, Ысрайыл аял үчүн кызмат кылды, аял үчүн кой кайтарды.
13
Теңир пайгамбар аркылуу Ысрайылды Мисирден алып чыкты, Ал аны пайгамбар аркылуу сактап жүрдү.
14
Эпрайым Теңирди катуу каардантты, ошон үчүн ал төккөн кандын кунун Теңир анын өз мойнуна коёт, Теңир анын шылдыңын өз башына келтирет.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14