bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 1
Zechariah 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 2 →
1
Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылында, сегизинчи айда Ыда уулу, Берехия уулу Захария пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:
2
«Теңир силердин ата-бабаларыңарга катуу каарданды.
3
Ошондуктан сен аларга айт: Себайот Теңир мындай дейт де: “Мага кайтып келгиле, – дейт Себайот Теңир, – ошондо Мен да силерге кайтып келем, – дейт Себайот Теңир.
4
Ата-бабаларыңардай болбогула, аларга мурунку пайгамбарлар мындай деп айтышкан: Себайот Теңир мындай дейт: «Кыянат жолдоруңардан, жаман иштериңерден кайткыла». Бирок алар тил албай, Мага кулак салбай коюшкан, – дейт Теңир.
5
Ата-бабаларыңар азыр кайда? Пайгамбарларыңарчы? Алар түбөлүк жашамак беле?
6
Бирок Өзүмдүн кулдарым пайгамбарларга осуят кылган сөздөрүм менен чечимдерим силердин ата-бабаларыңарга жеткен жок беле? Алар кайрылып: «Себайот Теңир жолдорубузга жана иштерибизге жараша бизге эмне кылууну чечсе, ошону кылды»”», – деп айтышкан.
7
Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылында, он биринчи ай – Шебат айынын жыйырма төртүнчү күнү Ыда уулу, Берехия уулу Захария пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:
8
Мен түндө мындай көрүнүш көрдүм: капчыгайдагы мирта дарактарынын арасында жээрде ат минген бир киши туруптур, анын артында жээрде, тору жана боз аттар бар экен.
9
Ошондо мен: «Булар кимдер, мырзам?» – деп сурадым. Ошондо мени менен сүйлөшкөн периште мага: «Булардын кимдер экенин мен сага көрсөтөм», – деди.
10
Анан мирта дарактарынын арасында турган киши: «Булар – жер үстүн кыдырып чыгууга Теңир тарабынан жиберилгендер», – деди.
11
Ошондо алар мирта дарактарынын арасында турган Теңирдин периштесине: «Биз жер үстүн кыдырып чыктык, бардык жерге эл отурукташыптыр, бүт жер тынч экен», – дешти.
12
Ошондо Теңирдин периштеси: «Себайот Теңир! Иерусалимге жана Жүйүт шаарларына качанкыга чейин ырайым кылбайсың? Сен аларга жетимиш жылдан бери каарыңды төгүп келе жатасың», – деди.
13
Ошондо мени менен сүйлөшкөн периштеге жооп кылып, Теңир жакшы сөздөрдү, соорото турган сөздөрдү айтты.
14
Анан мени менен сүйлөшкөн периште мага мындай деди: «Жар салып айт, Себайот Теңир мындай дейт: “Мен Иерусалим менен Сионду чоң кызганыч менен кызганып жатам.
15
Тынч жаткан элдерге катуу каарданып жатам, анткени Мен аларга аз каарданганда, алар мыйзамсыздыкты күчөтүп жиберишти”.
16
Ошондуктан Теңир мындай дейт: “Мен Иерусалимге ырайым кылуу үчүн кайтып келдим. Иерусалимге Менин үйүм курулат, – дейт Себайот Теңир, – жер ченегич аркан Иерусалимдин үстүнөн тартылат”.
17
Дагы мындай деп жар сал: Себайот Теңир мындай дейт: “Менин шаарларым кайрадан байлыкка толот, Теңир Сионду кайрадан сооротот, Иерусалимди кайрадан тандап алат”».
18
Мен башымды көтөрүп, төрт мүйүздү көрдүм.
19
Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Бул эмне?» – деп сурадым. Ал мага: «Булар – Жүйүттү, Ысрайылды жана Иерусалимди туш-тушка чачыратып жиберген мүйүздөр», – деп жооп берди.
20
Андан кийин Теңир мага төрт темир устаны көрсөттү.
21
Мен: «Булар эмне кылганы келе жатышат?» – деп сурадым. Ал мага: «Бул мүйүздөр Жүйүттү туш-тушка чачыратып жиберишти, алардын эч бири башын көтөрө албай калды. Бул төрт темир уста болсо аларды коркутуш үчүн, Жүйүттү туш-тушка чачыратып жибериш үчүн, Жүйүт жерине каршы өздөрүнүн мүйүзүн көтөргөн элдердин мүйүздөрүн сындырыш үчүн келди», – деп жооп берди.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14