bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 12
Zechariah 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 13 →
1
Ысрайыл тууралуу Теңирдин пайгамбарчылык сөзү. Асманды жайган, жерди негиздеген, адамдын ичиндеги рухту жараткан Теңир мындай дейт:
2
«Мына, Мен Иерусалим курчоодо жатканда, тегеректеги бардык элдер үчүн, ошондой эле Жүйүт үчүн Иерусалимди баш айландыруучу ичимдик куюлган чөйчөк кылам.
3
Ошол күнү мындай болот: бардык уруулар үчүн Иерусалимди оор таш кылам, аны көтөргөндөрдүн бардыгы өздөрүнө зыян келтирип алышат, бирок ага каршы жер жүзүнүн бардык элдери чогулушат.
4
Ошол күнү, – дейт Теңир, – Мен бардык аттарды элиртем, алардын үстүндө отургандарды акылынан ажыратам, ал эми Жүйүткө назар салам, элдердин бардык аттарын сокур кылам.
5
Жүйүт төрөлөрү өз жүрөгүндө мындай дешет: “Менин күчүм – өздөрүнүн Кудайы, Себайот Теңир менен күчтүү болгон Иерусалим тургундары”.
6
Ошол күнү Мен Жүйүт төрөлөрүн отундардын ортосундагы алоолонуп күйгөн мештей кылам, боолордун арасында күйүп турган шаманадай кылам, алар тегеректеги бардык элдерди, оң тарапты да, сол тарапты да жок кылышат. Иерусалим эли кайрадан өз ордуна, Иерусалимге, отурукташат».
7
Дөөттүн тукуму менен Иерусалим тургундары Жүйүттүн алдында өздөрүн жогору көтөрбөш үчүн, Теңир адегенде Жүйүттүн тукумун куткарат.
8
Ошол күнү Теңир Иерусалим тургундарын коргойт, ошол күнү алардын эң алсызы Дөөттөй болот, ал эми Дөөт тукуму Кудайдай, өздөрүнүн алдындагы Теңирдин периштесиндей болот.
9
Ошол күнү мындай болот: «Мен Иерусалимге кол салган бардык элдерди жок кылам.
10
Ал эми Дөөттүн тукумуна жана Иерусалим тургундарына ырайым руху менен моюн сунуу рухун төгөм, алар өздөрү найза менен сайган Адамды көрүшөт, Аны жалгыз уулун жоктоп ыйлагандай жоктоп ыйлашат, Ал үчүн тун баласына кайгыргандай кайгырышат.
11
Ошол күнү Иерусалимде Мегидо өрөөнүндөгү Адатримон ыйындай болгон чоң ый болот.
12
Өлкө боздоп ыйлайт, ар бир уруу өзүнчө боздоп ыйлайт: Дөөт тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө; Натан тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө;
13
Леби тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө; Шымон уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө;
14
калган уруулардын бардыгы, ар бир уруу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө боздоп ыйлашат.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14