bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 13
Zechariah 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 14 →
1
Ошол күнү Дөөт тукумуна жана Иерусалим тургундарына күнөө менен ыпыластыкты жууй турган булак ачылат.
2
Ошол күнү мындай болот, – дейт Себайот Теңир, – Мен бул жерден жасалма кудайлардын ысымдарын жок кылам, алар мындан ары эскерилбейт, ошондой эле жалган пайгамбарлар менен таза эмес рухту бул жерден жок кылам.
3
Ошондо ким пайгамбарчылык кыла турган болсо, анда ага өзүнүн атасы менен энеси: “Сен жашабашың керек, анткени сен Теңирдин ысымы менен жалган сүйлөп жатасың”, – деп айтышат. Ал пайгамбарчылык кылганда, аны өзүнүн атасы менен энеси өлтүрүп салат.
4
Ошол күнү мындай болот: пайгамбарлар уят болушат, пайгамбарчылык кылып жатканда, ар бири өзү көргөн көрүнүшү үчүн уят болот, ошондон кийин алар алдаш үчүн кийген өздөрүнүн кыл чапанын кийбей калышат.
5
Алардын ар бири: “Мен пайгамбар эмесмин, дыйканмын, анткени мени бала чагымда эле бир адам кул кылып алган”, – дейт.
6
Андан: “Эки колуңдун ортосундагы эмнеден болгон жарааттар?” – деп сурашат. Ошондо Ал: “Мени сүйгөндөрдүн үйүндө Мени сабашты”, – деп жооп берет.
7
Оо кылыч! Менин койчума каршы, Менин жакыныма каршы көтөрүл! – дейт Себайот Теңир, – койчуну өлтүр, ошондо койлор туш-тушка чачырайт! Мен колумду кичинелерге каршы бурам.
8
Бүт жер жүзүндө мындай болот: жер үстүндө жашагандардын үчтөн эки бөлүгү жок кылынат, ал эми үчтөн бир бөлүгү аман калат, – дейт Теңир.
9
Бул үчтөн бир бөлүктү отко салып, күмүштү эриткендей эритем, алтынды тазалагандай тазалайм. Алар Менин ысымымды чакырышат, Мен аларга жооп берем, “Бул Менин элим!” – деп айтам. Алар болсо: “Теңир менин Кудайым!” – дешет.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14