bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 5
Zechariah 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 6 →
1
Кайрадан башымды көтөрүп, учуп келе жаткан түрмөк китепти көрдүм.
2
Ошондо ал менден: «Сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен ага: «Учуп келе жаткан түрмөк китепти көрүп турам, анын узундугу жыйырма чыканак, туурасы он чыканак экен», – дедим.
3
Ал мага мындай деди: «Бул – бүт жер бетине түшкөн каргыш. Анткени анын бир жак бетинде жазылгандай, ким уурулук кылса, ал жок кылынат; анын экинчи бетинде жазылгандай, ким калп карганса, ал жок кылынат».
4
«Мен аны каптаттым, – дейт Себайот Теңир, – ал уурунун үйүнө жана Менин ысымым менен калп каргангандын үйүнө кирип, анын үйүндө болуп, анын өзүн да, дарактарын да, таштарын да жок кылат».
5
Анан мени менен сүйлөшкөн периште чыгып, мага мындай деди: «Башыңды дагы көтөрүп кара: Эмне чыгып келе жатат?»
6
Мен: «Бул эмне?» – деп сураганда, ал: «Бул чыгып келе жаткан – эйфа, бул – алардын бүт жер жүзүндөгү бейнеси», – деп жооп берди.
7
Ошондо бир тегерек коргошун өйдө көтөрүлдү. Ал жерде, эйфанын ичинде бир аял отуруптур.
8
Анан ал: «Бул аял – мыйзамсыздыктын өзү», – деди да, аны эйфанын ичине түрттү, ал эми эйфанын оозуна тегерек коргошунду ыргытты.
9
Анан мен башымды көтөрүп карасам, эки аял чыгып келе жатыптыр, алардын канаттарында шамал бар экен, алардын канаттары илегилектин канаттарына окшош экен. Алар эйфаны жер менен асмандын ортосунда көтөрүп жөнөштү.
10
Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Алар бул эйфаны кайда көтөрүп бара жатышат?» – деп сурадым.
11
Ошондо ал мага: «Аялга Шинар жеринде үй куруп бериш үчүн көтөрүп бара жатышат. Yй даяр болгондо, ал ошол жерге, өзүнүн ордуна коюлат», – деп жооп берди.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14