bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 9
Zechariah 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 10 →
1
Теңирдин Хадрах жерине каршы айткан пайгамбарчылык сөзү Дамаскка келип токтойт. Анткени Теңирдин көзү Ысрайылдын бардык уруусун кандай карап турса, бардык элдерди ошондой карап турат.
2
Ага чектеш Хаматты да, Тирди да, Сидонду да карап турат, анткени алар акылдуу.
3
Тир өзүнө чеп курду, күмүштү топурактай, алтынды көчөдөгү баткактай жыйып алды.
4
Бирок Теңир аны жакырдантат, анын күчүн деңиздин үстүндө талкалайт, өзүн от жалмайт.
5
Муну көрүп, Ашкелондун үрөйү учат, Азаны да катуу калтырак басат. Экронду да, анткени анын үмүтү жокко чыгат: Азада падыша калбайт, Ашкелон элсиз калат.
6
«Азотто бөтөн уруу жашап калат, пелиштиликтердин менменсингендигин жок кылам.
7
Анын оозунан канды, тиштеринин арасынан өзүнүн жийиркеничтүү нерселерин сууруп алам, ошондо ал да биздин Кудайыбызга таандык болот, ал Жүйүттө миң башы катарында болот, Экрон Жебус сыяктуу болот.
8
Мен Өз үйүмдүн жанына аскерге каршы, нары-бери өткөндөргө каршы кошуун коём, ошондон кийин кысым көрсөтүүчү ал жерден өтпөйт. Анткени Мен эми муну Өзүм карап турам.
9
Кубанып, шаттыкка бөлөн, Сион кызы, салтанат кур, Иерусалим кызы, сага өзүңдүн адилеттүү, куткара турган, момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет.
10
Ошондо Эпрайымдын майдан арабаларын, Иерусалимдеги аттарды жок кылам, согуш жаалары кыйрайт. Ал элдерге тынчтыкты кабарлайт, Ал деңизден деңизге чейин, дарыядан жер кыйырына чейин үстөмдүк кылат.
11
Сен жөнүндө айтсам, Мен сенин туткундарыңды өзүңдүн келишимиңдин каны үчүн суусу жок ордон чыгарам.
12
Yмүтү бар туткундар, өзүңөрдүн чебиңерге кайтып келгиле! Эки эселеп кайтарып береримди сага азыр айтып жатам.
13
Анткени Мен Жүйүттү Өзүмө жаа кылам, Эпрайымды жебе кылам, Сион, сенин уулдарыңды Жабандын уулдарына каршы көтөрөм, сени алп жоокердин кылычы сыяктуу кылам».
14
Теңир алардын үстүнө келет, Анын жебеси чагылгандай учуп чыгат, Кудай-Теңир сурнай тартып, түштүк бороону менен жүрөт.
15
Аларды Себайот Теңир коргойт, алар өз душмандарын кырышат, салмоор таштарды тебелешет, канга тоюп, шарапка мас болгонсуп күүлдөшөт, алар курмандык чалынуучу идиштер сыяктуу, курмандык чалынуучу жайдын бурчтары сыяктуу канга толушат.
16
Койчу койлорун кандай куткарып алса, ошол күнү алардын Кудай-Теңири Өз элин ошондой куткарып алат. Анткени алар Анын жеринде таажыдагы асыл таштардай болуп жаркырашат.
17
Кандай жыргал, кандай сонун! Алардын уландары нан менен, кыздары шарап менен өсүшөт.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14