bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 6
Zechariah 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 7 →
1
Анан мен башымды дагы көтөрүп, эки тоонун ортосундагы капчыгайдан төрт майдан араба чыгып келе жатканын көрдүм. Ал тоолор жез тоолор эле.
2
Биринчи арабадагы аттар жээрде, экинчи арабадагы аттар кара,
3
үчүнчү арабадагы аттар ак, төртүнчү арабадагы аттар тору, күчтүү аттар экен.
4
Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Булар эмне, мырзам?» – деп сурадым.
5
Периште мага мындай деп жооп берди: «Булар – бүт жер жүзүнүн Теңиринин алдында турган жеринен чыгып келе жаткан төрт асман руху.
6
Кара аттар чыгып, түндүк өлкөсүн көздөй бара жатышат, ак аттар алардын артынан келе жатышат, тору аттар чыгып, түштүк өлкөсүн көздөй бара жатышат».
7
Күчтүү аттар чыгып, бүт жер жүзүн аралап чыгууга уруксат сурашты. Ал: «Баргыла, жерди аралап чыккыла», – деди. Алар жерди аралап чыгышты.
8
Ошондо ал мени чакырып, мага: «Кара, түндүк жерине чыккандар түндүк жеринде Менин рухумду тынчтандырышты», – деди.
9
Анан мага Теңирден мындай сөз болду:
10
«Туткундан келген адамдардан – Хелдайдан, Тобиядан жана Жедаядан күмүш менен алтын алып, ошол эле күнү Сепания уулу Жошиянын үйүнө, алар Бабылдан кайсы үйгө келишсе, ошол үйгө бар.
11
Алардан алган күмүш менен алтындан таажы жаса. Анан аны улуу ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуянын башына кийгиз.
12
Анан ага мындай де: Себайот Теңир мындай дейт: Мына Адам, Анын ысымы – Бутак, Ал Өзүнүн тамырынан өнүп чыгып, Теңирдин ийбадатканасын тургузат.
13
Ал Теңирдин ийбадатканасын тургузуп, даңкты кабыл алат, такка отурат, Өзүнүн тагында отуруп падышачылык кылат. Анын тагында ыйык кызмат кылуучу болот, экөөнүн ортосунда тынчтык кеңеши болот.
14
Ал таажы болсо Хейлем, Тобия, Жедая, Сепания уулу Хейин үчүн Теңирдин ийбадатканасында эстелик болуп тура берет.
15
Алыстан да келип, Теңирдин ийбадатканасын курууга катышышат, ошондо Мени силерге Себайот Теңир жибергенин билесиңер. Эгерде Кудай-Теңириңердин үнүн кунт коюп уга турган болсоңор, ушундай болот».
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14