bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 14
Zechariah 14
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
1
Мына, Теңирдин күнү келе жатат, сенден талап-тоноп алышкан олжону сенин ичиңде өз ара бөлүп алышат.
2
Бардык элдерди Иерусалимге каршы согушка топтойм, шаар каратылып алынат, үйлөр таланып-тонолот, аялдардын абийири булганат, шаардын жарымы туткунга кетет, ал эми шаарда калган эл жок кылынбайт.
3
Ошондо Теңир куралданып чыгып, согуш күнүндө кандай салгылашса, бул элдер менен ошондой салгылашат.
4
Ошол күнү Теңирдин буттары Иерусалимдин чыгыш жагында жаткан Зайтун тоосунун үстүндө турат. Ошондо Зайтун тоосу чыгыштан батышты көздөй экиге бөлүнөт, өтө чоң өрөөн пайда болот, тоонун жарымы түндүккө, жарымы түштүккө кетет.
5
Ошондо силер Менин тоолуу өрөөнүм менен качасыңар, анткени тоолуу өрөөн Атсалга чейин созулат. Жүйүт падышасы Узиянын убагында болгон жер титирөөдөн качкандай качасыңар. Менин Кудай-Теңирим келет, Аны менен кошо бардык ыйыктар келишет.
6
Ошол күнү мындай болот: жарык болбойт, күн, ай, жылдыздар жок болот.
7
Ошол күн Теңир гана билген күн болот: күн да, түн да болбойт, кечкурун гана жарык пайда болот.
8
Ошол күнү мындай болот: Иерусалимден тирүү суулар агып чыгат, алардын жарымы чыгыш деңизине, жарымы батыш деңизине агат: жайында да, кышында да ушундай болот.
9
Теңир бүт жер жүзүнө Падыша болот. Ошол күнү жалгыз Теңир болот, Анын ысымы да бирөө болот.
10
Бул жер Гибондон Ремонго чейин, Иерусалимден түштүккө карай бүт бойдон түздүк болот. Иерусалим бийик жерде, өз ордунда турат жана ага Бенжемин дарбазасынан биринчи дарбазага чейин, бурчтагы дарбазага чейин, ошондой эле Кананел мунарасынан падышанын жүзүм сыккан барасына чейин эл отурукташат.
11
Анын ичинде жашашат, ошондон кийин каргыш деген болбойт. Иерусалим коопсуз жашайт.
12
Иерусалимге каршы согушкан бардык элдерди Теңир мындай кылып жазалайт: буту менен басып эле жүргөн адамдын денеси чирийт, көздөрү көзүнүн чанагында турганда эле агып калат, оозундагы тили кургап калат.
13
Ошол күнү мындай болот: алардын арасына Теңир чоң дүрбөлөң түшүрөт, ошондо биринин колун бири кармайт, ар ким өз жакынына кол көтөрөт.
14
Жүйүт өзү да Иерусалимде салгылашат, тегеректеги бардык элдердин байлыгы: алтын, күмүш жана сан жеткис кийим жыйналат.
15
Аттар да, жылкылар да, качырлар да, төөлөр да, эшектер да, алардын кошуундарындагы бардык мал кырылат.
16
Ошондон кийин Иерусалимге каршы салгылашыш үчүн келген бардык элдердин ичинен тирүү калгандары Себайот Теңир Падышага табыныш үчүн жана Алачык майрамын майрамдаш үчүн жыл сайын келип турушат.
17
Ошондо мындай болот: эгерде жер үстүндөгү уруулардын кайсынысы Себайот Теңир Падышага табыныш үчүн келбесе, анда анын жерине жамгыр жаабайт.
18
Эгерде Мисир уруусу жолго чыкпаса жана келбесе, анда ага да жамгыр жаабайт, Алачык майрамын майрамдоого келбеген урууларды Теңир кандай жазаласа, аларды да ошондой жазалайт.
19
Алачык майрамын майрамдоого келбеген Мисирдин жана бардык элдердин жазасы ушундай болот!
20
Ошол убакта, атүгүл, ат жабдыктарына да “Теңирге арналган ыйык нерсе” деген жазуулар жазылат, Теңир үйүндөгү казандар курмандык чалынуучу жайда колдонулуучу чаралардай болот.
21
Иерусалим менен Жүйүттөгү бардык казандар Себайот Теңирге арналган ыйык нерсе болот, курмандык алып келгендер ал казандарды алып, курмандыктарын бышырышат. Ошол күнү Себайот Теңирдин үйүндө бир да канаандык болбойт».
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14