bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 10
Zechariah 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 11 →
1
Жазгы жамгырлар убагында Теңирден жамгыр сурагыла. Теңир чагылган чартылдатып, силерге мол жамгыр берет, талаадагы ар бир өсүмдүккө суу берет.
2
Анткени терафимдер жок нерсени айтышат, алдын ала айтуучулар жалган көрүнүштөрдү көрүшөт, жалган түштөрдү айтышат. Алар курулай көңүл жубатышат. Ошон үчүн алар койлорго окшоп адашып жүрүшөт, алар кыйналып жүрүшөт, анткени койчу жок.
3
«Койчуларга Менин каарым жалындады, текелерди Мен жазалайм. Анткени Себайот Теңир Өзүнүн койлоруна, Жүйүткө, келет, аларды Өзүнүн мыкты согуш аты катары коёт.
4
Андан негизги таш чыгат, андан чатырдын казыгы чыгат, андан согуш жаасы чыгат, андан эл бийлеген башкаруучулар чыгат.
5
Алар согушта душманды көчөдөгү ылайды тебелегендей тебелеп, баатырларча салгылашышат, анткени Теңир алар менен, алар атчан аскерлерди уятка калтырышат.
6
Жүйүттү чыңдайм, Жусупту куткарам, аларды кайрып келем, анткени аларга Менин боорум ооруду, алар Мен аларды эч качан таштабагандай болушат, анткени Мен алардын Кудай-Теңиримин, ошондуктан алардын үнүн угам.
7
Эпрайым баатыр сыяктуу болот. Алардын жүрөгү шарап ичкендегидей болуп шаттыкка бөлөнөт. Алардын уулдары муну көрүп кубанышат. Алардын жүрөгү Теңир менен кубанат.
8
Мен аларга белги берип, аларды чогултам, анткени Мен аларды кун төлөп куткарып алдым. Алар мурдагыдай көп болушат.
9
Мен аларды элдердин арасына чачыратып жиберем, алыскы өлкөлөрдө алар Мени эстешет, өз балдары менен бирге жашашат, анан кайрылып келишет.
10
Мен аларды Мисир жеринен кайрып келем, аларды Ашурдан жыйнап келем, аларды Гилат жерине жана Лебанонго алып келем, аларга жер жетпей калат.
11
Деңизге алаамат түшөт, ал деңиз толкундарын талкалайт, дарыянын бардык терең жерлери какшыйт, Ашурдун текебердиги талкаланат, Мисирдин бийлик таягы тартылып алынат.
12
Аларды Теңир менен бекемдейм, ошондо алар Анын ысымы үчүн жашашат, – дейт Теңир.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14