bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 7
Zechariah 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 8 →
1
Дарийдин падышачылыгынын төртүнчү жылы, тогузунчу ай – Кислеп айынын төртүнчү күнү Захарияга Теңирден сөз болду.
2
Ошондо Бейтел эли Саретсер менен Регем-Мелехти жана анын адамдарын Теңирдин алдында сыйынууга,
3
Себайот Теңирдин үйүндөгү ыйык кызмат кылуучулардан жана пайгамбарлардан «Көп жылдан бери ыйлап орозо кармап келгенимдей эле, бешинчи айда ыйлап орозо кармасам болобу?» деп суратканы жиберди.
4
Ошондо мага Себайот Теңирден мындай сөз болду:
5
«Бул жердин бүт элине жана ыйык кызмат кылуучуларга мындай деп айт: “Жетимиш жылдан бери бешинчи жана жетинчи айда орозо кармап ыйлаганыңарда, Мен үчүн орозо кармадыңар беле? Мен үчүн беле?
6
Жегениңерде жана ичкениңерде, өзүңөр үчүн жеген жок белеңер, өзүңөр үчүн ичкен жок белеңер?
7
Иерусалимге эл отурукташып, шаар тынч жашап жатканда, анын айланасындагы шаарларга, түштүк өлкөсүнө жана ойдуң жерлерге элдер отурукташканда, мурунку пайгамбарлар аркылуу Теңир ушул эле сөздөрдү айткан жок беле?”»
8
Ошондо Захарияга Теңирден мындай сөз болгон:
9
Ошондо Себайот Теңир мындай деген: «Адилет сот жүргүзгүлө, ар бириңер өз бир тууганыңарга ырайым жана боорукердик көрсөткүлө.
10
Жесир менен жетимге, келгин менен жакырга кысым көрсөтпөгүлө, жүрөгүңөрдө бири-бириңерге жамандык ойлобогула.
11
Бирок алар уккулары келбей, Менден жүздөрүн буруп кетишти, укпаш үчүн, кулактарын жаап алышты.
12
Себайот Теңир Өзүнүн Руху менен мурунку пайгамбарлар аркылуу жиберген мыйзамды жана сөздөрдү укпаш үчүн, жүрөктөрүн таш кылып алышты. Ошон үчүн алар Себайот Теңирдин катуу каарына калышты.
13
Мен чакырганда, алар укпай коюшту, алар чакырганда, Мен да укпай койдум, – дейт Себайот Теңир.
14
Мен аларды өздөрү билбеген элдердин арасына чачып жибердим, алардан кийин бул жер ээн калды, бул жерде эч ким жашабай калды, бул сонун өлкөнү алар чөлгө айландырышты».
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14