bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 4
Zechariah 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 5 →
1
Мени менен сүйлөшкөн периште кайрылып келип, мени уктап жаткан адамды ойготкондой ойготту.
2
Анан ал менден: «Сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен мындай деп жооп бердим: «Чылк алтындан жасалган чырактанды, анын үстүндөгү зайтун майы куюла турган чөйчөкчөнү, анын үстүндөгү жети чыракты, анын үстүндөгү чырактардын ар биринин жетиден түтүгүн көрүп турам.
3
Анын үстүндө эки зайтун дарагы бар экен, бири чөйчөктүн оң тарабында, экинчиси сол тарабында турат».
4
Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Бул эмне, мырзам?» – деп сурадым.
5
Ошондо мени менен сүйлөшкөн периште менден: «Сен мунун эмне экенин билбейсиңби?» – деп сурады. Мен ага: «Билбейм, мырзам», – деп жооп бердим.
6
Ошондо ал мага мындай деди: «Бул Теңирдин Зоробабылга айткан сөзү: “Аскер кошууну менен да эмес, күч менен да эмес, бир гана Менин Рухум менен”, – дейт Себайот Теңир.
7
Сен кимсиң, улуу тоо? Зоробабылдын алдында сен бир түздүксүң. Ал негизги ташты “Кандай жыргал, кандай сонун!” деген кыйкырыктын астында алып чыгат».
8
Ошондо мага Теңирден мындай сөз болду:
9
«Бул үйдүн негизин Зоробабылдын колу койгон, анын колу бүтүрөт. Мени силерге Себайот Теңир жибергенин сен ошондо билесиң.
10
Анткени ким бул күндү мааниси жок күн деп эсептей алат? Зоробабылдын колундагы курулуш салмоорду кубаныч менен карап турган жанагы жети көз – Теңирдин бүт жер жүзүн карап турган жети көзү».
11
Ошондо мен андан: «Чырактандын оң тарабында да, сол тарабында да турган бул эки зайтун дарагы эмнени билдирет?» – деп сурадым.
12
Мен ага экинчи жолу суроо бердим: «Эки алтын түтүк аркылуу өзүнөн алтын куюп турган эки зайтун бутагы эмнени билдирет?»
13
Ошондо ал мага: «Сен мунун эмне экенин билбейсиңби?» – деди. Мен ага: «Билбейм, мырзам», – дедим.
14
Ошондо ал: «Бул экөө – зайтун майы менен майлангандар, бүт жер жүзүнүн Теңиринин алдында тургандар», – деп жооп берди.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14