bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 2
Zechariah 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 3 →
1
Анан мен башымды дагы көтөрүп, колунда жер ченегич арканы бар бир адамды көрдүм.
2
Мен андан: «Кайда бара жатасың?» – деп сурадым. Ал мага: «Иерусалимди ченеш үчүн, анын туурасы менен узуну канча экенин билиш үчүн бара жатам», – деп жооп берди.
3
Анан мени менен сүйлөшкөн периште кетти, кетип бара жатканда, анын алдынан дагы бир периште тосуп чыгып, мындай деди:
4
«Тезинен барып, бул жаш уланга мындай де: “Ичинде адам менен мал көп болгондуктан, Иерусалим чепсиз жашайт”».
5
«Мен ага, – дейт Теңир, – аны курчаган оттуу чеп болом, анын ичинде даңкталам.
6
Эй, эй! Түндүк өлкөсүнөн качкыла, – дейт Теңир. – Анткени Мен силерди туш тарапка чачып жибердим, – дейт Теңир.
7
Бабылдын кыздарыныкында жашап жаткан Сион, качып кутул».
8
Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Силер урматталышыңар үчүн, Ал Мени силерди талап-тоногон элдерге каршы жиберди. Анткени силерге ким тийсе, ал Анын көзүнүн карегине тийген болот.
9
Мен колумду аларга каршы көтөрөм, алар өз кулдарынын олжосу болушат. Ошондо Мени Себайот Теңир жибергенин билесиңер.
10
Кубан, шаттан, Сион кызы! Анткени Мен келип, сенин ичиңде жашайм, – дейт Теңир.
11
Ошол күнү көп элдер Теңирге келип, Менин элим болушат. Мен сенин ичиңде жашайм, ошондо Мени сага Себайот Теңир жибергенин билесиң.
12
Ошондо Теңир Жүйүттү, ыйык жердеги Өзүнүн энчисин, Өзүнө энчи кылып алат, Иерусалимди кайрадан тандап алат.
13
Теңирдин жүзүнүн алдында эч бир адам унчукпасын! Анткени Ал Өзүнүн ыйык турагынан туруп келе жатат».
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14