bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Zechariah 8
Zechariah 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 9 →
1
Себайот Теңирден мындай сөз болду:
2
Себайот Теңир мындай дейт: «Мен Сионду чоң кызганыч менен кызгандым. Мен аны катуу каар менен кызгандым».
3
Теңир мындай дейт: «Мен Сионго кайрылып келип, Иерусалимде жашайм, ошондо Иерусалим чындык шаары деп аталат, Себайот Теңирдин тоосу ыйык тоо деп аталат».
4
Себайот Теңир мындай дейт: «Иерусалимдин көчөлөрүндө кайрадан кары кишилер менен кары аялдар колдоруна таяк кармап отурушат, анткени алар узак өмүр сүрүшөт.
5
Бул шаардын көчөлөрү ойноп жүргөн жаш балдар менен жаш кыздарга толот».
6
Себайот Теңир мындай дейт: «Эгерде бул ошол күндөрү бул элдин көзүнө укмуш болуп көрүнсө эле, Менин көзүмө да укмуш болуп көрүнмөк беле? – дейт Себайот Теңир».
7
Себайот Теңир мындай дейт: «Мен Өз элимди чыгыш өлкөсүнөн жана батыш өлкөсүнөн куткарып алам.
8
Аларды алып келем, алар Иерусалимде жашап калышат. Алар Менин элим болушат, акыйкаттык менен чындыктын негизинде Мен алардын Кудайы болом».
9
Себайот Теңир мындай дейт: «Себайот Теңирдин үйүнүн пайдубалы орнотулган күнү пайгамбарлар аркылуу айтылган сөздөрдү азыр да угуп жаткандар, ийбадаткананы куруш үчүн, кайраттуу болгула.
10
Анткени ошол күндөрдөн мурун адамдарга акы төлөө болгон эмес, жаныбарлардын эмгеги үчүн да акы төлөө болгон эмес. Кетип жаткандарга да, келип жаткандарга да душмандардан тынчтык болгон эмес. Адамдардын бири-бири менен касташуусуна Мен жол берчүмүн.
11
Азыр болсо бул элдин калдыгы үчүн Мен мурдагы күндөрдөй эмесмин, – дейт Себайот Теңир.
12
Анткени эгин тынчтыкта айдалат, жүзүм сабагы өз жемишин берет, жер өз түшүмүн берет, асман өз шүүдүрүмүн берет: мунун баарын Мен бул калган элдин ээлигине берем.
13
Жүйүт менен Ысрайыл, силер элдердин арасында каргыш болосуңар, бирок Мен силерди куткарам, силер бата болосуңар. Коркпогула, кайраттуу болгула!»
14
Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Силердин ата-бабаларыңар Мени каардантышканда, Мен силерди жазалоону чечкем, ошол чечимимди өзгөрткөн эмесмин, – дейт Себайот Теңир.
15
Бирок Мен бул күндөрү Иерусалимге жана Жүйүткө кайрадан жакшы нерсе кылууну чечтим. Коркпогула!
16
Силер кыла турган иштер булар: бири-бириңерге чындыкты айткыла, дарбазаңардын алдында акыйкаттык менен тынчтыкты сактап сот жүргүзгүлө.
17
Силердин араңардан эч ким өз жүрөгүндө жакынына каршы кыянаттык ойлобосун, жалган антты сүйбөгүлө, анткени мунун баары – Мен жек көргөн нерселер, – дейт Теңир».
18
Анан мага Себайот Теңирден мындай сөз болду:
19
Себайот Теңир мындай дейт: «Төртүнчү айдын орозосу, бешинчи айдын орозосу, жетинчи айдын орозосу жана онунчу айдын орозосу Жүйүт тукуму үчүн кубаныч менен шаттыкка, жакшы майрамдарга айлансын. Чындык менен тынчтыкты сүйгүлө».
20
Себайот Теңир мындай дейт: «Көптөгөн элдер жана көптөгөн шаарлардын тургундары келишет.
21
Бир шаардын тургундары экинчи шаардын тургундарына барып: “Теңирдин алдына барып сыйыналы, Себайот Теңирди издейли”, – дешет; Ар бири: “Мен да барам”, – дейт.
22
Иерусалимде Себайот Теңирди издеш үчүн, Теңирге сыйыныш үчүн, көптөгөн уруулар жана күчтүү элдер келишет».
23
Себайот Теңир мындай дейт: «Ал күндөрдө мындай болот: ар кандай тилдерде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: “Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук”, – дешет».
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14