bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 13
1 Chronicles 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 14 →
1
Дөөт миң башылар, жүз башылар, бардык жол башчылар менен кеңешип турган.
2
Дөөт бүт ысрайылдыктарга мындай деди: «Эгерде силер ылайык көрсөңөр, эгерде бул биздин Кудай-Теңирибиздин эркине туура келсе, бардык жерге, бүткүл Ысрайыл жеринде жашаган биздин калган бир туугандарыбызга, ошондой эле ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге, алардын шаарларына, кыштактарына киши жиберип, аларды бул жерге чакыралы.
3
Кудайыбыздын келишим сандыгын өзүбүзгө көчүрүп келели, анткени Шабулдун тушунда биз ага кайрылган жокпуз».
4
Ошондо жыйналган элдин бардыгы: «Ошондой болсун», – дешти, анткени бул иш бардык элге туура көрүндү.
5
Ошентип, Дөөт Кудайдын келишим сандыгын Кирийат-Жейаримден көчүрүш үчүн, Мисирдин Шихорунан тартып Хаматтын кире беришине чейин бардык ысрайылдыктарды чогултту.
6
Кудайдын ысымы менен аталган, керуптардын үстүндө отурган Кудай-Теңирдин келишим сандыгын көчүрүп келиш үчүн, Дөөт менен бүткүл Ысрайыл Жүйүт аймагындагы Кирийат-Жейаримге жөнөдү.
7
Алар Кудайдын келишим сандыгын жапжаңы арабага салып, Абынадаптын үйүнөн алып чыгышты. Уза менен Акия арабаны айдап бара жатышты.
8
Дөөт менен бүт ысрайылдыктар Кудай алдында болгон күчү менен ыр ырдап, лира тартып, арфа чертип, дап кагып, жез табак кагып, сурнай тартып бара жатышты.
9
Алар Горен-Кидондун кырманына жеткенде, Уза келишим сандыгын кармап калыш үчүн, колун суна койду, анткени өгүздөр келишим сандыгын кыйшайтып жиберишкен эле.
10
Ошондо Теңир Узага каарданды. Келишим сандыгына колун сунганы үчүн, аны өлтүрүп салды. Ал ошол жерде Кудай алдында өлдү.
11
Теңир Узаны өлтүргөнү үчүн, Дөөт абдан кайгырды. Ал жерди Уза өлгөн жер деп атады. Ал жер бүгүнкү күнгө чейин ошондой аталат.
12
Ошол күнү Дөөт Кудайдан коркуп: «Кудайдын келишим сандыгын мен өзүмө кантип алып кетем?» – деди.
13
Ошентип, Дөөт келишим сандыгын өзүнө – Дөөттүн шаарына алып кетпей, аны гаттык Абет-Эдомдун үйүнө бурду.
14
Кудайдын келишим сандыгы Абет-Эдомдун үйүндө үч ай турду, Теңир Абет-Эдомдун үй-бүлөсүнө, анда эмне болсо, ошонун бардыгына батасын берди.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29