bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 9
1 Chronicles 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 10 →
1
Бүт ысрайылдыктар өз уруулары боюнча эсептелген. Алар Ысрайыл падышаларынын китебине жазылган. Жүйүттөр болсо мыйзамсыз иштери үчүн Бабылга туткундалып кетишкен.
2
Өздөрү ээлеп алган жерлерде, Ысрайыл шаарларында жашаган алгачкы тургундар ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жана нетиндер болгон.
3
Иерусалимде Жүйүттүн кээ бир уулдары, Бенжеминдин уулдарынан, Эпрайым менен Менашенин уулдарынан жашап турушкан:
4
Жүйүттүн уулу Перестин уулдарынан Утай, Утай – Амийуттун уулу, Амийут – Омринин уулу, Омри – Имринин уулу, Имри – Банинин уулу.
5
Шилондун уулдарынан тун уулу Асая жана анын уулдары.
6
Зерактын уулдарынан Жейуел жана анын алты жүз токсон бир тууганы.
7
Бенжемин уулдарынан Салу, ал – Мешуламдын уулу, Мешулам – Одабиянын уулу, Одабия – Асенуйдун уулу,
8
Жерохамдын уулу – Жибнея, Узинин уулу – Эйла, Узи – Михринин уулу, Шепатиянын уулу – Мешулам, ал – Ребуелдин уулу, Ребуел – Жибнеянын уулу.
9
Үй-бүлөлөрү боюнча алардын бир туугандары – тогуз жүз элүү алты киши, булардын бардыгы өз урууларында үй-бүлө башчылары болгон.
10
Ал эми ыйык кызмат кылуучулар булар: Жедая, Жойарип, Жахин жана
11
Азария. Азария – Хилкиянын уулу, Хилкия – Мешуламдын уулу, Мешулам – Садоктун уулу, Садок – Мерайоттун уулу, Мерайот – Кудайдын үйүндө башкаруучу болгон Акитуптун уулу.
12
Ошондой эле Адая. Адая – Жерохамдын уулу, Жерохам – Пашкурдун уулу, Пашкур – Малкиянын уулу. Ошондой эле Масай. Масай – Адиелдин уулу, Адиел – Жахзердин уулу, Жахзер – Мешуламдын уулу, Мешулам – Мешилеймиттин уулу, Мешилеймит – Имердин уулу.
13
Ошондой эле алардын бир туугандары, өз үй-бүлөлөрүнүн башчылары – бир миң жети жүз алтымыш адам. Алар Кудайдын үйүндө ак ниет кызмат кылган эң жакшы адамдар болгон.
14
Ал эми лебилерден: Шемая. Ал – Хашубанын уулу, Хашуба – Азрикамдын уулу, Азрикам – Хашабиянын уулу, Хашабия Мераринин тукуму болгон.
15
Ошондой эле Бакбакар, Хереш, Галал жана Матания. Матания – Миханын уулу, Миха – Зихринин уулу, Зихри – Асаптын уулу.
16
Ошондой эле Обадия. Ал – Шемаянын уулу, Шемая – Галалдын уулу, Галал – Жедутундун уулу, Жедутун – Берекиянын уулу, Берекия – Асанын уулу, Аса – нетопалыктардын айыл-кыштактарында жашаган Элкананын уулу.
17
Ал эми дарбазачылар: Шалум, Акуп, Талмон, Акиман жана алардын бир туугандары. Алардын башчысы – Шалум.
18
Леби уулдарынын бул дарбазачылары чыгыш жактагы падыша дарбазасын бүгүнкү күнгө чейин кайтарышат.
19
Шалум – Корейдин уулу, Корей – Эбийасаптын уулу, Эбийасап – Корактын уулу. Шалум жана анын уруусундагы бир туугандары, корактыктар, кызмат абалы боюнча жыйын чатырынын босогосунда күзөтчүлөр болушкан. Алардын аталары болсо Теңирдин станынын кире беришин кайтарышкан.
20
Алардын үстүнөн мурда Элазар уулу Пинехас башчы болгон. Теңир аны колдоп турган.
21
Мешелемия уулу Захария жыйын чатырынын эшигин кайтарган.
22
Дарбазачы болуу үчүн тандалгандардын саны эки жүз он эки болгон. Алар өз кыштактары боюнча тизмеге кирген. Аларды Дөөт менен көрөгөч Шемуел ишенимдүү адамдар болгону үчүн койгон.
23
Алар да, алардын уулдары да жыйын чатырынын, Теңир үйүнүн дарбазасын кайтарып турушкан.
24
Дарбазачылар төрт тарапта: чыгышта, батышта, түндүктө, түштүктө турган.
25
Кыштактарда жашаган бир туугандары аларга мезгил-мезгили менен жети күнгө келип турушкан.
26
Күзөтчүлөрдүн төрт башчысы, лебилер, ишенимдүү адамдар болгон. Аларга Кудай үйүнүн турак-жайлары менен казынасын кайтаруу дайындалган.
27
Кудай үйүнүн айланасында алар түн күзөтүшкөн, анткени аларга кайтаруу иши тапшырылган. Алар ар күнү эртең менен эшиктерди ачып туруулары керек эле.
28
Алардын кээ бирөөлөрү кызмат кылууда колдонулуучу идиштерге жооптуу болуп дайындалышкан, алар идиштерди эсептеп кабыл алып, эсептеп берип турушкан.
29
Башкаларына башка буюмдар менен керектүү ыйык нерселер: эң жакшы деп эсептелген ун, шарап, зайтун майы, жыпар жыттуу заттар тапшырылган.
30
Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынын кээ бири жыпар жыттуу заттардан жыпар жыттуу аралашма жасап турушкан.
31
Корактык Шалумдун тун уулуна – лебилерден чыккан Мататияга көмөч казанга нан бышыруу тапшырылган.
32
Ишемби сайын нан курмандыктарын коюп туруу үчүн, алардын Каат уулдарынан тараган бир туугандарынын кээ бирлерине нан курмандыктарын бышыруу тапшырылган.
33
Ырчылар – Леби урууларындагы уруу башчылар ийбадатканадагы бардык кызматтардан бошотулган, анткени алар күнү-түнү өз кызматын кылууга милдеттүү болчу.
34
Булар – леби урууларынын уруу башчылары, өз урууларынын башчылары. Алар Иерусалимде турушкан.
35
Гибондуктардын атасы Жейел Гибондо жашаган, анын аялынын аты – Мааха,
36
анын тун уулу – Абдон, андан кийин Сур, Киш, Баал, Нейир, Надап,
37
Гедор, Ахио, Захария жана Миклот.
38
Миклоттон Шимам төрөлдү. Алар өздөрүнүн бир туугандарынын жанында, Иерусалимде бир туугандары менен бирге жашап турушкан.
39
Нейирден Киш төрөлдү, Киштен Шабул төрөлдү, Шабулдан Жонатан, Малки-Шуу, Абынадап жана Эшпаал төрөлдү.
40
Жонатандын уулу – Мерибаал. Мерибаалдан Миха төрөлдү.
41
Миханын уулдары: Питон, Мелех, Тахрей жана Ахаз.
42
Ахаздан Жара төрөлдү. Жарадан Алемет, Азмабет жана Зимри төрөлдү. Зимриден Мотса төрөлдү.
43
Мотсадан Бина төрөлдү. Бинанын уулу – Репая, Репаянын уулу – Элас, Эластын уулу – Атсел.
44
Атселдин алты уулу болгон, алардын ысымдары: Азрикам, Бохра, Ысмайыл, Шеярия, Обадия жана Ханан. Булар – Атселдин уулдары.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29