bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 22
1 Chronicles 22
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 23 →
1
Дөөт: «Кудай-Теңирдин үйү менен ысрайылдыктардын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалуучу жайы ушул жерде болот», – деди.
2
Дөөт Ысрайыл жеринде турган келгиндердин бардыгын жыйнап келүүгө буйрук берди да, Кудайдын үйүн куруш үчүн, таш жонгонго таш жонуучуларды койду.
3
Ал дарбазага мык жана илгич жасаш үчүн, эң көп темир даярдады, ошондой эле сансыз көп жез даярдады.
4
Эсепсиз көп кедр жыгачын даярдады, анткени сидондуктар менен тирликтер Дөөткө көп кедр жыгачын жеткиришти.
5
Дөөт мындай деди: «Менин уулум Сулайман жаш, күчү да аз, ал эми Теңир үчүн курула турган үй абдан чоң, жер жүзүндөгү эң мыкты, эң кооз имарат болушу керек. Ошондуктан ал үчүн бардыгын мен өзүм даярдайм». Дөөт көзү өткөнгө чейин көп нерсе даярдап койду.
6
Ал өз уулун, Сулайманды, чакырып, Ысрайылдын Кудай-Теңирине үй курууну буйруду.
7
Дөөт Сулайманга мындай деди: «Уулум! Менин жүрөгүмдө Кудай-Теңирим үчүн үй курам деген ой бар эле.
8
Бирок мага Теңирден сөз болуп, мындай деп айтылган: “Сен көп согуштуң, көп кан төктүң, ошондуктан сага Менин ысымыма арнап үй курганга болбойт, анткени сен Менин көз алдымда жерге көп кан төктүң.
9
Сенден уул төрөлөт, тынчтыкта жашаган адам болот. Мен аны курчап турган бардык душмандардан ага тынчтык берем, ошондуктан анын ысымы Сулайман болот. Анын тушунда Ысрайылга тынчтык жана бейпилдик берем.
10
Ал Менин ысымыма арнап үй тургузат, ал Менин уулум болот, Мен анын атасы болом, Мен анын падышачылык тагын Ысрайылга түбөлүккө бекитем”.
11
Эми, уулум, Теңир сени менен болсун, ийгиликке жет, Ал Өзү сен жөнүндө айткандай, Кудай-Теңириңе үй кур!
12
Теңир сага акыл-эс берсин, сени Ысрайылдын үстүнөн койсун, Кудай-Теңириңдин мыйзамын сакта!
13
Эгерде Ысрайыл үчүн Теңир Мусага берген мыйзам менен буйруктарын так аткарууга аракет кыла турган болсоң, анда сен зор ийгиликке жетесиң. Бекем, кайраттуу бол, коркпо, чөкпө.
14
Мына, мен көп аракет кылып, Теңирдин үйү үчүн жүз миң талант алтын, бир миллион талант күмүш даярдап койдум, ал эми темир менен жездерге сан жетпейт, анткени алар эсепсиз көп. Ошондой эле жыгач менен таштарды да даярдап койдум. Сен булардын үстүнө дагы кош.
15
Сенин көп сандаган жумушчуларың, таш жонуучуларың, кескичтериң, жыгач усталарың жана ар кандай ишке жөндөмдүү адамдарың бар.
16
Алтын, күмүш, темир, жездерге эсеп жок. Башта да, жасай бер. Теңир сени менен болот».
17
Дөөт Ысрайылдын бардык төрөлөрүнө уулу Сулайманга жардам кылуусун буйрук кылды:
18
«Туш тараптан силерге бейкуттук, тынчтык берген биздин Кудай-Теңирибиз силер менен, анткени Ал жер жүзүндө жашоочуларды менин колума салып берди. Жер жүзү Теңирге жана Анын элине багынып берди.
19
Жүрөгүңөрдү да, жаныңарды да Кудай-Теңириңерди издөөгө бургула. Тургула, Теңирдин келишим сандыгы менен Кудайдын ыйык идиштерин көчүрүп келүү үчүн, Теңирдин ысымына арнап, Кудай-Теңириңерге ыйык жай кургула».
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 23 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29