bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 26
1 Chronicles 26
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 27 →
1
Дарбазачылардын бөлүштүрүлүшү: Корак тукумунан: Асап уулдарынан Корактын уулу Мешелемия.
2
Мешелемиянын уулдары: туну – Захария, экинчиси – Жедийаел, үчүнчүсү – Зебадия, төртүнчүсү – Жатниел,
3
бешинчиси – Эйлам, алтынчысы – Жоханан, жетинчиси – Элийонай.
4
Обейт-Эдомдун уулдары: туну – Шемая, экинчиси – Жейозабат, үчүнчүсү – Жаах, төртүнчүсү – Сакар, бешинчиси – Натанаел,
5
алтынчысы – Амиел, жетинчиси – Исахар, сегизинчиси – Пейултай, анткени ага Кудай батасын берген.
6
Анын уулу Шемаядан да өз уруусуна башчылык кылган уулдар төрөлгөн. Алар күчтүү адамдар болгон.
7
Шемаянын уулдары: Отни, Репаел, Обейт жана Элзабат, анын бир туугандары Элийу менен Семакия – күчтүү адамдар.
8
Булардын баары Обейт-Эдомдун уулдарынан болгон. Алар, алардын уулдары жана бир туугандары тырышчаак, кызматка жөндөмдүү адамдар эле. Обейт-Эдомдун тукуму – алтымыш эки адам.
9
Мешелемиянын жөндөмдүү уулдары менен бир туугандары – он сегиз адам.
10
Мераринин уулдарынын бири Хосанын уулдары: Шимри – башчысы, ал тун уулу болбосо да, атасы аны башчы кылып койгон.
11
Экинчиси – Хилкия, үчүнчүсү – Тебалия, төртүнчүсү – Захария. Хосанын уулдары менен бир туугандары он үч.
12
Теңир үйүндө кызмат кылуу үчүн, бир туугандары сыяктуу эле жөндөмдүү дарбазачылардын башчы болуп бөлүнүшү мына ушундай.
13
Алар өз уруулары боюнча ар бир дарбаза үчүн, улуу-кичүү дебей, өкчөмө таш ыргытышты.
14
Өкчөмө ташты ыргытканда, Шелемияга чыгыш тарап түштү. Анын уулу акылман кеңешчи Захарияга түндүк тарап түштү.
15
Обейт-Эдомго түштүк тарап, анын уулдарына кампанын капкасын кайтаруу түштү.
16
Шупим менен Хосага батыш тарап жана жол өр тарткан жердеги Шалехет дарбазасы, эки күзөтчү бетме-бет турган жерди кайтаруу түштү.
17
Чыгыш тарапка алтыдан леби, түндүк тарапка төрттөн, түштүк тарапка төрттөн, кампанын алдына экиден,
18
батыш тарабынан короого кире турган жолго төрттөн, короонун өзүнө экиден.
19
Корак уулдары менен Мерари уулдарынан бөлүнгөн дарбазачылар ушулар.
20
Алардын бир туугандары лебилер болсо Кудайдын үйүндөгү казынаны жана Кудайга арналган буюмдар сакталуучу казынаны кайтарышты.
21
Гейиршуни уулу Ладандын уулдарынан Жехиел. Ал Ладан уруусунун уруу башчысы эле.
22
Жехиелдин уулдары: Зейтам жана анын бир тууганы Жоел Кудайдын үйүндөгү казынаны кайтарышты,
23
алар менен бирге Амрамдын, Житсардын, Хеброндун жана Узиелдин уруулары турду.
24
Мусанын уулу Гейиршомдун уулу Шебуел казына кайтаруучулардын башчысы болду.
25
Шебуелдин бир тууганы – Элиезер, Элиезердин уулу – Рехабия, Рехабиянын уулу – Ышайа, Ышайанын уулу – Жорам, Жорамдын уулу – Зихри, Зихринин уулу – Шеломит.
26
Шеломит жана анын бир туугандары Кудайга арналган буюмдар сакталуучу казынаны кайтарышкан, ал буюмдарды Дөөт падыша, уруу башчылар, миң башылар, жүз башылар жана аскер башчылар Кудайга арнашкан.
27
Алар Теңир үйүнө керектөө үчүн, чаап алгандарынан, олжолоп алгандарынан Кудайга арнап турушкан.
28
Шемуел пайгамбар эмнени арнаса, ошонун баары, Киштин уулу Шабулдун, Нейирдин уулу Абенердин, Серуянын уулу Жойаптын арнагандарынын бардыгы Шеломит менен анын бир туугандарынын колунда болгон.
29
Житсар уруусунан: Кенания менен анын уулдары ысрайылдыктардын тышкы иштерин тейлеген катчылар жана башкаруучулар болуп дайындалышты.
30
Хеброн уруусунан: Хашабия жана анын бир туугандары, бир миң жети жүз эр жүрөк адамдар падышанын кызматтарында, Теңирдин ар кандай иштеринде, Иордандын берки тарабында батышты карай жайгашкан бүт Ысрайылды кайтарып турушту.
31
Хеброн уруусунда уруулары менен укум-тукумун башкарып, Хеброн урууларына башчы болуп Жерия турду. Дөөттүн бийлигинин кыркынчы жылында алар санакка киришти, алардын арасынан гилаттык Жазерден баатыр адамдар чыкты.
32
Анын бир туугандарынан жөндөмдүү эки миң жети жүз адамы уруу башчы болду. Аларды Дөөт Рубейиндин, Гаттын уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна башчы кылып, Кудайдын бардык иштери менен падышанын бардык иштерин башкартып койгон.
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 27 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29