bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 2
1 Chronicles 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 3 →
1
Ысрайылдын уулдары булар: Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар, Забулун,
2
Дан, Жусуп, Бенжемин, Напталы, Гат жана Ашыр.
3
Жүйүттүн уулдары: Эйир, Онан жана Шило. Бул үч уулу канаандык Шуйинин кызынан төрөлгөн. Жүйүттүн тун уулу Эйир Теңирге жаккан эмес, ошондуктан Ал аны өлтүрүп салган.
4
Келини Тамар ага Перес менен Зеракты төрөп берди. Жүйүттүн бардыгы болуп беш уулу болгон.
5
Перестин уулдары: Хесрон менен Хамул.
6
Зерактын уулдары: Зимри, Эйтан, Эйман, Калкол жана Дара. Бардыгы болуп бешөө.
7
Карминин уулу – Ахар (Ахан), ал Кудайга арналган буюмдарды алып, Ысрайылдын башына мүшкүл түшүргөн.
8
Эйтандын уулу – Азария.
9
Хесрондун уулдары: Жерахмейел, Рам жана Хелубай.
10
Рамдан Аминадап төрөлдү. Аминадаптан Жүйүт уулдарынын төрөсү Нахшон төрөлдү.
11
Нахшондон Салмон төрөлдү. Салмондон Бууз төрөлдү.
12
Бууздан Обейт төрөлдү. Обейттен Жышай төрөлдү.
13
Жышайдын тун баласы – Элийап, экинчи уулу – Аминадап, үчүнчүсү – Шима,
14
төртүнчүсү – Натанаел, бешинчиси – Радай,
15
алтынчысы – Отсем, жетинчиси – Дөөт.
16
Булардын карындаштары: Серуя менен Абигейил. Серуянын үч уулу: Абышай, Жойап жана Асаел.
17
Абигейил Амасаны төрөдү. Амасанын атасы ысмайылдык Жетер болгон.
18
Хесрондун уулу Калептин Жерийоттун кызы Азубадан төрөлгөн уулдары: Жейшер, Шобап жана Ардон.
19
Азуба көз жумгандан кийин, Калеп Эпратка үйлөндү, ал Хурду төрөп берди.
20
Хурдан Ури төрөлдү. Уриден Бетселел төрөлдү.
21
Андан кийин Хесрон алтымыш жашка келгенде, Гилаттын атасы Махирдин кызын алды. Ал ага Сегупту төрөп берди.
22
Сегуптан Жайыр төрөлдү, Гилат жеринде анын жыйырма үч шаары болгон.
23
Бирок гешурлар менен сириялыктар Жайырдын кыштактарын, Кенат шаарын жана ага караштуу алтымыш шаарды каратып алышты. Бул шаарлардын бардыгы Гилаттын атасы Махирдин уулдарыныкы болгон.
24
Хесрон Калеп-Эфратада көз жумду. Ал өлгөндөн кийин, анын аялы Абия ага Текоянын атасы Ашкурду төрөп берди.
25
Хесрондун тун уулу Жерахмейелдин уулдары: Рам, бул – туну, артынан Буна, Орен, Отсем жана Акия төрөлдү.
26
Жерахмейелдин дагы бир аялы болгон, анын аты Атара эле, ал – Онамдын энеси.
27
Жерахмейелдин тун уулу Рамдын уулдары: Маас, Жамин жана Эйкер.
28
Онамдын уулдары: Шамай менен Жада. Шамайдын уулдары: Надап менен Абышур.
29
Абышурдун аялынын аты – Абикейил. Ал ага Акбан менен Молидди төрөп берди.
30
Надаптын уулдары: Селет менен Апайым. Селет бала көрбөй өттү.
31
Апайымдын уулу – Жиши, Жишинин уулу – Шейшан, Шейшандын уулу – Аклай.
32
Шамайдын бир тууганы Жаданын уулдары: Жетер менен Жонатан. Жетер бала көрбөй өттү.
33
Жонатандын уулдары: Пелет менен Заза. Булар – Жерахмейелдин уулдары.
34
Шейшандын эркек балдары болгон эмес, кызы гана болгон. Шейшандын мисирлик кулу бар эле, аты Жарха болчу.
35
Шейшан өз кызын ошол кулу Жархага аялдыкка берди. Ал ага Атайды төрөп берди.
36
Атайдан Натан төрөлдү. Натандан Забат төрөлдү.
37
Забаттан Эплал төрөлдү. Эплалдан Обейт төрөлдү.
38
Обейттен Жейу төрөлдү. Жейудан Азария төрөлдү.
39
Азариядан Хелез төрөлдү. Хелезден Элас төрөлдү.
40
Эластан Сисемай төрөлдү. Сисемайдан Шалум төрөлдү.
41
Шалумдан Жекамия төрөлдү. Жекамиядан Элишама төрөлдү.
42
Жерахмейелдин бир тууганы Калептин уулдары: Мейша, ал – тун баласы, Зуптун атасы. Калептин уулу – Марейша, Марейшанын уулу – Хеброн.
43
Хеброндун уулдары: Корак, Тапуах, Рекем жана Шема.
44
Шемадан Жоркеямдын атасы Рахам төрөлдү. Ал эми Рекемден Шамай төрөлдү.
45
Шамайдын уулу – Маон. Маон – Бейт-Сурдун атасы.
46
Калептин күң аялы Эйпа Харанды, Мотсаны жана Газести төрөдү. Харандан Газес төрөлдү.
47
Жадайдын уулдары: Регем, Жотам, Гейшан, Пелет, Эйпа жана Шаап.
48
Калептин күң аялы Мааха Шебер менен Тирханды төрөдү.
49
Ал Мадмананын атасы Шаапты, Махбейнанын атасы Шебаны жана Гибанын атасын да төрөдү. Калептин кызы – Акса.
50
Калептин уулдары мына булар: Эпраттан төрөлгөн тун баласы – Хур, Кирийат-Жейаримдин атасы – Шобал.
51
Бейт-Лехемдин атасы – Салма. Бейт-Гадейирдин атасы – Хареп.
52
Кирийат-Жейаримдин атасы Шобалдын уулдары: Аройе, менухоттордун жарымы.
53
Кирийат-Жейаримдин уруулары: житриликтер, путтуктар, шуматтыктар жана мишрайлыктар. Булардан соралыктар менен эштаулдуктар тараган.
54
Салманын уулдары: Жаабап тукумунун таажысы болгон бейт-лехемдиктер менен нетопалыктар, манахиттердин жарымын түзгөн соралыктар,
55
Жабесте жашаган сопереттиктердин уруулары: тирликтер, шимейликтер, сухаттыктар. Булар – Бейт-Рейкаптын атасы Хаматтан тараган кейниликтер.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29