bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 18
1 Chronicles 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 19 →
1
Ошондон кийин Дөөт пелиштиликтерди талкалап, аларды багындырып, алардын колунан Гатты жана ага караштуу шаарларды тартып алды.
2
Ал ошондой эле мааптыктарды талкалады. Мааптыктар Дөөткө салык төлөөчү кулдар болуп калышты.
3
Дөөт Соба падышасы Ададезерди Хаматта өлтүрдү. Ал Эфрат дарыясынын боюна бийлигин орноткону бара жаткан эле.
4
Дөөт анын бир миң майдан арабасын, жети миң атчан аскерин жана жыйырма миң жөө аскерин колго түшүрүп, майдан арабалардын баарын талкалап, өзүнө жүз гана майдан араба алып калды.
5
Соба падышасы Ададезерге Дамасктан сириялыктар жардамга келишти. Бирок Дөөт жыйырма эки миң сириялыкты кыйратты.
6
Дөөт сакчы аскерлерин Сириядагы Дамаскка койду. Сириялыктар Дөөткө кул болуп, салык төлөп калышты. Дөөт кайда барбасын, бардык жерде Теңир ага жардам берип турду.
7
Дөөт Ададезердин кулдарынын алтын калкандарын алып, Иерусалимге алып келди.
8
Ал эми Ададезердин шаарлары Тапхат менен Кундан Дөөт абдан көп жез алды. Андан Сулайман чоң жез чараны, жез мамыларды, жез идиштерди жасады.
9
Хамат падышасы Той Дөөттүн Соба падышасы Ададезердин аскерин кырып салганын укту.
10
Дөөттүн Ададезер менен согушуп, аны талкалаганы үчүн, Той аны куттуктап, ыраазычылыгын билдирип, ага өз уулу Адорамды жөнөттү, анткени Той Ададезер менен согушуп турган эле. Уулу менен кошо ар кандай алтын, күмүш, жез идиштерди берип жиберди.
11
Падыша Дөөт аларды бардык элдерден олжого түшкөн алтын, күмүштөр менен бирге Теңирге арнады. Алар эдомдуктардан, мааптыктардан, амондуктардан, пелиштиликтерден, амалыктыктардан түшкөн олжолор эле.
12
Серуянын уулу Абышай Туздуу өрөөнүндө он сегиз миң эдомдукту талкалады.
13
Ал Эдомго сакчы аскерлерин койду, бардык эдомдуктар анын кулу болуп калды. Дөөт кайда гана жүрбөсүн, аны Теңир колдоп жүрдү.
14
Дөөт бүт Ысрайылга бийлик кылды. Ал өз элине туура өкүм жүргүзүп, адилеттик көрсөттү.
15
Серуянын уулу Жойап аскер башчы болду. Акилуттун уулу Жошапат тарыхчы болду.
16
Акитуптун уулу Садок жана Абыйатардын уулу Абы-Мелек ыйык кызмат кылуучу, Шапша болсо катчы болду.
17
Жойаттын уулу Беная – керейлер менен пелейлердин үстүнөн башкаруучу, ал эми Дөөттүн уулдары падыша алдындагы биринчи кызматтагы адамдар болушту.
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29