bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 28
1 Chronicles 28
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 29 →
1
Дөөт Иерусалимде падышага кызмат кылган Ысрайылдын бардык жол башчыларын, уруу башчыларын, бөлүм башчыларын, миң башыларын, жүз башыларын, мал-мүлкүнө жооптуу адамдарын, өз уулдары менен кошо эбнухтарын, аскер башчыларын, бардык эр жүрөк адамдарын чогултту.
2
Анан ал ордунан туруп, мындай деди: «Мени уккула, бир туугандарым, элим! Менин жүрөгүмдө биздин Кудайдын бутунун астына, Теңирдин келишим сандыгы үчүн бир бейпил үй курсам деген тилегим бар эле, курулуш үчүн керектүүнүн баарын даярдап койдум.
3
Бирок Кудай мага: “Менин ысымыма арнап үй курба, анткени сен жоокер адамсың, сен кан төккөнсүң”, – деди.
4
Ошондой болсо да Теңир, Ысрайылдын Кудайы, менин атамдын тукумунан мени тандап алып, түбөлүккө Ысрайылга падыша кылып койду, анткени Жүйүттү төрө кылып тандап алды. Жүйүттүн тукумунан менин атамдын тукумун, атамдын уулдарынын ичинен мени бүткүл Ысрайылга падыша кылып коюш үчүн ырайым кылды.
5
Теңир мага көп уул берди, ошол көп уулдарымдын ичинен Ал менин уулум Сулайманды Ысрайылдын үстүнөн болгон падышачылык такка отургузууга тандап алды.
6
Анан Ал мага мындай деди: “Менин үйүмдү жана Менин короо-жайларымды сенин балаң Сулайман курат, анткени Мен аны Өзүмө уул кылып тандап алдым, Мен ага Ата болом.
7
Эгерде ал бүгүнкү күнгө чейин Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактап келгендей, мындан ары да аларды бек сактаса, анын падышачылыгын Мен түбөлүккө бекитем”.
8
Мен эми Теңирдин жыйыны болгон бардык ысрайылдыктардын көз алдында, Кудайдын кулагына угуза мындай демекмин: Мынабу асыл жерге ээ болуп, көзүңөр өткөндөн кийин, аны балдарыңарга жана урпактарыңарга түбөлүккө мураска калтырышыңар үчүн, Кудай-Теңириңердин бардык мыйзамдарын бек сактап, так аткаргыла.
9
Уулум, Сулайман, сен да атаңдын Кудайын бил, ага чын жүрөгүңдөн, жан-дилиңден кызмат кыл, анткени Теңир бардык жүрөктөрдү сынап турат, эмне ойлогонуңарды билип турат. Эгерде Кудайды издесең, Аны табасың. Эгерде Аны таштай турган болсоң, Ал сени түбөлүккө таштайт.
10
Байкагын, анткени Теңир ыйык жай үчүн үй курууга сени тандап алды, бекем бол жана бул ишти жаса».
11
Дөөт өз уулу Сулайманга кире бериш бөлмөнүн, үйлөрдүн, кампалардын, үстүнкү бөлмөлөрдүн, ички бөлмөлөрдүн жана келишим сандыгы туруучу жайдын,
12
ошондой эле жүрөгүндөгү нерселердин, Теңир үйүнүн короо-жайларынын, тегерегиндеги бүт бөлмөлөрдүн, Кудай үйүндөгү казынанын, Кудайга арналган буюмдар сакталуучу казыналардын,
13
ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин бөлмөлөрүнүн, Теңир үйүндөгү ар кандай кызматка арналган бөлмөлөрдүн, Теңир үйүндөгү бардык идиштердин,
14
салмагы белгиленген алтын буюмдардын, ар кандай кызматка колдонула турган идиштердин, салмагы белгиленген күмүш буюмдардын, ар кандай кызматка колдонула турган идиштердин чиймесин чийип берди.
15
Алтын чырактандар менен алардын чырактарына, алардын ар бирине канча алтын кетерин, ошондой эле күмүш чырактандар менен чырактарга, алардын ар бирине канча күмүш кетерин жазып берди.
16
Нан курмандыгы коюлуучу үстөлдөргө, ар бир үстөлгө канча алтын кетерин, күмүш үстөлдөргө канча күмүш кетерин,
17
таза алтындан жасала турган аш айрыларга, чөйчөктөргө, чараларга, алтын табактарга канча алтын кетерин, күмүш табактарга канча күмүш кетерин,
18
алтындан куюлуп жасала турган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайга канча алтын кетерин жазып берди. Ошондой эле майдан арабанын жана канаттарын жайып, Теңирдин келишим сандыгын жаап турган алтын керуптардын чиймесин чийип берди.
19
«Мунун баарын мен Теңирдин жетекчилиги астында жазгам, Ал мага кандай куруу керектигин түшүндүрүп берген», – деди Дөөт.
20
Дөөт уулу Сулайманга мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, ишке кириш, коркпо, үрөйүңдү учурба. Кудай-Теңир, менин Кудайым, сени менен болот. Теңирдин үйүнө талап кылынуучу иштерди аягына чейин бүтүрмөйүнчө, Ал сенден четтебейт, сени таштабайт.
21
Кудайдын үйүндөгү ар кандай иштерди аткарууга ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин тобу даяр. Сенин дитин коюп иштеген, колунан көөрү төгүлгөн адамдарың бар. Башчылар да, эл да бардык буйруктарыңды аткарууга даяр».
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 29 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29