bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 7
1 Chronicles 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 8 →
1
Исахардын уулдары: Пуя, Тола, Жашуп жана Шимрон – төртөө.
2
Толанын уулдары: Узи, Репая, Жериел, Жахмай, Жипсам жана Шемуел. Алар Толанын уруу башчылары болушкан. Алардын урууларындагы адамдар жоокерлер эле. Алардын саны Дөөттүн убагында жыйырма эки миң алты жүзгө жеткен.
3
Узинин уулу – Жизрахия. Ал эми Жизрахиянын уулдары: Михаел, Обадия, Жоел жана Жишия – бешөө. Булардын бардыгы башчылар болгон.
4
Алардын урууларында согушка даяр турган отуз алты миң жоокери болгон. Анткени алар көп аял алгандыктан, уулдары көп болгон.
5
Алардын бир туугандары болгон Исахардын урууларындагы жоокер адамдардын санжырага киргендеринин саны сексен жети миң.
6
Бенжеминдин уулдары: Бела, Бехер жана Жедийаел – үчөө.
7
Беланын уулдары: Эспон, Узи, Узиел, Жеримот жана Ири – бешөө. Уруу башчылары жоокер адамдар болгон. Алардын санжырага киргендеринин саны жыйырма эки миң отуз төрт.
8
Бехердин уулдары: Земира, Жааш, Элиезер, Элийойнай, Омри, Жереймот, Абия, Анатот жана Алемет. Булардын баары – Бехердин уулдары.
9
Санжырасында алардын уруулары боюнча, урууларга башчылык кылган жоокер адамдары жыйырма миң эки жүз болуп катталган.
10
Жедийаелдин уулу – Билан. Биландын уулдары: Жейуш, Бенжемин, Эйут, Кенаана, Зейтан, Таршыш жана Акишакар.
11
Жедийаелдин ушул уулдары уруулардын башында турган жоокер адамдар болгон. Согушка чыга тургандары он жети миң эки жүз эле.
12
Шупим жана Хупим – Ирдин уулдары. Хушим – Ахейирдин уулу.
13
Напталынын уулдары: Жахсиел, Гуни, Жетсер жана Шалум. Булар – Биладан төрөлгөн уулдары.
14
Менашенин уулдары: Асриел жана Гилаттын атасы Махир. Буларды рамдык күң аялы төрөгөн.
15
Махир Хупим менен Шупимдин карындашына үйлөнгөн, алардын карындашынын ысымы – Мааха. Дагы башка уулунун ысымы – Салапат. Салапаттын кыздары гана болгон.
16
Махирдин аялы Мааха уул төрөп, ысымын Переш койду, анын бир тууганынын ысымы – Шереш. Анын уулдары: Улам менен Рекем.
17
Уламдын уулу – Бедан. Булар – Гилаттын уулдары. Гилат – Махирдин уулу, Махир – Менашенин уулу.
18
Анын карындашы Амолехет Ишоданы, Абиезерди жана Махланы төрөгөн.
19
Шемиттин уулдары: Ахийан, Шехем, Лики жана Аниям.
20
Эпрайымдын уулдары: Шуталах, Беред, Тахат, Элат, Тахат, Забат,
21
Шутелах, Эзер жана Элат. Эпрайымдын уулдарын Гаттын тургундары өлтүрүп салышкан, анткени алар гаттыктардын малын тартып алганы барышкан.
22
Алардын атасы Эпрайым уулдарын жоктоп, көп күн аза күттү. Бир туугандары аны соороткону келишти.
23
Анан ал өз аялына жакындады. Анын боюна бүтүп, уул төрөдү. Атасы баланын ысымын Берия койду, анткени анын үйүнө мүшкүл түшкөн эле.
24
Анын Шейера деген кызы болгон. Ал кыз төмөнкү жана жогорку Бейт-Корон менен Узейин-Шейераны курду.
25
Эпрайымдын уулу – Репай, Репайдын уулу – Решеп, Решептин уулу – Телах, Телахтын уулу – Тахан,
26
Тахандын уулу – Ладан, Ладандын уулу – Амийут, Амийуттун уулу – Элишама,
27
Элишаманын уулу – Нун, Нундун уулу – Жашыя.
28
Алар ээлеген, алар турган жерлер: Бейтел жана анын карамагындагы шаарлар; чыгыш жактагы Нааран, батыш жактагы Гезер жана анын карамагындагы шаарлар; Шекем жана анын карамагындагы шаарлар, Аза жана анын карамагындагы шаарлар.
29
Ал эми Менашенин уулдары Бейт-Шейанды жана анын карамагындагы шаарларды, Таанахты жана анын карамагындагы шаарларды, Мегидону жана анын карамагындагы шаарларды, Дорду жана анын карамагындагы шаарларды ээлешкен. Ал шаарларда Ысрайыл уулу Жусуптун уулдары жашап турушкан.
30
Ашырдын уулдары: Имна, Жишпа, Жишпи менен Берия, булардын карындашы Серак болгон.
31
Бериянын уулдары: Хебер менен Малкиел. Малкиел – Бирзайиттин атасы.
32
Хеберден Жаплет, Шомер, Хотам жана алардын карындашы Шуя төрөлдү.
33
Жаплеттин уулдары: Пасах, Бимал жана Ашбат. Булар – Жаплеттин уулдары.
34
Шемердин уулдары: Аки, Рага, Хуба жана Рам.
35
Анын бир тууганы Эйлемдин уулдары: Сопах, Имна, Шейлеш жана Амал.
36
Сопахтын уулдары: Субах, Харнепер, Шубал, Бейри, Жимра,
37
Бетсер, От, Шама, Шилша, Житран жана Бейра.
38
Жетердин уулдары: Жепун, Писпа жана Ара.
39
Уланын уулдары: Арах, Ханиел жана Ритсия.
40
Булардын баары – Ашырдын уулдары, уруу башчылары, тандалган жоокер адамдары, башкы жетекчилери. Алардын санжырасына кирген, согушка даяр жоокерлердин саны жыйырма алты миң.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29