bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 16
1 Chronicles 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 17 →
1
Алар Кудайдын келишим сандыгын алып келишип, аны Дөөт тургузган жыйын чатырынын ортосуна коюшту. Анан Кудайга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана тынчтык курмандыктарын чалышты.
2
Дөөт бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалгандан кийин, элге Кудайдын ысымынан бата берди.
3
Анан бардык ысрайылдыктарга, эркектерге жана аялдарга бирден нан, бир кесимден эт, мейиз кошулган бирден таттуу токоч таратты.
4
Ысрайылдын Кудай-Теңирин даңктап, ыр менен мактап, ыраазычылык билдирип туруш үчүн, Теңирдин келишим сандыгынын алдына лебилерди кызматка койду.
5
Асапты башчы кылып койду. Арфа чертип, лира тартып туруш үчүн, экинчи катарга Захарияны, Жейелди, Шемирамотту, Жехиелди, Мататияны, Элийапты, Бенаяны, Обейт-Эдомду жана Жейелди койду. Жез табак кагып турушу үчүн Асапты койду.
6
Ал эми ыйык кызмат кылуучулар Беная менен Жехазиелди Кудайдын келишим сандыгынын алдында дайыма сурнай тартып туруу үчүн койду.
7
Ошол күнү Дөөт биринчи жолу Асапка жана анын бир туугандарына Теңирди даңктап ырдап туруш үчүн, бул забурду тапшырды:
8
«Теңирди даңктагыла, Анын ысымын жар салгыла, Анын иштерин бүт элдерге жарыялагыла.
9
Ага ырдагыла, Аны даңктагыла, Анын бардык кереметтери жөнүндө айткыла.
10
Анын ыйык ысымы менен мактангыла. Теңирди издегендердин жүрөгү кубансын.
11
Теңирди жана Анын күчүн издегиле, Анын жүзүн тынымсыз издегиле.
12
Ысрайыл тукуму, Анын кулдары, Жакыптын уулдары, Анын тандалгандары, силер,
13
Ал жасаган кереметтерди, Анын жышаандарын жана Анын оозунан чыккан өкүмдөрүн унутпагыла.
14
Ал биздин Кудай-Теңирибиз. Анын өкүмдөрү бүт жер жүзүндө.
15
Анын келишимин, Анын муундан муунга осуят кылган сөзүн унутпагыла.
16
Ал сөз – Ыбрайымга берилген осуят, Ыскакка берилген ант.
17
Аны Жакыпка мыйзам кылып, Ысрайылга түбөлүк келишим кылып берем.
18
Ал: “Мен сага Канаан жерин мураска берем”, – деп айткан.
19
Ошол убакта алардын саны аз, өтө эле аз эле. Ал жерде алар келгин эл болуп жашап турушкан.
20
Алар бир элден бир элге, бир өлкөдөн бир өлкөгө барып жер кезишкен.
21
Бирок Ал эч кимдин аларды кордоосуна жол берген эмес, алар үчүн падышаларды ашкере кылган:
22
“Менин майлангандарыма тийбегиле, Менин пайгамбарларыма жамандык кылбагыла”.
23
Бүт жер жүзү, Теңирге ырда, Анын куткаруусун күн сайын жарыялагыла.
24
Анын даңкын бутпарастарга, кереметтерин жер жүзүндөгү бардык элдерге жарыя кылгыла.
25
Анткени Теңир улуу жана мактоого татыктуу, бардык кудайлардан коркунучтуу.
26
Анткени башка элдердин кудайлары – болбогон нерсе. Ал эми Теңир асманды жараткан.
27
Даңк менен улуулук Анын алдында, кудурет жана кубаныч Ал турган жерде.
28
Бүт элдер, Теңирге Өзүнө тиешелүүсүн бергиле, Теңирди даңктагыла жана урматтагыла.
29
Теңирди даңктагыла, Анын ысымын даңазалагыла. Тартуу алып, Анын алдына баргыла, Ага Өзүнүн ыйык жайында табынгыла.
30
Бүт жер жүзү, Анын алдында титире, анткени Ал ааламды негиздеген, ал солк этпейт.
31
Асман кубансын, жер шаттансын, элдер: “Теңир падышачылык кылып жатат!” – дешсин.
32
Деңиз шарпылдасын, анын ичиндегилер кубансын. Талаа жана андагы бардык нерселер кубансын.
33
Токойдогу дарактардын бардыгы Теңирдин алдында кубанышсын, анткени Теңир жерди соттогону келе жатат.
34
Теңирди даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.
35
“Кудайыбыз, Куткаруучубуз, бизди куткар! Бизди чогулт, бизди башка элдерден куткар, биз Сенин ыйык ысымыңды даңктайлы, Сенин даңкың менен мактаналы!” – дегиле.
36
Ысрайылдын Кудай-Теңири кылымдан кылымга даңкталсын!» Ошондо бүт эл: «Оомийин! Теңирди даңктагыла!» – деди.
37
Келишим сандыгынын алдында дайыма, ар күнү кызмат кылып туруш үчүн, Асапты жана анын бир туугандарын Дөөт ошол жерге калтырды.
38
Обейт-Эдомду жана анын бир туугандарын, алтымыш сегиз адамды калтырды. Жедутундун уулу Обейт-Эдомду жана Хосаны дарбазачы кылып койду.
39
Ал эми ыйык кызмат кылуучу Садок менен анын ыйык кызмат кылуучу бир туугандарын Гибон дөңсөөсүндөгү Кудай үйүнүн алдына,
40
курмандык чалынуучу жайда дайыма, ар күнү эртең менен жана кечинде Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөп туруу үчүн, Теңирдин Ысрайылга берген мыйзамында жазылгандын бардыгын аткарып туруш үчүн койду.
41
Алар менен бирге Эйманды, Жедутунду жана Теңирди даңктап туруш үчүн, аттары аталып, атайы дайындалган дагы башка тандалган адамдарды койду, анткени Теңирдин ырайымы кылымдардан кылымдарга!
42
Алардын алдында Эйман менен Жедутун сурнай тартып, жез табак кагып, ар түрдүү күү аспаптарды чертип, Кудайды даңктап турушту. Ал эми Жедутундун уулдарын дарбазанын алдына койду.
43
Ошондон кийин бардык эл, ар ким өз үйүнө кайтты. Дөөт да өз үй-бүлөсүнө бата бериш үчүн кайтып келди.
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 17 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29