bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 17
1 Chronicles 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 18 →
1
Дөөт өз үйүндө жашап турганда, Натан пайгамбарга: «Мен кедр жыгачынан салынган үйдө турам, ал эми Теңирдин келишим сандыгы чатырдын астында турат», – деди.
2
Натан Дөөткө: «Жүрөгүңдө эмне болсо, ошонун баарын жаса, анткени Кудай сени менен», – деди.
3
Бирок ошол түнү Натанга Кудайдан мындай сөз болду:
4
«Бар, Менин кулум Дөөткө айт: Теңир мындай дейт: “Мен жашай турган үйдү сен курбайсың.
5
Анткени Мен Ысрайыл уулдарын алып чыккан күндөн бүгүнкү күнгө чейин үйдө жашаган жокмун, чатырдан чатырга, турак жайдан турак жайга көчүп жүрдүм.
6
Бүткүл Ысрайыл уулдары менен кайсы гана жерде жүрбөйүн, Менин элим Ысрайылды кайтарууга Өзүм дайындаган Ысрайылдын уруусуна: "Эмне үчүн Мага кедрден үй куруп бербейсиңер?" – деп айттым беле?”
7
Азыр Менин кулум Дөөткө: Себайот Теңир мындай дейт дегин: “Менин элим Ысрайылга жол башчы болушуң үчүн, Мен сени кой короодон алгам.
8
Сен кайда барсаң да, бардык жерде сени менен болдум, сенин алдыңда бардык душмандарыңды кырдым. Сенин атыңды чыгарып, жер үстүндөгү улуу адамдар сыяктуу даңктуу кылдым.
9
Мен Өзүмдүн элим Ысрайыл үчүн жер даярдайм, аны жайгаштырам, ал өз жеринде бейпил жашайт, ошондон кийин эч ким анын тынчын албайт,
10
Өз элим Ысрайылга башкаруучуларды койгон күндөн тартып, кара ниет адамдар аларды кысымга алып келишкен, мындан ары андай болбойт. Мен сенин душмандарыңдын баарын моюн сундурам. Теңир сенин үйүңдү Өзү тургузарын сага кабарлайм.
11
Күнүң бүтүп, ата-бабаларың жаткан жайга кеткениңде, сенин ордуңа Мен сенин тукумуңду, уулдарыңдын бирин коём, анын падышачылыгын бекемдейм.
12
Ал Мага үй тургузат, Мен анын тагын түбөлүккө бекемдейм.
13
Мен ага Ата болом, ал Мага уул болот. Сенден мурунку падышаны Өз ырайымымдан ажыраткандай, аны Өз ырайымымдан ажыратпайм.
14
Мен аны Өз үйүмө жана Өз падышачылыгыма түбөлүккө коём, анын тагы түбөлүккө бекем болот”».
15
Натан бул сөздөрдүн бардыгын, көрүнүштү толугу менен, так өзүндөй кылып, Дөөткө айтып берди.
16
Дөөт падыша келди да, Теңирдин алдына туруп, мындай деди: «Кудай-Теңирим, Сен мени ушунча көтөргүдөй, мен киммин, менин тукумум ким?
17
Бирок Сенин көзүңө бул да аз көрүндү, Кудайым. Өз кулуңдун тукумунун келечеги жөнүндө айттың, мени улуу адамдай көрдүң, Кудай-Теңир!
18
Сен Өз кулуңду ушунча көкөлөттүң, Сенин алдыңда Дөөт дагы эмне дей алат? Сен Өз кулуңду билесиң!
19
Теңир! Өз жүрөгүңө жаккан Өз кулуңа бардык улуулукту көрсөтүш үчүн, сен ушул улуу иштерди кылып жатасың.
20
Теңир! Өз кулагыбыз менен уккандарыбыз боюнча Сага тең келген эч ким жок, Сенден башка Кудай жок!
21
Жер жүзүндө Сенин элиң Ысрайылдай эл барбы?! Кун төлөп, Өзүңө эл кылып алыш үчүн, Мисирден куткарган Өз элиңдин алдында элдерди кууп чыгып, Өз ысымыңды улуу жана коркунучтуу кылыш үчүн, жер үстүндөгү жалгыз ушул элге Өзүң келгенсиң!
22
Сен Өз элиң Ысрайылды түбөлүккө Өзүңдүн элиң кылып алдың. Сен, Теңир, анын Кудайы болдуң.
23
Ошондуктан эми, оо Теңир, Өзүңдүн кулуң тууралуу жана анын тукуму тууралуу айткан сөзүңдү түбөлүккө бекемде, Өзүң айткандай кыл.
24
Сенин ысымың кылымдарга жашасын, түбөлүккө даңазалансын. “Себайот Теңир, Ысрайылдын Кудайы – Ысрайылдын үстүндө турган Кудай”, – дешсин. Сенин алдыңда Өз кулуң Дөөттүн тукуму бекем болсун.
25
Анткени Сен, менин Кудайым, Өз кулуңа анын үйүн тургузарын ачып бердиң, ошондуктан Сенин кулуң Сенин алдыңда сыйынууга батынды.
26
Теңирим, Сен Кудайсың, азыр Сен Өз кулуң тууралуу ушундай жакшы нерсени айттың.
27
Сенин алдыңда түбөлүк болушу үчүн, Өз кулуңдун тукумуна батаңды бере башта. Теңир, эгерде Сен бата берсең, анда ал түбөлүккө баталуу болот».
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29