bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 15
1 Chronicles 15
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 16 →
1
Дөөт өзүнө Дөөттүн шаарында үйлөрдү курду. Кудайдын келишим сандыгы үчүн жай камдап, ал үчүн жыйын чатырын тургузду.
2
Ошондо Дөөт: «Кудайдын келишим сандыгын лебилерден башка эч ким көтөрүүгө тийиш эмес, анткени Теңир аларды Кудайдын келишим сандыгын көтөрүүгө, Өзүнө кылымдар бою кызмат кылууга тандап алган», – деди.
3
Ал келишим сандыгы үчүн өзү даярдап койгон жерге Кудайдын келишим сандыгын алып келиш үчүн, бардык ысрайылдыктарды Иерусалимге чогултту.
4
Дөөт Арундун уулдарын жана лебилерди:
5
Каат уулдарынан Уриел башчыны жана анын бир туугандарын – жүз жыйырма кишини,
6
Мераринин уулдарынан Асая башчыны жана анын бир туугандарын – эки жүз жыйырма кишини,
7
Гейиршондун уулдарынан Жоел башчыны жана анын бир туугандарын – жүз отуз кишини,
8
Элитсапан уулдарынан Шемая башчыны жана анын бир туугандарын – эки жүз кишини,
9
Хеброн уулдарынан Элиел башчыны жана анын бир туугандарын – сексен кишини,
10
Узиелдин уулдарынан Аминадап башчыны жана анын бир туугандарын – жүз он эки кишини чакырды.
11
Дөөт ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатарды, ошондой эле лебилерди: Уриелди, Асаяны, Жоелди, Шемаяны, Элиелди жана Аминадапты чакырып алып, мындай деди:
12
«Силер, леби урууларынын башчылары, өзүңөр да, бир туугандарыңар да ыйыкталгыла. Мен даярдап койгон жерге Ысрайылдын Кудай-Теңиринин келишим сандыгын алып келгиле.
13
Анткени бул ишти мурункудай эле, силер кылбаганыңар үчүн, аны кантип алып келүүнү Теңирден сурабаганыбыз үчүн, бизди Кудай-Теңирибиз жазалады».
14
Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер Ысрайылдын Кудай-Теңиринин келишим сандыгын көтөрүп келиш үчүн ыйыкталышты.
15
Теңирдин сөзү боюнча, Муса айткандай, лебилердин уулдары Кудайдын келишим сандыгын шыргыйларынан алып, ийинге салып, көтөрүп жөнөштү.
16
Дөөт лебилердин башчыларына алардын ырчы бир туугандары музыкалык аспаптар менен, арфа чертип, лира тартып, жез табак кагып, катуу ырдап, элдин алдында турушун буйруду.
17
Лебилер Жоелдин уулу Эйманды, анын бир туугандарынан Берехиянын уулу Асапты, ал эми Мерари уулдарынан алардын бир туугандарын, Кушаянын уулу Эйтанды коюшту.
18
Алар менен кошо туугандары: Захарияны, Бенайды, Жаазиелди, Шемирамотту, Жехиелди, Унини, Элийапты, Бенаяны, Маасеяны, Мататияны, Элипейди, Микнеяны, Обейт-Эдомду жана Жейелди коюшту. Булар дарбазачылар болушкан.
19
Эйман, Асап жана Эйтан жез табактарды катуу кагышты.
20
Захария, Азиел, Шемирамот, Жехиел, Уни, Элийап, Маасея жана Беная арфа чертип, бийик үн менен ырдашты.
21
Мататия, Элипей, Микнея, Обейт-Эдом, Жейел жана Азазия болсо жоон үндүү арфа чертишти.
22
Ал эми лебилердин башчысы Кенания ырчыларды үйрөтүүчү болчу, анткени ал бул иште машыккан чебер эле.
23
Берехия менен Элкана келишим сандыгынын жанында эшик кайтаруучулар болушту.
24
Шебания, Жошапат, Натанаел, Амасай, Захария, Беная жана Элиезер ыйык кызмат кылуучулар Кудайдын келишим сандыгынын алдында сурнай тартып бара жатышты. Обейт-Эдом менен Жехия мыйзам сандыктын жанында эшик кайтаруучулар болуп турушту.
25
Ошентип, Дөөт, Ысрайыл аксакалдары жана миң башылар Теңирдин келишим сандыгын Обейт-Эдомдун үйүнөн ыр-күү менен көчүрүп келгени жөнөштү.
26
Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн лебилерге Кудай жардам берди. Ошондо жети букачарды жана жети кочкорду курмандыкка чалышты.
27
Дөөт жана келишим сандыгын көтөргөн бардык лебилер, ырчылар, музыкалык аспаптарды чертүүчүлөр менен ырчылардын башчысы Кенания зыгыр буласынан токулган кийим кийишкен. Дөөттүн үстүндө зыгыр буласынан токулган эфод да бар эле.
28
Ошентип, бүт Ысрайыл Теңирдин келишим сандыгын мүйүз менен сурнайдын, жез табактын, арфанын, лиранын коштоосу менен, салтанат менен алып киришти.
29
Теңирдин келишим сандыгы Дөөттүн шаарына киргенде, терезеден карап турган Шабулдун кызы Михал кубанычы койнуна батпай бийлеп келе жаткан Дөөт падышаны көрүп, аны жүрөгүндө кемсинтти.
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 16 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29