bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 23
1 Chronicles 23
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 24 →
1
Дөөт картайып, өмүргө тойгон соң, уулу Сулайманды Ысрайылга падыша көтөрдү.
2
Анан ысрайылдыктардын бардык төрөлөрүн, ыйык кызмат кылуучуларын, лебилерин чогултту.
3
Отуз жаштагы жана андан жогорку жаштагы лебилер эсепке алынды. Аларды бирден санап чыкканда, отуз сегиз миң адам болду.
4
Алардын ичинен Теңирдин үйүндөгү иштерге жыйырма төрт миңи дайындалды, катчылары менен башкаруучулары алты миң болду.
5
Төрт миң дарбазачы, Теңирди мактап ырдоочу төрт миң адам дайындалды, алар Кудайды даңктоо үчүн, Дөөт жасаган күү аспаптарда ойношот.
6
Дөөт аларды Лебинин уулдары Гейиршонго, Каатка жана Мерариге өздөрүнүн кызмат кезеги боюнча бөлүп берди.
7
Гейиршон уулдарынан Ладан менен Шимейди бөлүп алды.
8
Ладандын уулдары: биринчи Жехиел, Зейтам жана Жоел – үчөө.
9
Шимейдин уулдары: Шеломит, Хазиел жана Аран – үчөө. Булар – Ладан уруусунун башчылары.
10
Шимейдин башка уулдары: Жахат, Зиза, Жейуш жана Берия. Бул төртөө – Шимейдин уулдары.
11
Жахат булардын башчысы болду, Зиза – экинчиси. Жейуш менен Берия көп балалуу эмес эле, андыктан алар атасынын үй-бүлөсү менен бир эсепке киришти.
12
Кааттын уулдары: Амрам, Житсар, Хеброн жана Узиел – төртөө.
13
Амрамдын уулдары: Арун менен Муса. Арун ыйыктын ыйыгына кызмат кылууга дайындалган, ал уулдары менен Теңирдин алдында жыпар жыттуу зат түтөтүп туруу үчүн, Ага кызмат кылыш үчүн, Анын ысымын түбөлүккө даңктап туруш үчүн бөлүнгөн.
14
Ал эми Кудайдын кишиси Муса жана анын уулдары Леби тукумуна кирген.
15
Мусанын уулдары: Гейиршом менен Элиезер.
16
Гейиршомдун уулдары: биринчиси – Шебуел.
17
Элиезердин уулу: биринчиси – Рехабия. Элиезердин мындан башка уулу болгон эмес. Рехабиянын уулдары өтө көп болгон.
18
Житсардын уулдары: биринчиси – Шеломит.
19
Хеброндун уулдары: биринчиси – Жерия, экинчиси – Амария, үчүнчүсү – Жахазиел, төртүнчүсү – Жекамам.
20
Узиелдин уулдары: биринчиси – Миха, экинчиси – Жишия.
21
Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Махлинин уулдары: Элазар менен Киш.
22
Элазар дүйнөдөн өттү. Анын эркек балдары болгон эмес, кыздары эле бар болчу. Аларды өздөрүнүн бир туугандары болгон Киштин уулдары аялдыкка алышты.
23
Мушинин уулдары: Махли, Эйдер жана Жереймот – үчөө.
24
Булар – Леби уулдарынан тараган уруулар, уруу башчылар. Теңирдин үйүндө кызмат кылып турган, жыйырма жана андан жогорку жаштагы аттары аталып эсепке кирген Леби уулдары ушулар.
25
Анткени Дөөт мындай деди: «Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Өз элине бейпилдик берип, аны түбөлүккө Иерусалимге жайгаштырды.
26
Эми лебилер жыйын чатырын жана андагы кызмат кылууда колдонулуучу ар кандай буюмдарды көтөрүп жүрүшпөйт».
27
Ошондуктан Дөөттүн акыркы буйругу боюнча, жыйырма жана андан жогорку жаштагы лебилер эсепке алынды.
28
Алар Теңирдин үйүнө кызмат кылуу үчүн, короодо жана кошумча үйлөрдө, бүт ыйык жайда тазалыкты сакташ үчүн, Кудайдын үйүндөгү ар кандай кызматтарды аткарыш үчүн, алар Арун уулдарынын кол астында болушат.
29
Алар Кудайдын алдына коюлуучу нанга, нан курмандыгына алып келинген буудай унуна, ачыткысыз нандарга, бышырылган, куурулган тамактарга, алардын өлчөмү менен салмагына көз салышат.
30
Алар ар күнү эртең менен жана кечинде Теңирге ыраазычылык билдирип, Аны даңазалап турушат.
31
Ар дайым Теңирдин алдында, мыйзамда жазылгандай, ишемби сайын, ай жаңырган сайын, майрам сайын Теңирге арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөгөн учурда кызмат кылышат.
32
Алар келишим сандыгын, ыйык жайды жана Теңир үйүндө кызмат кылып жаткан өз бир туугандары болгон Арундун уулдарын кайтарышат.
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 24 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29