bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Chronicles 19
1 Chronicles 19
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 20 →
1
Ошондон кийин амондуктардын падышасы Нахаш дүйнөдөн кайтып, анын ордуна уулу падыша болду.
2
Ошондо Дөөт: «Атасынын мага кылган жакшылыгы үчүн, Нахаштын уулу Ханунга ырайым көрсөтөм», – деп айтты. Атасы өлгөн Ханунга көңүл айттырыш үчүн, Дөөт элчилерин жөнөттү. Ханунга көңүл айтыш үчүн, Дөөттүн кулдары амондуктардын жерине келишти.
3
Бирок амондуктардын төрөлөрү Ханунга: «Көңүл айтуучуларды Дөөт сага сенин атаңды сыйлагандыктан жиберди деп ойлойсуңбу? Анын кулдары сага жериңди чалгындап, карап чыгып, анан чаап алыш үчүн келип жүрүшпөсүн?» – деп айтышты.
4
Ошондо Ханун Дөөттүн кулдарын кармап алып, алардын сакалынын жарымын кырып, кийген кийимдерин белинен ылдый кесип салды, анан аларды коё берди.
5
Алар жөнөп кетишти. Бул кишилер тууралуу Дөөткө кабар жетти. Булар маскара болушкандыктан, жолунан тосуп чыгууга ал чабармандарды жөнөттү. Падыша аларга: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо тура тургула, анан кайтып келгиле», – деди.
6
Амондуктар өздөрүнүн Дөөткө жек көрүндү болуп калышканын билип, Ханун менен амондуктар Месопотамиянын Сириясынан, Мааханын Сириясынан жана Собадан майдан арабалар менен атчандарды жалдаш үчүн, бир миң талант күмүш жөнөтүштү.
7
Алар отуз эки миң майдан арабаны жана Мааха падышасын эли менен кошо жалдап алышты. Алар Мейдебанын алдына келип, кошуундарын жайланыштырышты. Амондуктар өз шаарларынан топ-топ болуп чогулушуп, майданга киришти.
8
Дөөт бул тууралуу укканда, Жойапты бардык эр жүрөк аскерлери менен кошо жөнөттү.
9
Амондуктар салгылашка киришти, алар шаар дарбазасынын алдына катар-катар турушту, ал эми келген падышалар өздөрүнчө талаада турушту.
10
Жойап өзүнүн алдынан да, артынан да салгылашарын билип, Ысрайылдын тандамал жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алып, аларды сириялыктарга каршы тизди.
11
Ал эми калган элдин бөлүгүн амондуктарга каршы катар тургузууну өз бир тууганы Абышайга тапшырды.
12
Ал мындай деди: «Эгерде сириялыктар мени жеңип бара жатса, сен мага жардамга келесиң. Эгерде амондуктар сени жеңип бара жатса, сага мен жардам берем.
13
Кайраттуу бол, өз элибиз үчүн жана Кудайыбыздын шаарлары үчүн бекем турабыз, Теңир Өзүнө жакканды кылсын».
14
Жойап өзүнүн адамдары менен сириялыктарга каршы салгылашка кирди. Алар андан качып жөнөштү.
15
Амондуктар сириялыктардын качканын көрүп, өздөрү да анын бир тууганы Абышайдан качып, шаарга киришти. Жойап Иерусалимге кайтып келди.
16
Сириялыктар өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүп, элчилерин жөнөтүп, дарыянын аркы бетиндеги сириялыктарды алып чыгышты. Ададезердин аскер башчысы Шобак аларга жол башчылык кылды.
17
Бул тууралуу Дөөткө билдиришкенде, ал бардык ысрайылдыктарды чогултуп, Иордандан өтүп, аларга келип, сириялыктарга каршы аскерин тизди. Дөөт сириялыктарга каршы салгылашка кирди, алар аны менен согушту.
18
Сириялыктар ысрайылдыктардан качып жөнөштү, Дөөт сириялыктардын жети миң майдан арабасын талкалап, кырк миң жөө аскерин жана аскер башчысы Шобакты өлтүрдү.
19
Ададезердин кулдары өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүшүп, Дөөт менен тынчтык келишим түзүп, ага баш ийип беришти. Ошондон кийин сириялыктардын амондуктарга жардам бергилери келбей калды.
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 20 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29