bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 1
Deuteronomy 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 2 →
1
Иордандын аркы өйүзүндөгү Паран менен Топелдин, Лабан менен Хатсейроттун жана Ди-Забамдын аралыгында жайгашкан Суфтун каршысындагы түзөң чөлдө Мусанын Ысрайыл элине айткан сөздөрү.
2
Хорептен Сеир тоосу аркылуу Кадеш-Барнейиге чейин он бир күндүк жол.
3
Ысрайыл элинин Мисирден чыкканына кырк жыл болгондо, он биринчи айдын биринчи күнү Теңир эмнени буйруса, ошонун бардыгын Муса Ысрайыл уулдарына айтты.
4
Муса бул мыйзамды Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду жана Эдрейдеги Аштаротто жашаган Башан падышасы Огду өлтүргөндөн кийин,
5
Иордандын аркы өйүзүндө, Маап жеринде мындай деп түшүндүрө баштады:
6
«Кудай-Теңирибиз Хорепте бизге мындай деп айткан эле: “Бул тоодо жетишерлик жашадыңар.
7
Жолго чыккыла, аморлуктар жашаган тоого, аларга коңшулаш жаткан түздүккө, тоолорго, ойдуң жерлерге, түштүк аймагына, деңиз жээгине, Канаан жерине, Лебанонго, атүгүл, улуу Эфрат дарыясына чейин баргыла.
8
Мен силердин ата-бабаларыңар Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка жана алардын укум-тукумуна берем деп убада кылган жерди силерге бердим. Барып, ал жерди мураска алгыла”.
9
Мен силерге ошол учурда: “Мен силерди өзүм жалгыз алып бара албайм.
10
Кудай-Теңириңер силерди көбөйттү. Силер азыр асмандагы жылдыздардай көбөйдүңөр.
11
Ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири силерди азыркыдан миң эсе көбөйтсүн. Ал Өзү айткандай, силерге батасын берсин.
12
Силердин кыйынчылыктарыңарды, түйшүктөрүңөрдү, чыр-чатактарыңарды өзүм жалгыз кантип көтөрөм?
13
Ар бир уруудан акылдуу, эстүү, сындан өткөн адамдарды тандап алгыла, мен аларды силерге эл башчы кылып коёюн”, – дегем.
14
Ошондо силер мага: “Жакшы нерсени айтып жатасың”, – дегенсиңер.
15
Мен силердин ар бир урууңардан акылдуу, сындан өткөн, белгилүү адамдарды алып, урууларыңарга миң башы, жүз башы, элүү башы, он башы, көзөмөлчү кылып койгом.
16
Мен ошондо силердин башкаруучуларыңарга мындай буйрук бергем: “Бир туугандарыңардын талаш-тартыштарын угуп, бир тууганыңар менен бир тууганыңардын ортосунда, бир тууганыңар менен келгиндин ортосунда адилет сот жүргүзгүлө.
17
Сот ишинде бет карамалык кылбагыла, чоң-кичине дебей, бирдей уга билгиле. Эч кимден коркпогула, анткени сот жүргүзүү – Кудайдын иши. Силер үчүн оор болгон ишти мага айткыла, аны мен угайын”.
18
Мен ошондо силерге аткарышыңар керек болгон бардык ишиңер жөнүндө буйрук бергем.
19
Ошентип, биз Кудай-Теңирибиз буйругандай, Хорептен чыгып, аморлуктардын тоосун көздөй, силер көргөн ушул эбегейсиз чоң, коркунучтуу чөлдү басып, Кадеш-Барнейиге келдик.
20
Ошондо мен силерге мындай дегем: “Силер Кудай-Теңирибиз берип жаткан аморлуктардын тоосуна келдиңер.
21
Кудай-Теңириң бул жерди сага берди, ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири айткандай, бар да, ал жерди ээлеп ал. Коркпо да үрөйүңдү учурба”.
22
Бирок баарыңар мага келип: “Ал жерди байкап келе турган, биз жүрө турган жолдорду, биз бара турган шаарларды көрүп, алар тууралуу маалымат алып келе турган адамдарды өзүбүздөн мурда жөнөтөлү”, – дегенсиңер.
23
Бул сөз мага жагып, ар бир уруудан бирден адам – он эки адам тандагам.
24
Алар жөнөп кетишти. Тоого чыгып, Эшкол өрөөнүнө барып, ал жерди карап чыгышты.
25
Ал жердин түшүмүнөн бизге алып келишти. Маалымат беришти да: “Кудай-Теңирибиз бизге берип жаткан жер жакшы жер экен”, – деп айтышты.
26
Бирок силер баргыңар келбей, Кудай-Теңириңердин буйругуна каршы болдуңар.
27
Чатырларыңарда отуруп алып, минтип наалыдыңар: “Теңир бизди жек көргөндүктөн, аморлуктардын колуна салып берип, кырып салуу үчүн, Мисир жеринен алып чыгыптыр.
28
Эми биз кайда барабыз? Бир туугандарыбыз жүрөктү түшүрүп: «Ал эл бизден көп да, чоң да экен. Алардын шаарлары чоң, бийик дубалдар менен курчалган экен. Биз ал жерден Анактын алп уулдарын да көрдүк», – дешти”.
29
Ошондо мен силерге мындай дегем: “Жүрөгүңөр түшпөсүн, алардан коркпогула.
30
Кудай-Теңириңер силердин алдыңарда бара жатат. Анын Мисир жеринде силер үчүн кандай күрөшкөнүн көрдүңөр, эми да так ошондой күрөшөт.
31
Сен чөлдөн бул жерге жеткенге чейин, жолду катар Кудай-Теңириң сени атасы баласын көтөргөндөй көтөрүп келгенин көрдүң”.
32
Бирок силер ошондо да Кудай-Теңириңерге ишенген жоксуңар.
33
Ал силерге токтогонго жай таап, түн ичинде от болуп, күндүз булут болуп жол көрсөтүп, силердин алдыңарда жүрдү.
34
Теңир силердин сөздөрүңөрдү укканда, каарданып, мындай деп ант берген:
35
“Мен силердин ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган жер соорусун бул элдин ичинен, бул ниети жаман тукумдун ичинен эч ким көрбөйт.
36
Аны Жепундун уулу Калеп гана көрөт. Теңирге баш ийгендиги үчүн, басып өткөн жерин ага жана балдарына берем”.
37
Силердин айыңардан Теңир мага да каарданып, мындай деди: “Ал жерге сен да кирбейсиң.
38
Ал жерге сенин жаныңдагы Нундун уулу Жашыя кирет. Аны дайында, анткени ал Ысрайылды ошол жерди ээлеткени алып барат.
39
Ал жерге душманга олжо болуп калат деген балдарыңар, жаман-жакшыны ажырата билбеген уулдарыңар барат. Ал жерди аларга берем, ал жерди ошолор ээлешет.
40
Силер болсо артыңарга кайрылып, Кызыл деңизди карай кеткен жол менен чөлгө жөнөгүлө”.
41
Ошондо силер мага: “Биз Теңирдин алдында күнөөгө баттык, Кудай-Теңирибиз бизге буйругандай, барабыз да салгылашабыз”, – деп, ар кимиңер согуш куралын асындыңар, тоого чыкканды оңой көрдүңөр.
42
Бирок Теңир мага мындай деди: “Аларга мындай деп айт: «Тоого чыкпагыла, салгылашпагыла, анткени Мен силер менен болбойм, душманыңар силерди кыйратып салат»”.
43
Мен силерге айткам, бирок силер мени укпай, Теңирдин буйругуна каршы чыктыңар, өжөрлүк кылып тоого чыктыңар.
44
Ошондо ошол тоодо жашаган аморлуктар силерге каршы чыгып, силерди Сеир тоосунан Хорманын өзүнө чейин аары талагандай артыңардан кууп барып талкалады.
45
Силер кайрылып келип, Теңирдин алдында ыйладыңар, бирок Теңир силердин ыйыңарды уккан жок, силерге көңүл бурган жок.
46
Ошентип, силер Кадеште көп убакыт туруп калдыңар.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34