bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 21
Deuteronomy 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 22 →
1
Эгерде Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерде талаадан ким өлтүргөнү белгисиз адам табылса,
2
анда аксакалдар менен башкаруучулар барып, өлтүрүлгөн кишинин тегерегиндеги шаарларга чейинки аралыкты өлчөп чыгышсын.
3
Өлтүрүлгөн кишиге жакын жайгашкан шаардын аксакалдары мойнуна моюнтурук салына элек, жумушка чегиле элек кунажынды алып келишсин.
4
Ал шаардын аксакалдары ал кунажынды айдалбаган, үрөн себилбеген ээн талаага жетелеп барып, ошол жерде союшсун.
5
Ал жерге Лебинин ыйык кызмат кылуучу уулдары келишсин.
6
Өлтүрүлгөн кишиге жакын жайгашкан шаардын бардык аксакалдары талаада союлган, мойну сындырылган кунажындын үстүнө колдорун жуушсун.
7
Анан мындай деп жарыялашсын: “Бул канды биздин колубуз төккөн жок жана биздин көзүбүз көргөн жок.
8
Теңир, Өзүң куткарып алган Ысрайыл элиңди тазала. Айыпсыз бирөөнүн канын Өз элиң Ысрайылдын мойнуна жүктөбө”. Ошондо алар төгүлгөн кандын кунунан кутулушат.
9
Теңирдин алдында ак ниет жана адилет болгуң келсе, айыпсыздын канын өзүңдөн ушундай кылып жуушуң керек.
10
Душмандарыңа каршы согушка чыкканыңда, Кудай-Теңириң аларды сенин колуңа салып берип, аларды туткунга алганыңда,
11
туткундардын арасынан сулуу аялды көрүп жактырып калып, аны алгың келсе,
12
анда аны үйүңө алып кел. Ал чачын кырдырып, тырмактарын алсын.
13
Туткунга түшкөндөгү кийимдерин чечип, сенин үйүңдө жашап калсын. Анан бир ай бою атасы менен энесин жоктоп ыйласын. Ошондон кийин гана сен ага жакындап, күйөөсү боло аласың, ал сенин аялың болуп калат.
14
Эгерде ошондон кийин ал сага жакпай калса, каалаган жагына коё бер, бирок күмүшкө сатпа, күң кылып салба, себеби сен ага зордук менен жакындагансың.
15
Кимдин эки аялы болсо, алардын бири сүйгөн аялы, экинчиси сүйбөгөн аялы болсо, сүйгөн аялы да, сүйбөгөн аялы да ага эркек балдарды төрөп беришсе, тун уулу сүйбөгөн аялынан болсо,
16
анда ал өз уулдарына энчи бөлүштүргөндө, сүйбөгөн аялынын тун уулунун алдында сүйгөн аялынын уулуна тунгучтукту бере албайт.
17
Бирок сүйбөгөн аялы төрөгөн уулду тун уулум деп эсептеп, колунда болгон мал-мүлкүнөн ага сүйгөн аялынын тун уулуна бергенинен эки эсе көп берсин, анткени ал – анын күч-кубатынын башаты, туну.
18
Кимдин уулу ээнбаш, тентек чыкса, атасынын да, энесинин да тилин албаса, алар аны жазаласа да тил албаса,
19
анда атасы менен энеси аны кармап, шаар аксакалдарына, дарбаза алдына алып келип,
20
өздөрүнүн шаарынын аксакалдарына мындай дешсин: “Биздин бул балабыз тентек, ээнбаш чыкты, сөзүбүздү укпайт, жатып ичер, аракеч”.
21
Ошондо шаардын эли аны таш бараңга алып өлтүрсүн. Өз ичиңен жамандыкты ушинтип жок кыл, муну ысрайылдыктар угуп, коркуп калышат.
22
Эгерде кимдир бирөө өлүмгө татыктуу күнөө кылса, аны өлтүргөндөн кийин, жыгачка асып ташта.
23
Бирок анын өлүгүн жыгачка түнөтпөй, ошол эле күнү көмүп сал, анткени жыгачка асылган ар бир адам Кудайдын алдында каргышка калган. Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди булгаба.
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34