bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 19
Deuteronomy 19
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 20 →
1
Кудай-Теңириң сага берип жаткан жердеги элдерди жок кылганда, сен алардын жерлерин ээлеп, алардын шаарларына, үйлөрүнө отурукташканыңда,
2
Кудай-Теңириң сага ээлик кылышың үчүн берип жаткан жердин ортосунан үч шаарды бөлүп кой.
3
Ошол шаарларга барчу жол салып, Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди үчкө бөл. Алар киши өлтүргөн адамдар баш калкалай турган шаарлар болот.
4
Ал шаарларга төмөнкүдөй шартта киши өлтүргөн адамдар качып барып тирүү калышат: ким мурун кас болбой туруп, өз жакынын кокусунан өлтүрүп алса,
5
ким өз жакыны менен отун кыюуга токойго барып, карагайга шилтеген балтанын башы чыгып кетип, жакынына тийип, ал өлүп калса, анда ал киши тирүү калыш үчүн, баш калкалоочу шаарлардын бирине качып барсын.
6
Эгерде ал шаарларга жол алыс болсо, кан кууган адам киши өлтүргөн адамдын артынан кууп жетип, ачууга алдырып, аны өлтүрүп койбосун. Анткени ал өлүм жазасына тартылбашы керек, себеби өлтүрүп алган адамына мурун кас болгон эмес.
7
Ошондуктан мен сага: “Yч шаарды бөлүп кой”, – деп буйрук кылып жатам.
8
Кудай-Теңириң сенин ата-бабаларыңа убада кылгандай, сенин жериңди кеңейтип, ата-бабаларыңа убада кылган жерлердин бардыгын колуңа бергенде,
9
өмүрүң өткөнчө Кудай-Теңириңди сүйүп, Анын жолунда жүрүп, мен бүгүн сага берип жаткан ушул осуяттарды аткарууга аракеттене турган болсоң, анда бул үч шаарга дагы үч шаар кошуп ал.
10
Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан жерде сенин мойнуңда кан калбас үчүн, сенин жериңде айыпсыз адамдардын каны төгүлбөсүн.
11
Ким өз жакынына кас болуп, жашырынып барып, атайылап кол салып аны өлтүрүп, баш калкалоочу шаарлардын бирине качып барса,
12
анда шаар аксакалдары аны ал шаардан алып келүүгө кишилерин жөнөтүп, аны кан кууган адамдын колуна салып беришсин, ал өлүм жазасына тартылсын.
13
Ага ырайым кылба. Ысрайылдан айыпсыздын канын жууп сал, ошондо сага жакшы болот.
14
Кудай-Теңириң сага ээлик кылышың үчүн берген, сага тийген жерде ата-бабаларың койгон жакыныңдын чегин бузба.
15
Айыпка жыгылган адамга, же кылмыш кылган адамга, же күнөө кылган адамга бир күбө жетишсиз. Иш эки же үч күбөнүн сөзү боюнча каралышы керек.
16
Ким бирөөнү кылмыш кылды деп айыптап, жалган күбө болсо,
17
анда ортосунда талаш-тартышы бар эки киши тең Теңирдин алдына, ошол убактагы ыйык кызмат кылуучулар менен башкаруучулардын алдына келсин.
18
Башкаруучулар жакшылап териштиришсин. Эгерде ал күбө өз бир тууганына жалган жалаа жапкан болсо,
19
анда өз бир тууганына ойлогон жамандыкты анын өзүнө жасагыла. Өз ичиңдеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
20
Ошондо башкалар угуп, коркуп калышат да, ошондон кийин сенин ичиңде ошондой жамандыкты кылышпайт.
21
Ага бооруң ачыбасын. Жанга жан, көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут болсун.
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 20 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34