bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 25
Deuteronomy 25
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 26 →
1
Эгерде эки адамдын ортосунда чатак болсо, алардын ишин башкаруучулар териштиришсин. Алар иши акты актап, иши караны айыпташсын.
2
Эгерде айыпкер балак алууга татыктуу болсо, анда башкаруучу өзүнүн көзүнчө андан айыбына жараша балак алдырсын.
3
Андан кырктан ашык балак алынбасын. Эгерде ашык балак алынса, сенин алдыңда бир тууганың кемсинтилген болот.
4
Эгин бастырып жаткан өгүзүңдүн оозун таңба.
5
Эгерде эки бир тууган бирге жашап, анын бири бала көрбөй өлүп калса, анда өлгөндүн аялы бөтөн кишиге турмушка чыкпасын. Кайын агасы болобу, кайын иниси болобу, аны алып, аны менен жашасын.
6
Өлгөн бир тууганынын аты Ысрайыл элинин арасынан өчпөшү үчүн, анын тун баласы өлгөн бир тууганынын баласы болуп эсептелсин.
7
Эгерде ал жесир келинин же жеңесин алгысы келбесе, жесир жеңеси же келини дарбаза алдына, аксакалдарга барып: “Кайним (кайнагам) менден баш тартып, өз бир тууганынын атын Ысрайыл арасынан өчүргөнү жатат, мени алгысы келбей жатат”, – десин.
8
Ошондо шаардын аксакалдары аны чакыртып алып, көндүрүшү керек. Эгерде ал: “Аны алгым келбейт”, – деп туруп алса,
9
анда жеңеси (келини) аксакалдардын көзүнчө ага басып барып, өтүгүн чечип алып, бетине жаба түкүрүп: “Өз бир тууганынын тукумун улантпаган кишини ушундай кылат”, – десин.
10
Ысрайылда ага “Жылаңаяктын үйү” деген ат коюшат.
11
Эркектер өз ара мушташып жатканда, биринин аялы уруп жаткандын колунан өз күйөөсүн чыгарып алыш үчүн, тигинин жан жерин кармап алса,
12
анда аялдын колун кесип сал. Ага бооруң ачыбасын.
13
Баштыгыңа эки башка салмактагы, чоң жана кичинекей тараза таштарын салба.
14
Сенин үйүңдө сыйымдуулугу эки башка, чоң жана кичине болгон эйфа болбосун.
15
Кудай-Теңир берип жаткан жерде узак өмүр сүрүшүң үчүн, тараза ташың да, эйфаң да так жана туура болсун.
16
Анткени ушундай жалган иш кылган адам Кудай-Теңириңдин алдында жийиркеничтүү.
17
Силер Мисирден чыгып келе жатканда, амалыктыктардын силерге эмне кылганын эсиңерден чыгарбагыла.
18
Ал сени жолдо кандай тосконун, чарчап-чаалыгып келе жатканыңда, Кудайдан коркпой, сенин артыңда алсырап калгандарды өлтүргөнүн эсиңден чыгарба.
19
Ошондуктан Кудай-Теңириң берип жаткан жерди ээлеп алганыңда, Кудай-Теңириң сени тегерегиңдеги бардык душмандарыңдан куткарып, сага тынчтык бергенде, амалыктыктарды жер үстүнөн жок кыл, унутпа.
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 26 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34