bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 24
Deuteronomy 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 25 →
1
Ким аял алып, анан аялынын бир жаман жагын көрүп калып, аны жактырбай калса, анда ага талак кат жазып, колуна берип, үйүнөн чыгарып жиберсин.
2
Аялы анын үйүнөн кетип, башка күйөөгө тийип алса,
3
бирок кийинки күйөөсү да аны жаман көрүп, талак кат жазып, колуна берип, үйүнөн чыгарып салса же өлүп калса,
4
анда аны коё берген биринчи күйөөсү булганып калган аялын кайра албасын, анткени бул Теңирдин алдында жийиркеничтүү. Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди булгаба.
5
Ким жакында эле үйлөнсө, анда ал согушка барбасын, анын мойнуна эч нерсе жүктөлбөсүн. Ал өз үйүндө бир жыл бош болуп, алган аялынын көңүлүн ачсын.
6
Эч ким жаргылчактын үстүнкү же астынкы ташын күрөөгө албасын, анткени ал жанды күрөөгө алган болуп калат.
7
Ким өз бир тууганы болгон Ысрайыл уулдарынын ичинен бирөөнү уурдап алып, аны кул кылып алса, же сатып жиберсе, анда андай ууруну өлтүрүш керек. Өз элиңдин ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
8
Байкагын, ыйык кызмат кылуучу лебилер үйрөткөн пес оорусу жөнүндөгү мыйзамдын баарын так аткар. Мен аларга буйруганды так аткаргыла.
9
Силер Мисирден чыгып келе жатканда, Кудай-Теңириңер Мириямды эмне кылганын эсиңерден чыгарбагыла.
10
Эгерде сен жакыныңа карызга бир нерсе берсең, анын үйүнө күрөө алыш үчүн кирбе.
11
Сыртта тура турсаң, сен карыз берген киши күрөөсүн сыртка алып чыгып берет.
12
Эгерде ал жарды болсо, анын күрөөсүн таң атканга чейин калтырба.
13
Ал өз кийими менен жатып, сага батасын бериши үчүн, күрөөсүн күн батканча кайтарып бер. Кудай-Теңириң муну сага адилеттик катары эсептейт.
14
Сенин жериңде жашаган келгиндердин же бир туугандарыңдын арасындагы жалчыны, жардыны, жакырды кысымга алба.
15
Анын акысын ошол эле күнү, күн батканча бер, анткени ал жарды, ал акыга зар болуп турат. Ал сен үчүн Теңирге зарлап жибербесин, сен күнөөкөр болуп калба.
16
Балдары үчүн атасы, атасы үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын. Өлүм жазасына ар ким өз күнөөсү үчүн тартылсын.
17
Келгин менен жетимдин ишин бурмалап соттобо, жесирдин кийимин күрөөгө алба.
18
Сен да Мисирде кул болгонуңду, ал жерден сени Теңир алып чыкканын эсиңден чыгарба. Ошон үчүн мен сага ушуларды кылууну буйруп жатам.
19
Талаадан эгин оруп, боологон бооңду унутуп калсаң, аны алууга кайрылып барба. Кудай-Теңириң бардык иштериңе батасын бериши үчүн, аны келгинге, жетимге, жесирге калтыр.
20
Зайтун дарактарыңдын жемишин жыйнаганда, калгандарын кайра терип алба. Ал келгинге, жетимге, жесирге калсын.
21
Жүзүм тергенде, калып калгандарын кайра терип алба. Ал келгинге, жетимге, жесирге калсын.
22
Өзүңдүн Мисир жеринде кул болгонуңду эсиңден чыгарба, ошондуктан мен сага ушуларды буйруп жатам.
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34