bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 33
Deuteronomy 33
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 34 →
1
Кудайдын кишиси Мусанын Ысрайыл уулдарына өлөр алдында берген батасы мындай:
2
«Теңир Синайдан келди, аларга Сеирден жаркырап көрүндү, Паран тоосунан көрүндү, сансыз ыйыктар менен келди. Анын оң жагында мыйзам оту жалындап турат.
3
Чынында, Ал Өз элин сүйөт. Анын ыйыктары Өз колунда, Сенин сөздөрүңдү угуш үчүн, алар бутуңа жыгылышты.
4
Муса бизге мыйзам берди, Жакыптын жамаатына мурас калтырды.
5
Ысрайыл уруулары менен бирге элдин башчылары чогулганда, ал Ысрайылга падыша болду.
6
Жашасын Рубейин, ал өлбөсүн, тукуму аз болбосун!»
7
Ал эми Жүйүт жөнүндө мындай деди: «Теңир, Жүйүттүн үнүн ук, аны өз элине алып кел. Ал өзүн өз колу менен коргой алсын, Сен ага душмандарына каршы күрөштө жардам бер».
8
Леби жөнүндө мындай деди: «Сенин уримиң менен тумимиң Сен Масада сынаган, Мериба суусунун боюнда Сени менен тирешкен ыйык адамыңдын үстүндө.
9
Ал атасы менен энеси жөнүндө: “Мен аларды карабайм”, – деп айтат. Ал өз бир туугандарын да тааныбайт, өз балдарын да билбейт. Анткени алар – Сенин сөзүңдү аткарган, Сенин келишимиңди сактаган лебилер.
10
Алар Жакыпка Сенин мыйзамыңды, Ысрайылга Сенин осуяттарыңды үйрөтүшөт, Сенин алдыңда жыпар жыттуу зат түтөтүп, Сага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышат.
11
Анын күч-кубатына батаңды бер, Теңир, анын иштерине ийгилик бер, анын алдында туруштук бере албашы үчүн, ага каршы чыккандардын, аны жек көргөндөрдүн белин сындыр».
12
Бенжемин жөнүндө мындай деди: «Теңир сүйгөн адам Анын алдында бейкапар жашайт, ар күнү аны Кудай калкалайт, ал Кудайдын жеринде коопсуз жашайт».
13
Жусуп жөнүндө мындай деди: «Теңир анын жерин асман байлыктары менен, шүүдүрүм менен, жердин түпкүрүндө жаткан байлыктар менен,
14
күн менен айдын астында өскөн эң жакшы жемиштер менен,
15
байыркы тоолордо, түбөлүктүү дөбөлөрдө өскөн эң сонун мөмөлөр менен,
16
жерди толтурган эң жакшы түшүм менен жалгасын. Тикенектүү бадалга Келгендин батасы Жусупка тийсин, бир туугандарынын ичинен эң жакшысына тийсин.
17
Анын күчү биринчи туулган буканыкындай, мүйүзү буйволдун мүйүзүндөй. Ал мүйүзү менен бүт элдерди жердин түбүнө чейин сүзө качырсын. Бул – Эпрайымдын түмөндөгөн тукуму, бул – Менашенин миңдеген тукуму».
18
Забулун жөнүндө мындай деди: «Өз жолуңда ойноп-күл, Забулун. Өз чатырыңда көңүл ач, Исахар.
19
Алар тоого эл чакырып, ал жерде ыраазычылык курмандыктарын чалышат, анткени алар деңиз байлыктары менен азыктанып, кумдун ичинде жаткан кенчке бөлөнүшөт».
20
Гат жөнүндө мындай деди: «Гат тукумун Таратканга даңк! Ал арстандай болуп жатат, колду да, башты да талкалайт.
21
Ал жердин жакшысын тандап алды, ошол жерде ал башчынын энчисин алып урматка бөлөндү. Ал эл башчылары менен келип, Теңирдин адилеттигин жана өкүмдөрүн Ысрайыл менен бирге ишке ашырды».
22
Дан жөнүндө мындай деди: «Башандан чуркап чыккан Дан – жаш арстан».
23
Напталы жөнүндө мындай деди: «Напталы жакшылыкка тунган, Теңирдин батасын мол алган. Деңиз менен түштүк тарап ага таандык».
24
Ашыр жөнүндө мындай деди: «Башка уулдарынын ичинен Ашырга көбүрөөк бата тийген, ал бир туугандарынын арасында кадырлуу, бутун майга малат.
25
Дарбазаларың темир менен жезден болот, байлыгың күн санап көбөйөт.
26
Булуттардын үстүндө атак-даңкы менен асмандан сага жардамга келген Ысрайылдын Кудайындай Кудай жок.
27
Сенин баш паанаң – байыркы Кудай, сени түбөлүктүү колдор коргойт. Ал сенин алдыңдан душмандарыңды кууп чыгып: “Кыргыла!” – дейт.
28
Ысрайыл коопсуз жашайт, ал жалгыз. Жакып данга бай, шарабы мол, асмандан шүүдүрүм тамчылаган жерди көрүп турат.
29
Бактылуусуң сен, Ысрайыл! Теңир сактаган сендей эл барбы? Ал сенин коргоочу калканың, даңктуу кылычың! Душмандарың сага жасакерленишет, сен алардын бийик жерлерин тебелеп-тепсейсиң».
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 34 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34